Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июлу № 488
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын реформалоого байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги (мындан ары - Агенттик) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Агенттикти белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
┌───────────────────────────────────────────────┐
│ Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин │
│ борбордук аппараты │
└───────────────────────┬───────────────────────┘
┌──────┬──────┬──────┬─────┬─┴─────┬──────┬──────┬───────┐
V │ V │ V │ V │ V
┌───────────┐│┌───────────┐│┌───────────┐│┌───────────┐│┌─────────────┐
│ Бишкек │││ Талас │││ Нарын │││ Баткен │││ Жалал-Абад │
│ шаардык │││ облусунун │││ облусунун │││ облусунун │││ облусунун │
│өрткө каршы│││өрткө каршы│││өрткө каршы│││өрткө каршы│││ өрткө каршы │
│мамлекеттик│││мамлекеттик│││мамлекеттик│││мамлекеттик│││ мамлекеттик │
│кызматынын │││кызматынын │││кызматынын │││кызматынын │││ кызматынын │
│башкармалы-│││башкармалы-│││башкармалы-│││башкармалы-│││ башкармалыгы│
│ гы │││ гы │││ гы │││ гы │││ │
└───────────┘│└───────────┘│└───────────┘│└───────────┘│└─────────────┘
│ │ │ │
V V V V
┌─────────────┐┌────────────┐┌────────────┐┌────────────┐
│Чүй облусунун││ Ысык-Көл ││Ош облусунун││Ош шаардык │
│ өрткө каршы ││ облусунун ││ өрткө каршы││өрткө каршы │
│ мамлекеттик ││ өрткө каршы││ мамлекеттик││ мамлекеттик│
│ кызматынын ││ мамлекеттик││ кызматынын ││ кызматынын │
│башкармалыгы ││ кызматынын ││башкармалыгы││башкармалыгы│
│ ││башкармалыгы││ ││ │
└─────────────┘└────────────┘└────────────┘└────────────┘