Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 710
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 710 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Берилген долбоордо кошумча "Ийгилик", "Эл сыймыгы", "Мекенге кызмат" (I, II жана III даражадагы) ордендерин уюштуруу сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" жана 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалынын жобосун жана баяндалышын бекитүү жөнүндө" жарлыктары менен тиешелүү түрдө "Эрдик", "Даңк", "Эне даңкы" жана "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалдары жөнүндө жоболор бекитилгендигин белгилөө керек.
Ушуга байланыштуу берилген мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай "Мекенге кызмат" ордени менен жогоруда аталган медалдар жөнүндө жободо көрсөтүлгөн адамдарды сыйлоо сунушталат, бул жобону кайталоого алып келет.
Ошондой эле мамлекетте эмгекчилердин негизги массасына моралдык дем берүү үчүн орто деңгээлдеги ордендер жок экендиги айтылган.
Ошону менен бирге орден, мамлекеттик сыйлык катары жарандарды сыйлоонун жогорку формасы, алардын мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигин, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын күчөтүүгө кошкон салымын, ошондой эле мамлекет менен элдин алдындагы ишинин башка түрлөрүн таануу болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу мамлекеттик сыйлык орто жана жогорку деңгээлде болушу мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого ылайык өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар пенсионерлерге, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ордендери менен сыйлангандарга дайындалаарын белгилөө керек.
2011-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан жогоруда аталган адамдардын пенсияларын каржылоо үчүн 254,3 млн.сом каралган, бул 2010-жылдарга салыштырганда 55 проценттен ашыкты түзөт.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча чыгымдарга алып келет.
"2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бюджеттин параметрлери так аныкталган жана мамлекеттик бюджеттин ресурстары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн реалдуу болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жараша чыгымдардын беренелери боюнча конкреттүү бөлүштүрүлгөн.
Мамлекеттик ресурстардын чектелгендигин жана бюджеттин тартыштыгынын олуттуу деңгээлин эске алганда ордендерди даярдоого жана Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алгандарга пенсияларын каржылоого кошумча каражат бөлүү азыркы учурда мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.