ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 701 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 «Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция04.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 4-ноябры № 701

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтомдун тиркемесине:

- 2-пункттагы "43" цифралары "47" цифраларына алмаштырылсын;

- 3-пункттагы "39" цифралары "37" цифраларына алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "28" цифралары "20" цифраларына алмаштырылсын;

- 5-пункттагы "43" цифралары "48" цифраларына алмаштырылсын;

- 6-пункттагы "1" цифрасы"0" цифрасына алмаштырылсын;

- 7-пункттагы "27" цифралары "29" цифраларына алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов