Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-январы № 51
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Покровка ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй-интернатын Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Покровкадагы турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборуна кайра профилдештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону ылайыкташтыруу максатында “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 “2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө” токтомун эске алып жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Покровка ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй-интернаты Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Покровкадагы турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборуна кайра профилдештирилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
-бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Покровкадагы турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборунун уставын (мындан ары - Устав) бекитсин;
-юстиция органдарында Уставды мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн;
-Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Покровкадагы турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборун каржылоону Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;
-өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
-бул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 543 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Покровка карылар жана майыптар үй-интернатынын профилин Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Покровка ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй-интернатына кайра профилдөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |