Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели № 248
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө";
- токтомдун преамбуласында "Жеңиштин 66 жылдыгын" деген сөздөр "Жеңиш күнүн жыл сайын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун биринчи абзацындагы "бөлүнсүн" деген сөз "жыл сайын кошумча белгиленсин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2, 3, 5, 6-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "төлөө" деген сөздөн мурда "жыл сайын кошумча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине" деген сөздөр "жыл сайын социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "2011-жылдын 9-майына чейин" деген сөздөр "үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тартибинде:
аталышында жана 1-пункттун биринчи абзацындагы "ардагерлерине" деген сөздөн кийин "ар жылдагы кошумча" деген сөздөр менен толукталсын;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги", "Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча "2011-жылдын" деген сөздөр жана цифралар "үстүбүздөгү жылдын" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "25" цифрасы "15" цифрасына алмаштырылсын;
3-пункттагы:
"25" цифрасы "15" цифрасына алмаштырылсын;
"(мындан ары - Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги)" деген сөздөр алып салынсын;
4-пункттагы "9" цифрасы "1" цифрасына алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|