Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлу № 497
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Б.Жээнбеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү негиздер боюнча аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Мыйзамдын долбоорунда аскердик каттоого алуунун эрежелерин жөнгө салуучу нормаларды Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинен алып салуу, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик пособие, медициналык жардам алууга, нике турууга жашаган жери боюнча эле эмес, кайрылган жери боюнча да катталууга укук берилет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинде ар бир жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткара тургандыгы каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесине ылайык Ата-Мекенди коргоо жарандардын ыйык парзы жана милдети болуп эсептелет. Конституциялык милдетти ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик жана альтернативдүү кызмат өтөөсү менен жүзөгө ашырылат, мында жаран аскердик кызматка тынчтык учурунда да, согуш учурунда да (мобилизациялоо боюнча) чакыруу мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн, анын аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик эгемендигин колдоонун маанилүү элементи болуп саналат.
Аскерди каттоону жүргүзүү маселелери мобилизацияга даярдоонун жана жүргүзүүнүн негизин түзөт. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен эмгек келишимин түзүүдө аскердик каттоо документтерин берүүгө карата нормалар алып салынган учурда иш берүүчү мобилизацияны өз убагында камсыздоо жана уюшкандыкта жүргүзүү жана согуш мезгилинде (мобилизациялоодо) өзүнүн адистерин брондоо үчүн иштеген жери боюнча аскерге милдеттүүлөрдүн эсебин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Аталган документтерди берүү жөнүндө талаптар жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоо жарыяланган учурда аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн болгон мобилизациялык күчтөрдү эсепке алууну киргизүү ыкмасы болуп саналат, бирок Кыргыз Республикасынын жарандары жер которууга укуктарын чектөө болуп саналбайт.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинен каттоого турбастан жашагандыгы, аскердик эрежелерди администрациялык бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караштырган бир катар беренелерин алып салуу табигый кырсыктар, күтүлбөгөн кырсыктар болгон, мыйзамсыз иштер жасалган учурда конкреттүү адамдардын жашаган жерин жана жүргөн жерин тез аныктоону, дайынсыз жоголгон адамдарды операциялык-издөө иштерин кечеңдетет.
"Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ички миграцияны жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктарын, айрыкча, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу, эркин жүрүү, жекече эркиндикке жана коопсуздукка болгон укугун камсыз кылуу принциптерине негизденет.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган Мыйзамдын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ар бир жараны аталган Мыйзамдын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү. Бул талаптар жарандардын өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырышы, аларды башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткарышы үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышына, ошондой эле ички миграцияны жөнгө салууга багытталган.
Белгиленген Мыйзамдын 47-беренесинде каралган ички жер которуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбагандыгы жана бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке, ал эми уюмдар администрациялык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылышат.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик пособиелер жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча дайындалат. Бул норма жарандардын эркин жер которуусуна укуктарын кысымга албайт, ошол себептен мамлекеттик пособиелер каттоосу жок болгон учурда иш жүзүндө жашаган орду - жарандардын убактылуу катталуусу боюнча дайындалат. Мамлекеттик пособиелерди дайындоо узак мөөнөткө (1 жыл же андан жогору) жүргүзүлөт, мында мамлекеттик каражатты даректүү жана максаттуу пайдаланууну контролдоо зарыл.
Калктын эркин миграциясынын шарттарында жарандардын кайрылган жери боюнча мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөө калкты социалдык коргоонун бүткүл системасы үчүн олуттуу социалдык кесепеттерди алып келиши мүмкүн, мамлекеттик пособиелерди дайындоо үчүн арыз менен бир мезгилде бир нече жерлерге кайрылуу жолу менен айрым жарандардын кыянаттык кылышына, ошондой эле коррупциялык схеманын пайда болушуна алып келет.
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык саламаттык сактоонун бюджетин түзүүдө жана жеткирүүчүлөр менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төмөнкү каржылоо ченемдерин пайдаланылат:
- алгачкы медицина-санитариялык жардам - бир бекитилген тургунга жан башына ченеми боюнча;
- адистештирилген медицина-санитариялык жардам амбулатордук шарттарда - региондо тейленүүчү бир тургунга жан башына ченеми боюнча;
- жалпы профилдеги станционарлардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрү көрсөтүүчү адистештирилген медицина-санитариялык жардамдар региондо тейленүүчү бир тургунга жан башына ченеми боюнча.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жазылган жарандардын санына ылайык саламаттык сактоону каржылоонун көлөмү түзүлөт. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 66-беренесине өзгөртүү киргизүү максатка ылайыксыз болуп эсептелет, ошол себептүү бул учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо системасы бузулат.
Жарандардын кайрылган жери боюнча никеге мамлекеттик катталуусу мыйзамдуулукту сактоону кепилдикке албашы мүмкүн, анткени жекече кызыкчылык мотивиндеги же башка укукка каршы үй-бүлөнүн жана балдардын кызыкчылыктарына каршы келген жасалма никеге турууга алып келет.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин бир катар беренелерине (386-берене. Каттоосуз жашоого уруксат, 387-берене. Паспортсуз жумушка кабыл алуу) жогоруда аталган сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү карама-каршылыкты туудурушу жөнүндө маалымдайбыз.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин кээ бир беренелерин алып салуу республикалык бюджетке белгиленген каражаттардын түшүүсүнүн төмөндөшүнө алып келээрине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Б.Жээнбеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|