Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 630
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2011-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка каттоого алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2011-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2011-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу ошондой эле чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка каттоого алуу боюнча иш чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуучу жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын;
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын иштөөсүн уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздасын;
- медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери боюнча жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-октябрындагы № 630 токтому менен бекитилген
Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мамыркулов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу
жөндөмдүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн инспектору (макулдашуу боюнча);
Шахнабиев М Ш - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу
башкармалыгынын башкы адиси;
Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын башчысынын орун басары - бөлүм башчы;
Аманалиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын альтернативдик кызматты өтөө бөлүмүнүн башчысы;
Кутуев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Жапар уулу Асылбек - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын альтернативдик кызматты өтөө бөлүмүнүн улук офицери;
Мамбеталиев С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын бөлүмүнүн башкы адиси.
|
|