Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № 622
"Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартиби жөнүндө жободо:
2-пункттун 3-абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу жаштар иштери боюнча департамент" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23 августундагы № 514 токтому менен бекитилген
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыктарын ыйгаруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,
комиссиянын төрагасы;
Алымкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча
министри.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Султанбекова Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаш-
тар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
Субанкулов И.Т. - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Алыгулова К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;
Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Садыков Т.С. - Академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын президенти;
Алышпаев М.У. - Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын директору;
Үсөнбаев М.А. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору;
Абыкеев Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев К.О. - Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча республикалык атайын балдар-өспүрүмдөр олимпи-
адалык резервдик мектебинин директору;
Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик (макулдашуу боюнча);
Нуракова Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигине караштуу анализ, инвестиция жана
эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын жооптуу катчысы;
Бирназаров Т.М. - кинорежиссер, продюсер, "Тазар" кинокомпаниясынын директору (макулдашуу боюнча).".
|
|