Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрели № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-сентябры № 609
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Торугарт" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды жана курулмаларды Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүүсү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды жана курулмаларды бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүп берсин.
2. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди белгиленген тартипте балансына алсын;
- өткөрүү пунктундагы керектүү кызматтык жайларды мамлекеттик контролдоочу органдарга акысыз негизде берсин;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 32 "Торугарт" контролдоо-өткөрүү пунктундагы имараттардын жана курулмалардын комплексин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
| Ө.Бабанов |