Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын
2011-жылдын 13-октябрындагы № 631/35/10 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-февралы № 54/10/1
Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө суммаларды тегеректөө тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилөө максатында, 1 тыйын наркындагы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жана накталай эсептешүүлөрдүн бардык түрүн жүргүзүүдө андан ары пайдалануу токтотулгандыгына жана 10 жана 50 тыйын наркындагы банкноттор монеталарга алмаштырылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө суммаларды тегеректөө тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
2. 1, 10 жана 50 тыйын наркындагы банкноттор кандайдыр бир чектөөсүз бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан кабыл алынаары жана белгиленген тартипте коммерциялык банктарга өткөрүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы
И.Чудинов М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 18-февралындагы № 54/50/1 токтому менен бекитилген
1. Бул суммаларды тегеректөө тартибин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык юридикалык жана жеке жактар колдонууга тийиш.
2. Накталай эсептешүүлөр суммаларды тегеректөө менен төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- эгерде тыйын калдыгынын суммасы 1ден 5 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйын калдыгынын чоңдугу нөлгө айландырылат;
- эгерде тыйын калдыгынын суммасы 5ден 9 тыйынга чейинкини түзсө. анда тыйын калдыгынын чоңдугу 10 тыйынга чейин тегеректелет.
3. Накталай эмес эсептешүүлөр тыйын калдыгын тегеректөөсүз жүргүзүлөт.
┌────────────┬────────────────┬───────────────────────────────────────┐
│ Тегеректөө │ Тегеректөө │ Тегеректөө мисалдары │Тегеректөө тартиби
│ үчүн сумма │ тартиби ├───────────────────┬───────────────────┤
│ │ │ Тегеректегенге │ Тегеректегенден │
│ │ │ чейин │ кийин │
├────────────┼────────────────┼───────────────────┼───────────────────┤
│Ар кандай │1ден 5ке чейинки│5 сом 44 тыйын │5 сом 40 тыйын │
│сумма │тыйын нөлгө │4 сом 32 тыйын │4 сом 30 тыйын │
│ │айландырылат │155 сом 63 тыйын │155 сом 60 тыйын │
│ │ │1062 сом 71 тыйын │1062 сом 70 тыйын │
├────────────┼────────────────┼───────────────────┼───────────────────┤
│Ар кандай │5тен 9га чейинки│7 сом 46 тыйын │7 сом 50 тыйын │
│сумма │тыйын 10 тыйынга│4 сом 35 тыйын │4 сом 40 тыйын │
│ │чейин │265 сом 17 тыйын │265 сом 20 тыйын │
│ │тегеректелет │1347 сом 89 тыйын │1347 сом 90 тыйын │
└────────────┴────────────────┴───────────────────┴───────────────────┘
|
|