Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Азия өнүктүрүү банкы каржылоочу «Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу» долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышында жана 1, 2-пункттарындагы «Бирдиктүү терезе борбору» деген сөздөр «Бирдиктүү терезе» борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
преамбуласындагы «Бир терезе борбору» деген сөздөр «Бирдиктүү терезе» борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бир терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамында:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышында «Бирдиктүү терезе борбору» деген сөздөр «Бирдиктүү терезе» борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу позициялар менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин жобосунда:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышында жана 1-пунктунда «Бирдиктүү терезе борбору» деген сөздөр «Бирдиктүү терезе» борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи главада:
бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«- «БТ борбору» МИ көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди макулдашуу;»;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«- Азия өнүктүрүү банкы каржылоочу «Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууну координациялоо;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|