ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №242 «Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2012-жылдын 16-апрели №242

Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов