Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин ЖОБОСУ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2013-жылдын 25-мартындагы № 149, 2014-жылдын 3-февралы № 67, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "БТ борбору" МИ) ишине жалпы контролдукту жана стратегиялык башкарууну ишке ашыруучу жогорку жетектөөчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Байкоочу кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Байкоочу кеңештин төрагасы (мындан ары – төрага) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, төраганын орун басары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүргүзөт.
II. Байкоочу кеңештин негизги максаттары жана милдеттери
Байкоочу кеңештин негизги максаты "БТ борбору" МИнин ишине жалпы контролдук жана стратегиялык башкаруу болуп саналат.
Байкоочу кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- "БТ борбору" МИнин ишине жалпы жетекчилик жана аны координациялоо;
- "БТ борбору" МИ көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди макулдашуу;
- "БТ борбору" МИнин көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөр тарифтерин монополияга каршы жөнгө салуу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын бекитүүсү үчүн макулдашуу;
- кийинки отчёттук мезгилге иш планды бекитүү жана өткөн мезгил үчүн отчётту жактыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында "БТ борбору" МИнин аймактык кызматтарын түзүү жөнүндө маселелерди макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды берүү:
"БТ борбору" МИнин Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү, "БТ борборунун" МИнин жаңы уставын кабыл алуу, "БТ борбору" МИни менчиктештирүү, аны өзгөртүп кайра түзүү, жоюу, "БТ борборунун" МИнин оперативдүү башкаруусунда турган мүлкүн башкаруу жөнүндө;
- тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча ишти жакшыртуу, ошондой эле аларды ушул тармактагы жана курчап турган чөйрөнү коргоодогу эл аралык нормаларга жана талаптарга ылайыктоо максатында нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
- "БТ борбору" МИнин атайын максаттуу фонддорун түзүү жана бирдиктүү терезе системасын өнүктүрүү фондунун жана "БТ борбору" МИнин башка атайын максаттуу фонддорунун каражаттарын пайдалануунун негизги багыттарын аныктоо;
- абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту
- "БТ борбору" МИнин тышкы аудитин жүргүзүү боюнча чечим кабыл алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралы № 67, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Байкоочу кеңештин компетенциясы
5. Байкоочу кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- "БТ борбору" МИнин ишин жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
- "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" долбоорун башкаруу тобун жана Тышкы соода чөйрөсүндөгү БТ долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча эксперттик топторду түзүүгө, ошондой эле алардын жетекчилерин жана курамдарын дайындоого;
- Байкоочу кеңештин иши үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин ишке тартууга;
- Байкоочу кеңештин алдындагы милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүргүзүүгө;
- Байкоочу кеңештин Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын экспорттук-импорттук документтерин берүү жана тариздөө үчүн жооптуу кызмат адамдарын угууга.
6. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуксуз:
- "БТ борбору" МИнин оперативдүү ишине кийлигишүүгө;
- "БТ борбору" МИнин атынан аракеттенүүгө.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ичинде "БТ борбору" МИде кандайдыр бир кызматты, башкы директордун жана анын орун басарларынын кызмат орундарын ээлей алышпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Байкоочу кеңештин жыйындары
7. Байкоочу кеңеш 6 айда кеминде бир жолу чогулат. Байкоочу кеңештин кезектеги ар бир чогулушу күнүн байкоочу кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча "БТ борбору" МИнин башкы директору аныктайт жана чогулуш өткөн күнгө чейин кеминде 15 календардык күндөн кечиктирбестен кезектеги жыйын жөнүндө Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө кабарлайт.
8. Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы жана Байкоочу кеңештин каалаган мүчөсүнүн жана башкы директордун өтүнүчү боюнча кезексиз тартипте чакырылышы мүмкүн. Байкоочу кеңештин кезексиз чакырылышы жөнүндө кезексиз жыйын өткөрүлгөн күнгө чейин кеминде 7 календардык күндөн кечиктирбестен Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө Байкоочу кеңештин башкы директору жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Байкоочу кеңештин жыйындарына Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн учурларды кошпогондо ага жеке өзү катышууга тийиш.
10. Байкоочу кеңештин жыйынына кеминде 7 мүчө катышса ал чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 149, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Байкоочу кеңештин ар бир жыйынын төрага жетектейт жана өткөрөт. Төрага жок учурда байкоочу кеңештин жыйынын төраганын орун басары өткөрөт. Байкоочу кеңештин жыйындарындагы бардык маселелер жыйынга катышкан Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
12. Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү жыйында бир добушка ээ. Ар бир добуш бүтүн жана бөлүнгүс болуп саналат. Байкоочу кеңештин мүчөсү өзүнүн добушун кимдир бирөөгө, анын ичинде Байкоочу кеңештин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө укуксуз. Жыйында добуштар тең болуп чыккан учурда төрага, ал эми ал жок учурда төраганын орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.
13. Байкоочу кеңештин жыйынында добуш бергенде Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү "макул", "каршы" же "калыс" деп добуш бериши мүмкүн. Добуш берүү жыйында чыгарылган ар бир маселе боюнча өзүнчө өтүүгө тийиш.
14. Эгерде Байкоочу кеңештин мүчөсү кабыл алынган чечим менен макул болбосо ал өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө жана протоколго киргизүүгө жана Байкоочу кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
15. Байкоочу кеңештин жыйынында башкы директор жана анын орун басары катышууга жана добуш берүү укугусуз маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле Байкоочу кеңештин жыйыны өткөн күнгө карата Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп саналбаган эл аралык донорлордун өкүлдөрү жана Президенттин Администрациясынын өкүлү чакырылган адамдар катары катышууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7 февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Байкоочу кеңештин жыйынына милдеттүү түрдө протокол жазылууга тийиш. Протокол Байкоочу кеңештин чечимин камтыйт, Байкоочу кеңештин жыйыны өткөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө таризделет жана ага катышкан Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрү кол коюшат.
17. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыздайт.
V. Байкоочу кеңештин төрагасынын функциялары
18. Байкоочу кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Байкоочу кеңештин ишин жетектейт;
- жыйындын күн тартибин аныктайт;
- Байкоочу кеңештин жыйынын алып барат;
- Байкоочу кеңештин жыйындарынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коет;
- Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- тиешелүү эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Байкоочу кеңештин атынан чыгат;
- Байкоочу кеңештин ишине байланыштуу башка функцияларды аткарат.