Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-февралы №121
"Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Курулуш чөйрөсүндө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу багытында курулуш чөйрөсүндөгү уруксат берүү системасын андан ары оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-бөлүмүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Шаар түзүүчү объекттер - конуш жайгаштыруу системасында, шаардын пландоо структурасында, калктуу конуштарда архитектуралык-пландоо жана мейкиндиктик композициянын мурдатан бар жана курууга белгиленген объекттери.
Курулуштун өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттери - долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык сызыктуу эмес параметрлер эске алынган стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулчу капиталдык курулуш объекттери.";
- 2-бөлүмдүн 2.3-пунктунун "а" жана "в" пунктчаларындагы "чейинки" деген сөздөр "ашпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүмдүн 3.2-пункту "жана анын аймактык органдары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле белгиленген тартипте аккредиттелген эксперттик уюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүмдүн 4.4-пунктунун "а" пунктчасындагы "("а", "б", "в", "г", "д" пунктчаларында)" деген сөздөр "("а", "б", "в", "г", пунктчаларында)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-бөлүмдө:
5.2-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) көлөмдүк-пландык чечилиши менен эскиз сунуш (кагаз же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт).
Эскиз сунушка инженердик тармакка талап кылынган жүктөмдүн эсеби тиркелет (аны аныктоо мүмкүн болсо) же инженердик камсыздоонун альтернативдик чечими көрсөтүлөт.
Реконструкцияланчу, профили өзгөртүлчү же кайра пландаштырылчу объекттер боюнча инженердик камсыздоосу бар экени жана болуп жаткан керектөө канча экени көрсөтүлөт;";
5.6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.6. Объектти куруу жөнүндө берилген арыздын шаар куруу документтеринин талаптарына жана Имарат куруу жана жер пайдалануу эрежелерине ылайыктыгын аныктоодо Жобонун 5.5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир күндөн кечиктирбестен аймактык архитектура жана курулуш органы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, өрткө каршы кызматтын жана айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу органдарына корутунду алуу үчүн жиберүүгө милдеттүү.
Аймактык архитектура жана курулуш органы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү түрдө:
- электр менен камсыздоочу;
- суу жана канализация менен камсыздоочу;
- инженердик-техникалык кызматтарга жиберет.
Объектти долбоорлоо үчүн архитектуралык-пландоо шарттарын даярдоо жана объектти курууга уруксат берүү үчүн жылуулук жана газ менен камсыздачу инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
Арыз ээси кайрылганда аймактык архитектура жана курулуш органы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жылуулук жана газ менен камсыздачу инженердик-техникалык тармактарга кошулуу мүмкүндүгү жөнүндө техникалык шарттарды алуу үчүн жиберет (бар болсо).
Эскертүү:
- ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талаптар объекттин функциялык арналышына жараша зарыл учурларда жиберилет;
- жүктөмдү көбөйтүү каралбаган объекттер үчүн же инженердик камсыздоо долбоордо альтернативдүү чечилген учурда тийиштүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.";
5.12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Архитектура-шаар куруу кеңешине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү милдеттүү түрдө кирет.";
5.13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.13. Архитектура-шаар куруу кеңеши баарын камтыган толук пландоо долбоорунда же имарат куруу долбоорунда каралгандан башка, шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо маселесин кароого укуктуу.
Мындай учурда объектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын даярдоо жана берүү үчүн жогоруда аталган объекттер боюнча арыз жана ага тиркелген документтер Архитектура-шаар куруу кеңешинде ушул Жобонун 5.4-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө каралат.";
- 6-бөлүмдө:
6.4-пункттун "в" жана "г" пунктчалары күчүн жоготту деп эсептелсин;
6.10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Долбоордук документтерин милдеттүү экспертизалоо талап кылынбаган объекттер боюнча аймактык архитектура жана курулуш органы документтердин жогоруда айтылган тизмесин жана макулдашылган долбоордук документтерди объектти курууга уруксат берүү үчүн мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына жиберет.";
- 7-бөлүмдүн 7.3-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы:
"чейин" деген сөздөр "ашпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-бөлүмдө:
8.1-пункттун "б" жана "в" пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
8.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: курулушка уруксатта объектти тийиштүү жоопкерчилик деңгээлиндеги лицензиялуу уюмдун куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт (иштин бул түрү лицензияланган учурда).
Объекттин категориясына жараша курулуштун уруксатына Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органдарынын курулуштун аяктаган негизги этаптары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн графиги тиркелет жана ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Курулуштун уруксатын арыз ээсине берүү үчүн Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органы аны арызды кабыл алган аймактык архитектура жана курулуш органына жиберет.";
- 9-бөлүмдө:
9.1-пункттагы "пайдаланууга кабыл алуу объекттин менчик ээси тарабынан жүргүзүлүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
9.6-пункттун экинчи абзацындагы ", ошондой эле өрткө каршы күзөттүн жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын (зарыл учурда) өкүлү" деген сөздөр алып салынсын;
бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 9.10-пункт менен толукталсын:
"9.10. Аймактык архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эксплуатацияга кабыл алынган объекттер жөнүндө маалыматты, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун аймактык органына кыймылсыз мүлк объекттериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ай сайын жиберип турат.";
- Жобонун 3-тиркемесинин 1.1 жана 1.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Аракеттердин удаалаштыгы | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (иш күндөр менен) | Жыйынтык документ | Эскертүү |
1.1 | Корутунду жана инженердик- техникалык шартты алууга арыз | Арыз: - жайга укукту аныктачу жана укуктук ырастачу документтер (техпаспорт) - пландоо схемасы | Архитектура жана курулуш органдары | 3 | Объектти куруу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутунду, ыйгарым укуктуу органдарга ТШ жана корутунду алууга арыз |
|
»;
«
1.3 | Корутунду жана ИТШ берүү | ТШ | Архитектура жана курулуш органдары | 5 | Объектти куруу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду жана ИТШ |
|
";
- Жобонун № 4 тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"№ 4 СХЕМА Турак жана турак эмес жайларды профилин өзгөртүү, кайра пландаштыруу объекттери боюнча уруксат документтерди берүү тартиби жөнүндө (көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн)
№ | Аракеттердин удаалаштыгы | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (иш күнү менен) | Жыйынтык документ | Эскертүү |
1.1 | Профилин өзгөртүүгө же өзгөртүп пландаштырууга уруксат алуу үчүн арыз | Арыз: - жайга укукту аныктачу жана укукту ырастачу документтер (техпаспорт) - пландоо схемасы | Архитектура жана курулуш органдары | 5 | Профилин өзгөртүүгө же өзгөртүп пландаштырууга мүмкүндүк жөнүндө корутунду жана пландоонун макулдашылган схемасы |
|
1.2 | Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | Пландоонун макулдашылган схемасы жана (же) профилин өзгөртүүгө же өзгөртүп пландаштырууга уруксат | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоочу жергиликтүү орган | 10 | Техникалык паспорт |
|
Эскертүү: Пландоонун макулдашылган схемасы жана корутунду көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн кайрадан пландаштыруу жана профилди өзгөртүү үчүн негиз болот.
Аймактык архитектура жана курулуш органы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоочу жергиликтүү органга кыймылсыз мүлк объекттеринин профилин өзгөртүүгө жана кайрадан пландаштырууга уруксат берүү жөнүндө маалыматты жиберет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттүн ичинде:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомго ылайык элдин жана ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын арасында долбоорлоо жана куруу үчүн уруксат документтерди алуу жана берүү жол-жобосунун маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |