Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 104
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183, 2023-жылдын 4-августундагы № 393, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө " токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
"Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи (макулдашуу боюнча);
Орус Православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).".