Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 183
"Торугарт" өткөрмө пунктунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүп берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзуна кошулуусу боюнча иш-чаралар планын ("Жол картасын") эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- "Торугарт" өткөрмө пунктунда жайгашкан административдик имараттарды жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин;
- "Торугарт" өткөрмө пунктунда жайгашкан административдик имараттарды жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өткөрүп берүү-өткөрүп алуу боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга алсын;
- өткөрмө пункттагы зарыл болгон кызматтык имараттарды мамлекеттик контролдоочу органдарга акысыз негизде берсин (коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдардан башкасы);
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы "Торугарт" мамлекеттик ишканасынын" деген сөздөр алып салынсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Торугарт" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды жана курулмаларды Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүүсү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 695 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы "Торугарт" мамлекеттик ишканасын пилоттук долбоор катары түзүү жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына караштуу "Торугарт" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимин белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө киргизсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |