Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 18 февраля 2013 года № 75
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июлу № 493
"Капиталдык курулуштардын ээлеринин өрткө карата жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Капиталдык курулуштардын ээлеринин өрткө карата жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
I глава. Жалпы жоболор
II глава. Милдеттүү камсыздандыруучу тутумунун иштөөсүн камсыздоо
III глава. Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүнүн тартиби
IV глава. Камсыздалышын аныктоо, келтирилген зыянды жана
камсыздандырууну төлөп берүүнүн өлчөмдөрүн аныктоо
V глава. Корутунду жобо
Бул Мыйзам капиталдык курулуштагы өрттүн жана аны өчүрүүнүн жыйынтыгында жабырлануучулардын (үчүнчү жактардын) өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн капиталдык курулуш ээлерин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун бирдиктүү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) белгилейт.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Бул мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
Капиталдык курулуш ээси - капиталдык курулушка же капиталдык курулуштун бөлүгүнө менчик укугунда же башка бир мыйзамдуу негизде ээлик кылган жеке адамдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
Пайда табуучу - камсыздандыруу келишими пайдасына түзүлгөн адам;
Милдеттүү камсыздандыруу келишими - камсыздандыруучу келишимде көрсөтүлгөн окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо жабырлануучуга ал окуянын (кырсыктын) кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө болгон зыяндын ордун толтурууга (камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү) келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чегинде, келишимде шартталган төлөмдү (камсыздандыруу сыйакысын) берүүчү камсыздандыруу келишими;
капиталдык курулуш - убактылуу курулуш, күркө, бастырма жана башка ушуга окшогон курулуштардан сырткаркы имарат, курулма, турак жай, турак жайга кирбеген имарат;
өрт коопсуздугунун чаралары - капиталдык курулуш ээсинин өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча, анын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруу боюнча аракеттери;
өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу - капиталдык курулуш ээсинин өрт коопсуздугунун талаптарын аткарбоосу же тиешелүү деңгээлде аткарбоосу;
көз карандысыз эксперт - жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана анын негизинде корутунду берүү үчүн милдеттүү камсыздандырууга мүчө (камсыздандыруучу, жабырлануучу, пайда табуучу) катары тартылган кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;
Көз карандысыз эксперт катары кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча өз укуктарынын чегинде ишмердикти жүргүзүүгө уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик жана менчик дарылоо мекемелери, соттук-медициналык экспертиза органдары, медициналык-санитардык эксперттик комиссия жана башка компетенттүү адамдар эсептелет;
өрттүн кооптуу факторлору - жалын жана учкун, курчаган чөйрөнүн жогорку температурасы, күйүү жана термикалык ажыроонун уулуу заттары, түтүн, кычкылтектин төмөнкү концентрациясы;
өрттү өчүрүүнү уюштуруу - адамдарды жана мүлктү өрттүн кооптуу факторлорунан куткарууга, өрттү жоюу жана авариялык-куткаруучу иштерди жүргүзүүгө багытталган ыкчам-тактикалык жана инженердик-техникалык иш-чаралардын жыйындысы;
жабырлануучу - өрт кырсыгында же өрттү өчүрүүнү уюштурууда өмүрүнө, деп соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген адам;
өрт - материалдык чыгымга тушуктуруп, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген көзөмөлдөнбөгөн өрт;
өрттүн алдын алуу жана өчүрүү кызматы боюнча өрт коопсуздугу жаагындагы алдын алуучу иш-чаралар - мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылуучу өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле өрт коопсуздугуна көзөмөл жана контроль чөйрөсүндөгү камсыздандыруучу уюмдардын катышуусу менен ишке ашуучу жана өрт чыгуу коопсуздугун төмөндөтүүгө, анын кесепеттерин азайтууга багытталган уюштуруу-укуктук жана социалдык-экономикалык иш-чаралардын системасы;
кайра талап кылуу - камсыздандыруучу уюмдун камсыздандыруу окуясында күнөөлүү болгон үчүнчү жакка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында доомат коюусу.Кайра талап кылуу укугу камсыздандыруучу уюмда жабырлануучуга зыянын төлөгөндөн кийин жана ага төлөгөн сумманын чегинде жаралат;
Камсыздандыруу сыйакысы - камсыздандыруу келишиминде белгиленген жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруу үчүн келишимде орнотулган тартипте жана мөөнөттө милдеттүү түрдө шартталган (акыны) төлөмдү төлөп берүү;
Камсыздандыруу тобокелчилиги - алдын алып болжолдонгон окуядан келип чыккан учурду камсыздандыруу жүргүзүлөт;
Камсыздандыруунун ордун толтуруу - камсыздандыруу учуру келгенде келишимде көрсөтүлгөн зыяндын ордун толтуруу үчүн камсыздандыруучу тарабынан милдеттүү түрдө төлөнүп берилүүчү сумма;
Камсыздандыруу суммасы - (жоопкерчиликтин лимити) - камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин чегинде милдеттүү болгон камсыздандыруунун ордун толтурууга төлөнүүчү сумма;
Камсыздандыруучу - камсыздандыруучу уюм менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн адам;
Камсыздандыруу уюму - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте камсыздандыруу ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксатка (лицензияга) ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга укуктуу камсыздандыруу уюму;
Камсыздандыруу учуру - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган окуя, анын болушу менен камсыздандыруучу уюм тарабынан жабырлануучуга камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү милдети пайда болот;
Камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруучу уюм тарабынан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысын аныктоодо колдонулуучу баа чендери;
Жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар.
2-берене. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынан турат.
2. Белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишим, ошондой эле жалпыга таандык эл аралык укуктардын принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун бир бөлүгү болуп эсептелет.
3-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана принциптери
1. Бул Мыйзамдын максаты капиталдык курулуштагы өрттөн жана өрттү өчүрүүдөн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууда жабырлануучунун укуктарын коргоо эсептелет.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ушул Мыйзамда белгиленген чекте жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги;
- капиталдык курулуш ээлеринин жарандык-укуктук камсыздандыруунун жана милдеттүүлүгүнүн жалпы жоопкерчилиги;
- Кыргыз Республикасынын аймагында капиталдык курулушту пайдалануунун бардык мөөнөтүндө милдеттүү камсыздандыруу аракетинин үзгүлтүксүздүгү;
- өрткө каршы коопсуздукту жогорулатууда капиталдык курулуш ээлеринин экономикалык кызыкчылыгы.
4-берене. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси жана камсыздандыруу тобокелчилиги
1. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси болуп капиталдык курулуштагы өрттүн жана аны өчүрүүнүн натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттенмесине байланыштуу капиталдык курулуш ээлеринин кызыкчылыгы эсептелет.
2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелчилигине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык-укуктук жоопкерчиликтин ишке кириши эсептелет, мында төмөнкү учурдагы жоопкерчилик жаралгандан тышкаркы учурлар кирет:
1) моралдык зыян келтирилсе же көрүлбөй калган пайданын ордун толтуруу боюнча милдеттенме жаралса;
2) айлана-чөйрө, жаратылыш булганса;
3) милдеттерин аткарууда кызматкерлердин өмүрүнө, ден соолугуна зыян келсе жана эгер бул зыяндын ордун толтуруу милдеттүү камсыздандыруунун же милдеттүү социалдык камсыздандыруунун тиешелүү түрү жөнүндөгү мыйзамга ылайык келсе;
4) жумушчуга зыян келтирилсе, жумуш берүүчүнүн чыгымдарын толтуруу боюнча милдеттендирилсе;
5) таберик жана башка сейрек кездешүүчү буюмдардын, тарыхый-маданий маанидеги имараттардын жана курулмалардын, кымбат баалуу металлдардан жасалган буюмдардын, кымбат баалуу, орточо кымбат баалуу таштардын, накталай акчалардын, баалуу кагаздардын, диний мүнөздөгү буюмдардын, ошондой эле илимий, адабият жана искусствого таандык чыгармалардын, интеллектуалдык менчиктин башка объектилери бузулса жана жок болсо;
6) бул мыйзамда каралган жоопкерчилигинин өлчөмүндө капиталдык курулуш экенин зыяндын ордун толтуруу милдеттери;
7) аскердик аракеттерден, көтөрүлүштөн, козголоңдон, элдик толкундоолордон, куралдуу түзүмдөрдүн жана террорчулардын аракеттеринен зыян келтирилсе;
8) камсыздандыруучу тарабынан өрт коопсуздугу боюнча мыйзамдарды, токтомдорду, ведомстволук жана өндүрүштүк эрежелерди, ченемдерди жана укуктук документтерди бузса.
5-берене. Милдеттүү камсыздандырууга тиешелүү болгон жарандык-укуктук жоопкерчиликтеги адамдар
1. Милдеттүү камсыздандырууга тийиш адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жеке адамдар - капиталдык курулуш ээлери болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар;
- юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн капиталдык курулуштун ээлери.
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу бардык капиталдык курулуштардын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттенме жайылтылат.
2. Капиталдык курулуштун ээлери жабырлануучулардын күнөөсү менен болгон өрттүн натыйжасынан ден соолугуна, өмүрүнө жана мүлкүнө зыян келтирилгендиги үчүн ушул мыйзамда белгиленген шартта жана тартипте өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.
3. Жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттенме жеке жактарда укуктук менчиги же капиталдык курулушка башка мыйзамдуу укугу болгондон тартып пайда болот.
4. Капиталдык курулуш ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздоо аларга таандык капиталдык курулуштардын ар бирине жүргүзүлөт.
Капиталдык курулуш ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин ыктыярдуу камсыздоосунун келишимин түзүү, капиталдык курулуштун ээлерин өрт учурундагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздоо келишимин түзүү милдетинен бошотпойт.
5. Бул мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууга кооптуу өндүрүштүк курулуштардын ээлери кирбейт. Кооптуу объектини пайдаланууда милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга байланыштуу пайда болгон мамилелер Кыргыз Республикасынын "Кооптуу өндүрүштүк объектилерди иштетүүчү ишканалардагы милдеттүү жарандык жоопкерчилик жөнүндөгү" мыйзамы менен жөнгө салынат.
2-глава
Милдеттүү камсыздандыруу системасынын иштешин камсыздоо
6-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жаагындагы мамлекеттик жөнгө
салуу жана көзөмөл
1. Камсыздандыруу уюмдарынын ишмердигин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө камсыздандыруу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул Мыйзамда белгиленген капиталдык курулуш ээлерин милдеттүү камсыздандыруу келишиминдеги милдеттердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөл төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
- өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана өрт коопсуздугун камсыздоо жаатындагы иштерди ишке ашырууда Мамлекеттик органдын көзөмөл жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндө ыйгарым укуктары бар түзүмдөр;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен келишимди мамлекеттик каттоо боюнча өрт коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын түзүмдөрү тарабынан капиталдык курулуш ээлеринин колдонуудагы мыйзамдарды сактоосуна көзөмөл жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктарын ишке ашырууда.
3. өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери жана кыймылсыз мүлктү жана келишимди мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери капиталдык курулушка ээлик кылган же ижара келишиминин негизинде пайдаланган адамдан милдеттүү камсыздандыруу келишимин көрсөтүүнү талап кылат.
4. Бул Мыйзамдын талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактар, кызматтык адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
7-берене. Маалыматтык өз ара кызматташуу
1. өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдөрү камсыздандыруу уюмуна же анын өкүлүнө, камсыздандыруучуга жана жабырлануучуга камсыздандыруу окуясы болгонун тастыктаган документти бирден нускада берет.
2. Капиталдык курулуштагы өрт жана анын кесепеттери тууралуу маалыматка ээ өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдөрү саламаттык сактоо уюмдарына, башка мамлекеттик органдарга, кызматтарга жана уюмдарга мурда текшерилгендиги жана көрүлгөн иш-чаралар боюнча маалыматтын көчүрмөсүн камсыздандыруу уюмуна камсыздандыруучу кайрылганда милдеттүү түрдө берүүсү керек.
3. Өрт болгондугу тууралуу маалыматты билген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка мекеме-уюмдар ал маалыматты камсыздандыруу уюмуна, камсыздандыруучуга, жабырлануучуга же алардын мураскорлоруна алар кайрылгандан тартып он күндүн аралыгында берүүгө милдеттүү.
4. Камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру болгондугу тууралуу кабарлай албаса өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү капиталдык курулуштагы өрт тууралуу тиешелүү камсыздандыруу уюмуна кабарлайт.
8-берене. Көз карандысыз эксперттер
1. Көз карандысыз эксперттер камсыздандыруучу, жабырлануучу, пайда табуучу же камсыздандыруу уюму тарабынан тараптар өз ара макулдаша албаганда, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын баасы боюнча пикир келишпестиктер болгондо тартылат.
2. Милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу жабырлануучунун, пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын баасын аныктоочу көз карандысыз эксперттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердигин жүргүзүү укугун тастыктоочу документтери болушу керек.
3. Көз карандысыз эксперттер милдеттүү камсыздандыруу менен байланыштуу жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүнүн баасын ачык, туура, калыс аныктап, камсыздандыруу уюмуна, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата адилетсиз иштерден алыс болуусу керек.
4. Көз карандысыз эксперттин укуктары:
- экспертиза өткөрүү учурунда жалдоочудан баалануучу объектиге эксперттин же болбосо анын өкүлүн кирүүсүн жана объектинин экспертиза жүргүзүүгө тийиштүү документтерди толугу менен камсыздап берүүсүн талап кылат;
- үчүнчү жактардан, мамлекеттин органдардан объектиге экспертиза жүргүзүүгө үчүн керек болгон маалыматты жазуу түрүндө сурап алууга, мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сырдан башкасын;
- макулдашуунун негизинде зарылчылык болсо экспертиза жүргүзүүгө ошол объектиде иштебеген, объектинин ээси менен туугандык же кызматтык байланышы жок, бөлөк эксперттерди же бөлөк адистерди чакырууга;
- жалдоочу тарабынан макулдашууда келтирилген шарттар бузулса, экспертиза жүргүзүлчү объект тууралуу керектүү маалыматты камсыз кылып бербесе же болбосо тиешелүү иштөө шартын түзүп бербесе объектиге экспертиза жүргүзүүдөн баш тартууга;
- иштеп жаткан эрежелердин жана стандарттардын негизинде, жалдоочу менен түзүлгөн макулдашууга ылайык өз алдынча, экспертизалоонун методдорун аныктоо.
5. Көз карандысыз эксперт милдеттүү:
- тийиштүү деңгээлде экспертиза боюнча кызматын көрсөтүүгө;
- жалдоочунун алдында бул долбоордун шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жооп берүүгө;
- жалдоочуга бул мыйзамда каралган учурларга ылайык экспертиза өткөрүүгө өз убагында катыша албастыгы жөнүндө, ошондой эле башка объективдүү баалап өткөрүүгө тоскоол болчу шарттарды кабар берүүгө;
- жалдоочудан жана экспертизанын жүрүшүндө үчүнчү тараптан алынып жаткан иш кагаздарынын сакталышына жооп берет, ошондой эле алынып жаткан иш кагаздарын бир эле убакта экспертизанын отчету менен кошо өткөрүп берүүгө;
- жалдоочунун жана объектинин ээсинин уруксатысыз экспертизанын жүрүшүндө жалдоочудан алынып жаткан маалыматты жана экспертизанын жыйынтыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандан башка конфиденциалдуу кабарды жайылтууга тыюу салынат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда отчетторго баа берүү боюнча маалыматты укук коргоо, сот жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга расмий түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптарынын тартибинде берүү;
- баалоо боюнча түзүлгөн отчеттор жана жумушчу документтер үч жылга чейин сакталат.
6. Көз карандысыз эксперттердин ишмердүүлүгүнүн Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3-глава
Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу тартиби
9-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча капиталдык курулуш
ээлеринин милдети
1. Капиталдык курулуш ээлери камсыздандыруучу катары өз эсебинен өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилик тобокелчилигин камсыздоосу керек, бул капиталдык курулуштагы өрттөн же аны өчүрүүдөн улам үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын кесепетинен болушу мүмкүн.
2. Капиталдык курулушка ээлик кылуу укугу пайда болгондо (аны менчикке сатып алуу, ошондой эле ал капиталдык объектини ажыратуу укугу менен ишеним кат алганда, чарба иштерин жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга же башка бир мыйзамдуу негизде алганда) капиталдык курулуштун ээси капиталдык курулушка менчик укугу пайда болгондо өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин түздөн-түз камсыздандырууга милдеттүү.
3. Жоопкерчилик тобокелчилиги милдеттүү же ыктыярдуу камсыздандыруу формасында камсыздандырылбаган капиталдык курулуштун ээлери, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурат.
4. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө ушул мыйзамда белгиленген талаптарды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Капиталдык курулуштун ээлери - капиталдык курулушту ижарага берген жеке жана юридикалык жактар капиталдык курулуштун ижарачысы менен капиталдык курулуштагы өрттүн кесепетинен жабырлануучуга келтирилген зыян үчүн бирдей деңгээлде толук жоопкер болот.
10-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
1. Милдеттүү камсыздандыруу капиталдык курулуш ээлери тарабынан ушул Мыйзамга ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишимин камсыздандыруу уюму менен түзүү аркылуу ишке ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө, камсыздандыруу уюму камсыздандыруучуга камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп белгиленген үлгүдөгү камсыздандыруучунун жазган арызы эсептелет.
3. Камсыздандыруу полиси милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруучу документ болуп эсептелет. Камсыздандыруу полисинин бланкы милдетүү отчет берүүчү документ болуп эсептелет.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандыруучу камсыздандыруу уюмуна төмөнкү документтерди берет:
1) Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арыз;
2) Паспорт же инсандыкты аныктаган башка документ (эгер камсыздандыруучу болуп жеке адам эсептелсе);
3) Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (эгер камсыздандыруучу болуп юридикалык жак эсептелсе);
4) Кыймылсыз мүлктү каттоочу орган тарабынан берилген капиталдык объектини каттоо жөнүндө документ (каттоо жөнүндө күбөлүк, техникалык паспорт же ошого окшош документтер);
5) Капиталдык объект башка адамга катталган учурда капиталдык курулушка ээлик кылуучу укукту тастыктаган документ (аталган капиталдык объектини ажыратуу укугу менен ишеним кат);
6) Капиталдык объектини ижаралоо келишиминин көчүрмөсү (капиталдык объектини ал капиталдык объектиге ээлик кылбаган адам (адамдар) пайдаланган учурда).
5. Милдеттүү камсыздандыруу келишими иштеген мезгилде камсыздандыруучу түзүлгөн келишим боюнча коркунуч туудура турган милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү тезинен жазуу жүзүндө камсыздандыруу уюмуна кайрылат.
6. Милдеттүү камсыздандыруу келишими токтогондо камсыздандыруу уюму камсыздандыруучуга камсыздандыруу учурларынын саны жана мүнөзү, жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрү жана алдыда турган камсыздандыруу төлөмдөрү, камсыздандыруунун узактыгы, камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндө жабырлануучунун каралып жаткан жана жөнгө салынбаган талаптары тууралуу ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу келишими иштеген учурда камсыздандыруу жөнүндө башка маалыматтарды (мындан ары - камсыздандыруу жөнүндө маалымат) берет. Камсыздандыруу жөнүндө маалымат камсыздандыруу уюму тарабынан жазуу жүзүндө бекер берилет.
7. Камсыздандыруу жөнүндө маалымат капиталдык курулуш ээлери тарабынан камсыздандыруу уюмуна кийинки мезгилдерге милдеттүү камсыздандыруу ишке ашырылганда берилет жана камсыздандыруу уюму тарабынан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысынын эсебинде эске алынат.
8. Эгер камсыздандыруу уюму камсыздандыруучунун же жабырлануучунун бул Мыйзамда каралганга салыштырмалуу абалды начарлатуучу шартта милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзсө, анда камсыздандыруу учуру болгондо камсыздандыруу уюму бул Мыйзамда белгиленген шартта камсыздандыруучунун жана жабырлануучунун алдында милдеттүү болот.
9. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруучуга эки тарап тең кол койгон камсыздандыруу полисин, камсыздандыруучуга тапшыруу тууралуу күбөлүгү менен милдеттүү камсыздандыруу эрежесин камсыздандыруу полисине жазуу аркылуу берет.
Камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисин) маанилүү шарттарына төмөнкүлөр кирет:
1) Аты, жөнү, фирмалык аталышы, камсыздандыруучунун жана камсыздандыруу уюмунун дареги;
2) Камсыздандыруу объектиси;
3) окуянын мүнөзү (өрт фактысы боюнча);
4) Камсыздандыруу аймагы;
5) Камсыздандыруу уюму алган тобокелчилик;
6) Камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) иштөө мезгили;
7) Камсыздандыруу суммасын (жоопкерчиликтин жалпы суммасы), анын ичинде:
- Жабырлануучунун (пайда табуучунун) өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик чектемеси;
- Жабырлануучунун мүлкүнө (пайда табуучунун) мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик чектемеси.
8) Камсыздандыруу сыйакысынын суммасы, төлөөчү жер жана тартиби;
9) Бериле турган датасы;
10. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруучудан милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же ушул келишимди түзүүдө берилген маалыматтардын өзгөрүлгөндүгү тууралуу билдирүү алганда милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүү киргизет. Полис шартынын бардык өзгөрүүлөрү ал иштеген мезгилдеги полистин ажырагыс бөлүгү болуп эсептеле турган полиске толуктоолорду жол-жоболоштуруу менен киргизилет.
11-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежеси
1. Бул Мыйзамда аныкталган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча тараптардын укуктары жана милдеттерин ишке ашыруу тартиби милдеттүү камсыздандыруу эрежеси менен белгиленет.
2. Милдеттүү камсыздандыруу эрежесине төмөнкүлөр кирет:
1) Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү, өзгөртүү, мөөнөтүнөн мурда токтотуу эрежеси;
2) Камсыздандыруу сыйакысын төлөө тартиби;
3) Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу учуру болгондо адамдардын аракеттеринин тизмеси;
4) Чыгымдардын ордун толтурууга жана камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүдө тийиштүү өлчөмдү аныктоо тартиби;
5) Милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаш-тартыштарды чечүү тартиби.
3. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
12-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин иш-аракети
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишими, эгер милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шартында башка эреже каралбаса, камсыздандыруучу тараптан камсыздандыруу сыйакысы төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген учурдан тартып он эки айдан ашык эмес мөөнөткө түзүлөт.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин аракети Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет, эгер мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса.
4. Камсыздандыруу төлөмүн толук көлөмдө (камсыздандыруу суммасын) жүзөгө ашырууда камсыздандыруу полиси камсыздандыруу уюму тарабынан алынып салынат. Капиталдык курулуш ээси аны андан ары пайдалануу үчүн кийинки учурга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.
13-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин иш-аракетинин токтошу
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишими төмөнкү учурларда токтотулду деп эсептелет:
1) Келишим иш-аракетинин мөөнөтүнүн бүтүшү;
2) Келишимдин мөөнөтүнөн мурда токтошу;
3) Камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандыруу төлөмүн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө жүргүзүү;
4) капиталдык курулушту андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондо;
5) келишимдин шартына ылайык камсыздандыруу сыйакысынын төлөнбөгөндө;
6) юридикалык жак жоюлган учурда;
7) капиталдык курулушка менчик укугун жоготкон учурда.
2. Милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу келишиминин мөөнөтүнө чейин токтотулушунун тартиби, шарты жана натыйжасы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык аныкталат.
14-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу уюмун өз алдынча карап тандап алуу;
2) камсыздандыруу уюмунан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин милдеттүү камсыздандыруу шарттарын түшүндүрүүсүн талап кылуу;
3) жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирген учурда анын баасын аныктоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызматын пайдалануу;
4) камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча келтирилген зыяндын өлчөмүнө карата берилген баанын жана өлчөм эсебинин жыйынтыктары менен таанышуу;
5) камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда анын көчүрмөсүн алуу;
6) милдетүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
7) камсыздандыруу тобокелдигинин төмөндөшүнө алып келүүчү кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылуу;
8) камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүдөн же анын өлчөмүнүн азайышынан камсыздандыруу уюмунун баш тарткандыгы тууралуу чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте талашуу;
9) камсыздандыруу келишими токтогондо, камсыздандыруу уюмунан камсыздандыруунун улантылышы, камсыздандыруу учурларынын саны жана мүнөзү, камсыздандыруунун төлөмдөрүн жүргүзүү жөнүндө, камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө; милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишиминин жарактуу мезгилинде жабырлануучунун, пайда табуучулардын каралуучу жана көзөмөлдөнбөгөн дооматтары жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат ала алат.
2. Камсыздандыруучунун милдети:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзөт;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө зарыл болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга берет;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу сыйакыларын белгилүү өлчөмдө, көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөөгө тийиш;
4) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандыруучуга тобокелдин өзгөрүшү жөнүндө маалымат берүүгө тийиш (капиталдык курулуштун техникалык мүнөзүнө карата өзгөрүүсү, капиталдык түзүмдү ижарага алган адамдын, капиталдык курулушту сатуудагы өзгөрүүсү);
5) болуп өткөн өрттүн натыйжасында камсыздандыруучуга зыян келтирилсе, камсыздандыруучуга камсыздандыруу учурунун келгендигин кабарлайт;
6) камсыздандыруу уюмунун өкүлүн камсыздандыруу учурларынын себептерине өз алдынча изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздоого тийиш;
7) башка камсыздандыруу уюмдары менен милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу келишимин жаңыдан түзүүдө, камсыздандыруу жөнүндө маалымат берет;
8) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактоого тийиш;
9) жабырлануучуга (пайда табуучуга) жана өрт кырсыгынын башка катышуучуларына, алардын талабы боюнча, ал капиталдык обьектинин ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө маалыматты билдирүүсү шарт;
10) өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдөрүнүн жана кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктун мамлекеттик каттоого ачылышы жөнүндөгү ыйгарым укуктуу органынын талаптары боюнча милдеттүү камсыздандыруу фактысын аныктоо үчүн камсыздоо келишиминин түн нускасын көрсөтөт.
3. Бул пунктта каралган милдет, камсыздандыруучусу жок капиталдык курулушту ижарага алган адамга да жүктөлөт.
Камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) үч күндүк иш күнүнөн кеч эмес убакытта камсыздандыруучуга (телефон, факс, электрондук почта аркылуу каттын түп нускалык билдирүүсүнөн кийинки багытта) камсыздандыруу учурлары болгондугун билдирүү;
2) өрт боюнча өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана тиешелүү органдарга (айыл-өкмөтү, медициналык тез жардам кызматына, авариялык кызмат ж.б.) тезинен кабарлоо;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздандыруучу жөнүндө ӨК кызматкерлерине жана жабырлануучуга маалымат берүү;
4) өрт учурунда болуучу зыяндарды азайтуу же жок кылуу үчүн, болуп жаткан кырдаалга жараша туура жана колдон келген чараларды көрүү, анын ичинен жабырлануучуларды куткаруу жана аларга жардам көрсөтүү;
- ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 7-пунктуна ылайык, камсыздандыруучунун талабы боюнча зарыл болгон документтерди тапшыруу;
- жабырлануучунун камсыздандырууга карата сотко арыз менен кайрылгандыгын камсыздандыруучуга тезинен билдирүү;
- Камсычдандыруучунун камсыздандыруу учуру үчүн жоопкерчиликтүү жактан регресстик талап укугуна өтүшүн камсыз кылуу;
- камсыздандыруу учурларын тастыктаган документтердин топтомун камсыздоо жана аларды камсыздандыруунун ордун толтуруу төлөмүн төлөөсү үчүн камсыздандыруучуга тапшыруу;
Милдеттүү камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген камсыздандыруучунун башка милдеттери менен каралышы мүмкүн.
15-берене. Камсыздандыруу уюмунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруу уюмунун укуктары:
- тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан алардын компетенцияларына ылайык, камсыздандыруу учурун жана андагы жабырлануучуларга келтирилген зыяндын өлчөмүн тастыктаган документтерди сурайт;
- кырдаалдардын келип чыгыш себебин аныкташ үчүн жабырлануучунун зыян тарткан же жок кылынган мүлкүн баалоону жүргүзүү;
- үчүнчү жактын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүнүн баасы үчүн жана камсыздандыруу учуру катталганда камсыздандыруу төлөмүн аныктоодо көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдалануу;
- ушул Мыйзамдын 25-статьясында каралгандай, зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликтүү жакка регресстик талапка ылайык укук берүү;
- ушул Мыйзамда каралган 4-статьянын 2-бөлүмүндө жана 26-статьянын негизинде, камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүдөн толугу менен же акырындап баш тартуу;
- камсыздандыруу уюмунун тапшырмасы боюнча пайда табуучуларга карата берилген доо талаптарды анын атынан сотто кароону өзүнө алат. Бирок камсыздандыруу уюмунун бул аракети камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү боюнча өз милдеттерин аларга берген катары бааланбайт.
1. Камсыздандыруу уюмунун милдеттери:
- кайсы гана кызыкдар жак болбосун, аны менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү;
- камсыздандыруучуну милдеттүү камсыздандыруу шарттары менен тааныштырып, милдеттүү камсыздандыруу келишиминен чыккан анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүү;
- милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин, камсыздандыруучуга камсыздандыруу полисин берүү;
- капиталдык объекттеги өрт боюнча кабарды угуу менен, аны 24 саат ичинде көрсөтүлгөн тартипте каттоо керек;
- Камсыздандыруучудан жана/же ӨК кызматкеринен билдирүү алганда, жетүү кыйын болгон алыскы аймактардан тышкары, тезинен өрт болуп жаткан жерге барып, камсыздандыруу учуру жөнүндө акт түзүү;
- камсыздандыруу учуру катталса, камсыздандыруунун ордун толтуруу ушул Мыйзамдын негизинде бекитилген тартипке ылайык, мөөнөтү көргөзүлүп жүргүзүлөт;
- Камсыздандыруунун жашырын сырын камсыздоо;
- Камсыздандыруу уюмуна жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрү жана жүргүзүлө турган камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндө, жабырлануучулардан түшкөн арыз, жабырлануучунун каралып жаткан жана жөнгө салынбаган талаптары жөнүндө жана милдеттүү камсыздандыруу келишими иштеген аралыктагы камсыздандыруу жөнүндө башка маалыматтар тууралуу жазуу түрүндө акысыз маалымат берет.
16-берене. Жабырлануучунун, пайда табуучунун укуктары
1. Жабырлануучунун, пайда табуучунун укуктары:
1) камсыздандыруу уюмуна өрттүн кесепетинен чыккан, ага камсыздандыруучу тараптан зыян алып келген камсыздандыруу учурунун болгондугу жөнүндө билдирүү;
2) Камсыздандыруу уюмунун ордуна камсыздандыруучу үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди топтоо;
3) адам өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдалануу;
4) камсыздандыруучудан келтирилген зыяндын өлчөмүнүн жана камсыздандыруунун ордун толтуруу эсебинин өлчөмүнүн жыйынтыктары жөнүндө таанышуу максатында маалымат алуу;
5) ушул Мыйзамдын шартына ылайык камсыздандыруу төлөмүн алуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартуу же анын көлөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин тартипке ылайык талашып-тартышат;
7) эгер жабырлануучу камсыздандыруунун ордун толтурууда өз укуктарын колдонууга өтсө, ал биринчи кезекте камсыздандыруучуга камсыздандыруу учуру түшкөндүгү боюнча кабарлоого милдеттүү.
17-берене. Камсыздандыруу тарифтери
1. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тарифтери, аларды колдонуу тартиби камсыздандыруучу тараптан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакыларын аныктоодо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өрт жана алардын зыяны жөнүндө катталган мамлекеттик статистикалык маалыматтын негизинде бекийт.
2. Камсыздандыруу тарифтерин өзгөртүү милдеттүү камсыздандыруу келишиминин жарактуу мезгилинде, камсыздандыруучуга учурунда төлөнгөн камсыздандыруу тарифтик төлөмүнүн негизинде камсыздандыруу сыйакыларын өзгөртүүгө түрткү боло албайт.
18-берене. Камсыздандыруу тарифтеринин базалык чени (ставкасы) жана коэффициенти
1. Камсыздандыруу тарифтери базалык ченден жана коэффициенттерден турат. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакылары камсыздандыруу тарифтеринин базалык ченине жана коэффициентине камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмүн жүргүзүү сыяктуу эсептелет.
2. Камсыздандыруу тарифтеринин базалык чендери капиталдык обьектинин тобокелдик даражасына жараша бөлүштүрүү тартибине ылайык төмөндөгүдөй бекийт:
- капиталдык курулуш түрүндө;
- капиталдык курулушту пайдалануу учурундагы зыяндын келип чыгышына жана анын потенциалдык өлчөмүнө таасир этүүчү капиталдык курулуштун ээсин тастыктаган ишмердүүлүк түрүндө.
3. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирген коэффиценттер, төмөндөгүлөрдүн негизинде бекийт:
1) турак-жайдын башка бир турак-жайга (жеке жак үчүн), мүлк жана капиталдык курулуштун турак-жай жана калк конуштарына (юридикалык жана жеке жактар үчүн) жакындашы;
2) капиталдык курулуш ээлеринин менчик өрттөн сактоо бөлүмүнүн болушу же өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен келишимдин болушу;
3) капиталдык курулуш ээлеринен камсыздандыруучуга белгилүү бир мезгилде, милдеттүү өрткө каршы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн учурунда төлөнүшү же төлөнбөй калышы;
4) өрткө каршы абалынын бааланышы;
5) кырдаалдын камсыздандыруу тобокелинин көлөмүнө олуттуу таасир эткен башка нерселер.
4-глава
Камсыздандыруу учурун, келтирилген
зыяндардын өлчөмүнүн жана камсыздандыруу
менен ордун толтуруунун аныктамасы
19-берене. Камсыздандыруу учурунун жана келтирилген зыяндын
өлчөмүнүн аныктамасы
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген, жабырлануучу тараптан тастыкталган капиталдык курулуштагы өрттүн натыйжасы, адам өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн камсыздалган капиталдык курулуш ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигинин катталышы - камсыздандыруу учуру болуп белгиленет.
2. Мүлкүнө зыян келтирилгенде, жабырлануучу камсыздандыруунун ордун толтуруу укугун колдонууга аргасыз болсо, ал камсыздандыруучуга жабыркаган мүлкүн же анын калдыктарын көрүүсү үчүн жана уюмдун көз карандысыз экспертизасына (баа) кырдаалдагы келтирилген зыяндарды түшүндүрүүсү жана мүлктүн жараксыз нерселеринин ордун толтуруудагы өлчөмүн аныктоосу үчүн жабыркоого учураган мүлкүн көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирилгенден улам жараксыз нерселердин ордун толтуруу өлчөмү төмөндөгүдөй аныкталат:
1) Жабырлануучунун мүлкүнүн толугу менен жарабай калуу учуру камсыздандыруу учуру болгон күнү мүлктүн чыныгы (базар) баасынын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган, жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликтин чектемесинин өлчөмүнөн көп эмес өлчөмдө төлөнөт. Жабыркаган мүлктү кайра оңдоого мүмкүн эместиги же мүлктүн оңдоо иштеринин акысы анын өз баасы менен бирдей же камсыздандыруу учурунун күнүнө карата анын акысын көтөрүү учуру - мүлктүн толугу менен жарактан чыгышы деп түшүндүрүлөт;
2) Жабырлануучунун мүлкү жабыркаган учуру - мүлктү камсыздандыруу учуруна чейинки абалына жеткирүү үчүн зарыл болгон чыгашанын өлчөмү. Бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчилик лимитинин коп эмес өлчөмү. Бул чыгашаларга мындан тышкары, калыбына келтирүү оңдоо иштери, иш үчүн төлөнүүчү чыгашалар үчүн, ушундай оңдоо иштерине байланышкан зарыл болгон материалдарга жана запастык бөлүмдөргө кетүүчү чыгашалар да кирет.
4. Камсыздандыруучу бузулган мүлктү карап чыгып, жабырлануучунун кайрылган күнүнөн, эгер бул мөөнөт камсыздандыруучу менен жабырлануучунун ортосунда макулдашылбаса, жети иш күнүнүн аралыгында, көз карандысыз экспертизаны (баалоого) уюштурууга милдеттүү.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими башка мөөнөттө да каралат. камсыздандыруучу бузулган мүлктү көрүп көз карандысыз экспертизаны (баалары) өткөрүүнү алыскы же калк аз жайгашкан жерлердеги татаал аймактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен уюштурууга милдеттүү. Эгер бузулган мүлктү көрүүдө жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча, камсыздандыруучу жана жабырлануучу камсыздандыруунун ордун толтуруу өлчөмү боюнча макулдашып, жараксыз мүлк боюнча көз карандысыз экспертизаны уюштурбаса (баалар). мындай экспертиза өткөрүлбөшү мүмкүн.
5. Эгер камсыздандыруучу тарабынан жүргүзүлгөн жараксыз мүлктү карап чыгуу ишинен кийин, камсыздандыруучу менен жабырлануучунун ортосунда, камсыздандыруунун ордун толтуруу өлчөмү боюнча макулдашуу жүрбөсө, камсыздандыруучу көз карандысыз экспертизаны уюштурууга милдеттүү, ал эми жабырлануучу - жараксыз мүлктү көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө алып келүүгө тийиш.
Эгер камсыздандыруучу жараксыз мүлктү карап чыкпаса жана бул статьянын 4-пунктунда каралгандай, ага көз карандысыз экспертизаны уюштуруп бербесе. жабырлануучу жараксыз мүлктү камсыздандыруучуга көрсөтүп отурбастан, өз алдынча ушундай эле экспертизага (баалоого) кайрылууга укуктуу.
6. Көз карандысыз экспертизаны өткөрүүгө төлөм, бул экспертизаны уюштурган тараптан төлөнөт. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруунун ордун толтуруунун негизинде жүргүзүлгөн көз карандысыз экспертизанын баасы, зыян чыгымынын ичине камтылат.
7. Эгер ушул статьянын талаптарына ылайык, кароого чейин же көз карандысыз экспертизанын жараксыз мүлктү баалоосуна чейин зыянга учураган мүлктү оңдоо же анын калдыктарын таштандыга ыргытуу иштери жүргүзүлсө, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча ордун толтурууга тийиш болгон камсыздандыруу учурун жана чыгымдардын өлчөмүн тактоо мүмкүн болбосо, камсыздандыруу уюму камсыздандыруу төлөмүн же анын бөлүгүн жабырлануучуга төлөөдөн баш тартып кое алат.
8. Камсыздандыруунун ордун толтурууну мыйзамсыз колдонууга багытталып, ойлонулуп түзүлгөн камсыздандыруу учуру, мындан сырткары башка көз боемчулук кыймылы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот жоопкерчилигине тартылат. Мындай учурларда камсыздандыруу полиси жараксыз деп табылып, камсыздандыруучу ага жооп бербейт.
20-берене. Капиталдык курулуштагы өрт учурунда өмүрүнө,ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген жабырлануучунун иш-аракети
Капиталдык курулуштагы өрттүн жыйынтыгынан өмүрүнө, ден соолугуна зыян келген жабырлануучу жок учурунда, өрткө катышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыздандыруучуларга болгон окуя боюнча кабарлоосу керек.
Камсыздандыруучулар өз өкүлдөрүн алынган маалыматка ылайык, өрт болгон жерге жиберүүгө милдеттүү.
21-берене. Камсыздандыруу суммасы (жоопкерчилик чектемеси)
Камсыздандыруучунун жоопкерчилиги белгиленген жоопкерчиликтин чектөөсүнөн жогору болушу мүмкүн эмес. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандыруу суммасынын өлчөмү (жоопкерчиликтин чектөөсү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
22-берене. Камсыздандыруунун ордун толтурууну (төлөөнү) ишке ашыруу шарттары
1. Камсыздандыруу уюмуна камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча талаптар жабырлануучу, пайда табуучулар тарабынан камсыздандыруунун ордун толтурууга зарыл болгон документтерге тиркелип, жазуу жүзүндө берилет.
2. Камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндөгү арызда төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) камсыздандыруу полиси (анын көчүрмөсү);
2) өрт жөнүндөгү актынын көчүрмөсү;
3) өрт болгон жерди кароо протоколунун көчүрмөсү;
4) өрт болгон жердин план-схемасынын көчүрмөсү;
5) өрттүн себеби көрсөтүлгөндүгү жөнүндөгү корутундунун көчүрмөсү;
6) дефекттик акттын көчүрмөсү же зыяндын өлчөмү жөнүндө маалымдама-кат.
3. Мүлктүн толук жок кылынышы менен - анын жарактан чыгышын эсептөөнүн анык баасы менен аныкталган өлчөмүндө, аныкталган мүлккө келтирилген зыянды, камсыздандыруу учуруна чейинки баштапкы абалына келтирүү боюнча керектүү чыгымдардын өлчөмүн жана тарткан зыянды түздөн-түз аныктай турган документтер.
4. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыян боюнча бул берененин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы документтерге кошумча:
1) мамлекеттик медициналык мекемесинен жабырлануучунун эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу токтотуу мүнөзүндөгү же мамлекеттик мекеме тарабынан атайы каралган, жабырлануучунун майыптык абалы көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымдамалар;
2) медициналык чыгымдарды (стационардык дарыланууга, дары алууга, кошумча тамактанууга, протездөөгө кеткен чыгымдар) тастыктаган документтер. Эгер жабырлануучу ушул жардамдын түрүнө муктаж болуп тургандыгы аныкталса жана аларды акысыз колдонууга укугу жок болсо;
3) жабырлануучунун эмгекке жөндөмдүүлүгүнөн ажырагандыгынан улам иштеген жеринен албай калган айлык маянасы (кирешеси) же анын бир бөлүгү көрсөтүлгөн маалымдама;
4) жабырлануучунун өлгөндүгү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн маалымдама, жабырлануучунун өлүмүнүн ордун толтуруу үчүн пайда табуучунун (мураскер) мураска алуу укугу көрсөтүлгөн документтин көчүрмөсү;
5) Жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыянды баалоо боюнча көз карандысыз экспертиза тарабынан жүргүзүлгөн документтер;
6) Камсыздандыруучудан башка кошумча документтерди, камсыздандыруучу (камсыздандырылган) же жабырлануучу тараптан талап кылууга жол берилбейт;
7) Камсыздандыруучу кабыл алган документтерге карата, арыз ээсине берилген документтердин толук тизмесин, кабыл алган күнү көрсөтүлгөн маалымдама берүүгө милдеттүү;
8) Пайда табуучу катары жабырлануучу жана ал каза болгон учурда, анын мураскерлери, ошондой эле жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурган Камсыздандыруучу эсептелет;
9) Жабырлануучунун кат түрүндөгү арызы же нотариус тараптан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты, камсыздандыруунун ордун толтурууда, анын ден соолугун жана (же) мүлкүн калыбына келтирүү боюнча кызмат көрсөткөн жакка түздөн түз каралышы мүмкүн;
10) Камсыздандыруунун ордун толтурууда камсыздандыруучу пайда табуучудан анын камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектеген шартты кабыл алуусун талап кылууга укугу жок.
23-берене. Камсыздандыруунун ордун толтуруу (төлөө) тартиби
1. Камсыздандыруучу жабырлануучунун милдеттүү камсыздандыруу эрежесинде каралган камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндөгү арызын жана ага тиркелген документтерди, 22-статьянын 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, алардын алгандан кийин отуз күн аралыгында карап чыгат. Белгиленген мөөнөт аралыгында камсыздандыруучу жабырлануучунун камсыздандыруусунун ордун толтуруп же ага мындай төлөмгө карата жүйөөлүү баш тартуу жөнөтүүгө милдеттүү.
2. Камсыздандыруунун ордун толтуруу өлчөмү пайда табуучу тараптан талашылса, камсыздандыруу уюму ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде көрсөтүлгөн жактын бири дагы талашпай тургандай тез арада камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүсү керек.
Камсыздандыруунун ордун толтуруунун (төлөөнүн) талашуучу бөлүгү, камсыздандыруучу менен жабырлануучунун, пайда табуучунун ортосунда сүйлөшүү жолу аркылуу макулдашылат. Макулдашуу өз максатына жетпеген учурда, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандай соттук тартипте чечилет.
3. Эгерде камсыздандыруу учуруна түрткөн окуянын жыйынтыгы чыккан маалында, жабырлануучунун ден соолугу начарлап (майып болуп же жогорку топтогу майыптуулук алса) же каза болуп калса, камсыздандыруучу жабырлануучу, пайда табуучу тараптан түшкөн арыздын жана ага ылайык документтердин негизинде, кошумча камсыздандыруунун ордун толтурууну (төлөөнү) жүргүзүүгө милдеттүү. Аны менен жалпы төлөм суммасы жабырлануучунун өмүрүн жана ден соолугунун ордун толтуруудагы 100% чектемеден жогору болбоого тийиш. Кошумча камсыздандыруунун ордун толтуруу ушул Мыйзамдын негизинде ишке ашат.
4. Камсыздандыруучу тараптан же сот тарабынан камсыздандыруу учуру деп табылган өрттүн кесепеттик зыяндарынын ордун толтуруу боюнча түшкөн арыздын канааттандырылышы, алардын түшкөндүгүнүн чегинде каралып, ал эми бир мезгилде бир канча арыз түшкөн учурда, төмөндөгүдөй кезекте каралат:
- биринчи кезекте жеке адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар канааттандырылат;
- экинчи кезекте жеке адамдардын мүлкүнө келтирилген зыяндын орду толтурулат;
- үчүнчү кезекте юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыяндын орду толтурулат.
24-берене. Бир нече адамга зыян келтирилгенде камсыздандыруунун ордун толтуруу (камсыздандыруу төлөмү)
1. Бир канча жабырлануучунун кайрылуусу менен, камсыздандыруу учурунда келтирилген зыяндын натыйжасындагы зыяндын өлчөмүн, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтүү чектемелеринин жогорулашындагы камсыздандыруунун ордун толтуруу, камсыздоо суммасына карата жабырлануучу талап кылган сумма менен пропорционалдуу түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтуруу милдетинен бул мыйзамда каралган учурларда жана милдеттүү камсыздандыруу (же) келишиминде каралган учурда бошотулат.
25-берене. Камсыздандыруу уюмунун регресстүү талап коюу укугу
1. Камсыздандыруу уюмуна төлөнгөн камсыздандыруунун ордун толтуруу, орду толтурулган камсыздандыруунун натыйжасында, зыян үчүн жоопкерчиликтүү болгон жакка Камсыздандыруучу (пайда табуучу) төлөнгөн сумманын чегинде укук талабына өтөт. Камсыздандыруучу ордун толтуруу менен бирдикте келтирилген зыянга, башка зыян келтирүүчүлөрдүн ар биринен келтирилген зыяндын күнөөсүнүн даражасына ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу өлчөмүндө жабырлануучуга төлөнгөн үлүшүн талап кылууга укуктуу. Күнөөнүн даражасын аныктоого мүмкүн болбой калганда, бөлүкчө үлүш деп эсептелет.
2. Камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугу эрежелерди сактоо менен, камсыздандыруучу менен (пайда табуучу) зыянга жооп берүүчүнүн ортосундагы мамилени калыпка салуу аркылуу ишке ашырылат.
3. Камсыздандыруучу (пайда табуучу) камсыздандыруу уюмуна бардык документтерди жана далилдерди өткөрүп берип, ага өткөн талап кылуу укугун маалымдоого милдеттүү.
4. Эгер камсыздандыруучу (пайда табуучу) камсыздандыруу уюму тараптан орду толтурулган зыянга жооп берүүчү жакка болгон өзүнүн талап кылуу укугунан баш тартса же бул укуктун ишке ашуусу камсыздандыруучунун (пайда табуучу) күнөөсү менен мүмкүн эмес болсо, камсыздандыруу уюму камсыздандыруу менен ордун толтуруудан толук же тиешелүү бөлүгүн төлөөдөн бошотулат жана ордун толтуруу үчүн ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарууга талап кылуу укугу болот.
26-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруунун ордун толтурууну (төлөмдү) жүргүзүүдөн бошотуунун негиздери
1. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруунун ордун толтуруудан (төлөөдөн) төмөндөгүдөй учурда баш тартат:
1) Камсыздандыруучунун, жабырлануучунун камсыздандыруу учурунун келип чыгышына же анын болушуна көмөк көрсөткөн атайын иш-аракеттеринде;
2) Камсыздандыруучунун өзүнүн, жубайынын, ата-энесинин, балдарынын, өзү менен чогуу жашаган туугандарынын мүлкүнө өзү зыян келтиргенде;
3) Моралдык зыян келтиргенде же көрүлбөй калган пайданын ордун толтуруу боюнча милдеттер пайда болгондо;
4) Камсыздандыруучу менен эмгек мамилесинин күчүндө капиталдык курулушту пайдаланган адамдардын талап коюусунда.
27-берене. Өрткө каршы милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу уюмдарынын операцияларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү
1. Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууда камсыздандыруучулар алдын алуу (эскертүү) иш-чараларынын фондун түзө алышат.
2. Алдын алуу иш-чараларынын фонду ушул Мыйзамга ылайык, капиталдык курулуш ээлеринин өрткө каршы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин камсыздандыруу сыйлыгынан 2% өлчөмүндөгү акча каражаттарынын которулуусунан түзүлөт.
3. Иш-чаралардын алдын алуу фондусунун каражаттары мамлекеттик ыйгарым укуктуу өрттүн алдын алуу жана өчүрүү органынын макулдашуусу боюнча багытталат:
1) өрттүн алдын алуу боюнча үгүт иштерин жана иш-чараларды өткөрүүгө;
2) мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде викториналарды жана сынактарды өткөрүүгө;
3) үгүт-насаат материалдарын чыгарууга (буклеттер, плакаттар, календарлар, эскерткичтер, белгилер ж.б.);
4) өрткө каршы темага арналган видеороликтерди, документалдык жана анимациялык фильмдерди тартууга жана көрсөтүүгө;
5) массалык маалымат каражаттарында мыкты адабий чыгармалардын, живопистин, көргөзмө куралдардын, фильмдердин сценарийлеринин, музыкалык чыгармалардын сынагын өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого сыйлыктарды алууга;
6) өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өрт сыноо лабораториялары, өрт-техникалык станциялары, өрт бөлүктөрү үчүн, өрт жабдууларын жана куралдарын сатып алууга жана оңдоп түзөтүүлөргө;
7) Кыргыз Республикасынын өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өрт бөлүктөрүндөгү өрт автотранспортторуна оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө жана аларга өрт техникалык куралдарын жана запастык бөлүктөрүн сатып алууга;
4. Иш-чараларды алдын алуу фондусунун каражаттарын максатсыз пайдаланууга жол берилбейт.
5-глава
Корутунду жобо
28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө
1. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн алты айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргызстанда жыл сайын 3000ден ашык өрт кырсыгы катталып, анын жалпы чыгымы 1,5 миллиард сомду түзөт. Өрттүн 60%дан ашыгы турак үйлөрдө катталып, анын натыйжасында жүздөгөн үй-бүлөлөр үйсүз калууда. Ушуга байланыштуу жыл сайын бийлик органдарына өрт кырсыгынын кесепетинен улам материалдык жардам сурап жүздөгөн кайрылуу каттары келип түшөт. Ушундай эле өтүнүчтөр менен бизнеси өрт кырсыгынан жабыр тарткан ишкерлер да кайрылат. Мамлекет бюджет тартыштыгынан улам өрттөн жабыр тарткан жарандардын, ишкерлердин баарына эле жардам бере албайт.
Иштелип чыккан мыйзамдын бул долбоору өрткө каршы милдеттүү камсыздандыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт. Өрткө каршы милдеттүү камсыздандыруу жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө өрттөн жана аны өчүрүүдөн тарткан зыяндын ордун толтурууга болгон укугун коргоо максатында жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө бул маселе КМШнын көптөгөн өлкөлөрүндө каралып, анын чечүүнүн жолдору иштелүүдө жана Россия Федерациясында мындай мыйзам РФ Өкмөтүнүн кароосунда экенин кошумчалай кетели. РФ өрткө каршы кызматынын потенциалы жана техникалык камсыздоосу Кыргыз Республикасына караганда бир кыйла жогору экенине карабай жогоркудай кадамга барышууда. Европа өлкөлөрүндө өрткө каршы камсыздандыруу практикасы мурунтадан эле бар жана алардын тажрыйбасы өрттөн улам болгон зыяндын ордун толтуруу маселесинин иштиктүүлүгүн көрүнөө көрсөтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана курулуп бүткөн объектилерди пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун чыгышы менен Мамлекеттик өрткө каршы кызматы куруу иштери бүткөн объектилерди пайдаланууга берүү жана өрт коопсуздугу тармагындагы документтерди макулдашуу боюнча жумушчу жана мамлекеттик комиссияларга мүчөлүккө кирбей калган, бул өлкөбүздөгү олуттуу өрт коркунучун жаратышы мүмкүн.
Ошондой эле акыркы учурларда Республикада ишкердик субъектилерин текшерүүнү бардык жактан чектөөчү ченемдик документтер киргизилди. Мындай аракет өлкөбүздөгү бизнести өнүктүрүү максатында түзүлгөн жана өрткө каршы милдеттүү камсыздандыруу ага кошумча көмөк болмокчу. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү ишкердин мойнуна түшкөн оор жүк катары карабашыбыз керек, Россия Федерациясындагы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн орточо эсебин алсак бир чарчы метр үчүн 50 тыйындан (75 тыйын) ашпайт; Мындай эсептен алганда 3 бөлмөлүү квартиранын орточо статистикалык бир жылдык төгүмү 500 сомдон ашпайт, ага ылайык 100 метр квадрат жалпы аянтындагы орточо бизнес 1000 сом төлөйт. Кокус өрт чыгып кетсе алар 600 миң сомдон ашык камсыздандырууну ала алмакчы.
Кыргыз Республикасынын "Өрт чыкканда капиталдык курулуштардын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын сайттарына коомчулуктун талкуусунан өткөрүү максатында жайгаштырылган. Жогоруда айтылган сайттарда Мыйзам долбоору жайгашкандан бери сунуштар жана сын пикирлер түшкөн жок.
Аягында өрт - бул тилсиз жоо, андан толук коргонууга мүмкүн эмес жана мамлекет Кыргыз Республикасынын жараны бул кырсыктан чыгып кетишине көмөк көрсөткөн мыйзамдарды кароосу керек экенин белгилейбиз.
Ушул мыйзам долбоору кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү талап кылынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Камсыздандыруу тарифтерин бекитүү" токтому кабыл алынышы керектелет.
Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда төмөнкү нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүсү талап кылынат:
- Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик" кодексине;
- Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу" мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк "Өрт коопсуздугу боюнча Агенттигинин жобосун бекитүү "тууралуу" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жобосун бекитүү тууралу" токтомуна.
Мындан сырткары төмөнкү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун кабыл алуусу күтүлөт:
- Камсыздоо тарифтерин бекитүүсү боюнча;
- Көз карандысыз серепчилердин иш алып баруу жобосун бекитүү жөнүндө;
- Милдеттүү камсыздандыруу тартибин бекитүү жөнүндө.