Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 токтому менен бекитилген |
“
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук
өкүлчүлүк борбору жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320, 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 511 , 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого арналган.
Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбордун уюштуруу документи болуп Жобо эсептелет.
4. Борбордун толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору”;
– расмий тилде: “Центр судебного представительства при Министерстве юстиции Кыргызской Республики”.
5. Борбор оперативдик башкаруу укугунда негизделген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Борбор оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Борбордун негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттары, өз алдынча балансы, Казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары бар.
6. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.
2. Борбордун максаты жана милдеттери
7. Борбордун максаты арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, башка мамлекеттик органдар үчүн алар тараптары катары чыккан талаш-тартыштардын кыйла жагымдуу чечилишине жетүү, ошондой эле улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду юридикалык жана консультациялык коштоо болуп саналат.
Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоо, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдер менен корголуучу бузулган, талашка түшкөн укуктарын коргоо;
- улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду юридикалык жана консультациялык коштоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоо;
- сот органдарына материалдык-техникалык жактан камсыз болуусун жакшыртууга көмөк көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбордун ыйгарым укуктары
8. Борбор төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргойт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргойт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында кызыкчылыктарды, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдер менен корголуучу бузулган, талашка түшкөн укуктарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында арбитраждык сотторго, эл аралык сотторго, эл аралык арбитраждык сотторго, чет өлкөлүк сотторго, бейтарап сотторго жана башка адистештирилген сотторго, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жана жергиликтүү соттук териштирүүлөргө катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында арбитраждык сотторго, эл аралык сотторго, эл аралык арбитраждык сотторго, чет өлкөлүк сотторго, бейтарап сотторго жана башка адистештирилген сотторго катышат;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган бардык процессуалдык иш-аракеттерди жасайт;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин арбитраждык соттор, эл аралык соттор, эл аралык арбитраждык соттор, чет өлкөлүк соттор, бейтарап соттор жана башка адистештирилген соттор, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана жергиликтүү сот органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоо боюнча ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин координациялайт;
- тарап катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары чыккан иштер боюнча соттук жана укук колдонуу практикасын жалпылайт жана талдайт;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин жана Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар тарабынан Борбордун тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилиги тарабынан маселелерди кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине даректелген, тейлеген маселелери боюнча министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан келип түшкөн каттарды жана кайрылууларды кароону камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине коюлган доо арыздар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин арбитраждык соттордогу, эл аралык соттордогу, эл аралык арбитраждык соттордогу, чет өлкөлүк соттордогу, бейтарап соттордогу жана башка адистештирилген соттордогу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотундагы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы жана жергиликтүү сот органдарындагы өкүлдөрүнүн маалыматтар базасын түзөт жана системалаштырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана башка мамлекеттик органдарга алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча консультациялык жана башка жардам көрсөтөт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга коюлган доолорго мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- эл аралык арбитраждык соттордун жана органдардын арбитрлеринин маалыматтар базасын жүргүзөт, алар чыгарган чечимдерди талдайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жана иштин түрлөрүн ишке ашырат;
- мамлекеттик органдардан өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды, документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн талапкерлерди сурайт;
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча арбитраждык соттор, эл аралык соттор, эл аралык арбитраждык соттор, чет өлкөлүк соттор, бейтарап соттор жана башка адистештирилген соттор, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана жергиликтүү сот органдары менен кат алышуу жүргүзөт;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзөт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында доогер жана жоопкер болушу мүмкүн;
- Борбордун милдеттерине жана функцияларына ылайык уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Борбордун кызматкерлерин командировкага, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн жиберет;
- зарыл болгон учурда Борборго иштөө үчүн эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди жана адистерди кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү акы төлөө менен тартат;
- ушул Жободо белгиленген милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзөт;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды белгиленген тартипте уюштурат;
- Борбордун бардык кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылат, алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат;
- Министрлер Кабинети тарабынан инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду текшерүүнүн жана кароонун алкагында потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүү процесстерине катышат;
- улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфратүзүмдүк жана башка долбоорлорду иштеп чыгууга катышат;
- Борбордун отчетторун салык органдарына өз убагында берет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөйт.
Уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Борбор өз ишин тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борборду башкаруу
9..Борбордун ишин директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот, аны Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Борбордун директору жок болгон учурда директордун орун басары Борбордун директорунун милдетин аткарат.
10. Борбордун директору:
–.Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин, функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
–.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
– Борбордун атынан ишеним катсыз иштейт, бардык мамлекеттик органдарда, юридикалык жана жеке адамдар менен өз ара аракеттенүүдө анын кызыкчылыктарын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
– Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоодо ишеним катсыз иштейт, ошондой эле келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоодо ишеним катсыз иштейт, ошондой эле келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу;
– Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоого адистерди тартат жана аларга ишеним каттарды берет;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого адистерди тартат жана аларга ишеним каттарды берет;
– сот процесстерине катышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген бардык процессуалдык укуктарды, анын ичинде доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доону таануу, доонун предметин же негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, сот актыларына даттануу, ошондой эле билдирүүлөрдү жасоо, талапты азайтуу же көбөйтүү, каршы доо талаптарын коюу жана башка процессуалдык иш-аракеттерди жасоо укуктарынан пайдаланат;
– өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
– Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
– Борбордун директорунун орун басарынын жана башка кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
– кызматкерлердин функциялык милдеттерин аныктайт;
– Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– Борбордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
– мыйзамдарга ылайык Борбордун кызматкерлерин социалдык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздайт;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
– Борбордун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Борбордун мүлкү
11. Борбордун мүлкү мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
Борбор мүлктү өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга укуктуу.
12. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– республикалык бюджет;
– гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
– юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
13. Борбордун алган кирешелери, ошондой эле жеке каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
6. Борбордун отчеттуулугу
14. Борбор өз ишин бекитилген иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана алар боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын юстиция министринин алдында отчет берет.
15. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин жыйынтыгынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
7. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
16. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу уюштуруучунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте соттун чечими боюнча ишке ашырылат.
17. Борборду кайра уюштурууда жана жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
18. Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.