Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу
Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320, 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487,Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 261, 2024-жылдын 10-майындагы № 228 токтомунун редакциясына ылайык)
Арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын, мындан тышкары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын тийиштүү түрдө жана натыйжалуу талашуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын талашуу маселесин координациялоочу бир бүтүн орган болот;
- Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын талашууга ыйгарым укуктуу;
- Борбор бузулган, талаш болуп жаткан, мыйзам жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер менен корголуучу укуктарды коргоо, арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо мамлекеттик органдардын таламдарын талашуу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоого ыйгарым укуктуу;
- Борбор арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашууга ыйгарым укуктуу;
- Борбордун директору ишеним катсыз аракеттенет, келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга төмөнкүлөрдүн таламдарын талашуу укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу:
арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ;
арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;
- Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет;
- Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жалпы жетектейт жана координациялайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320, 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тиркелгендер бекитилсин:
- Борбор жөнүндө жобо;
- Борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламенти.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Борборду кармоого финансылык каражатты тапсын жана каржыласын;
- “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда жана киргизүүдө Борборду кармоого финансылык каражат караштырсын.
5. Борбордун кызматкерлеринин штаттык саны кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо 15 штаттык бирдик менен белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 228 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүндө аткарууда турган соттук (арбитраждык) иштерди жана материалдарды кабыл алуу маселесин белгиленген тартипте чечсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Борбордун кызматкерлерин: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 “а” дарегиндеги имаратка жайгаштырсын;
- Борбордун эки кызматкерин Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дарегиндеги Өкмөт үйүнүн имаратына жайгаштырууну эске алуу менен, мамлекеттик имараттардын биринен Борборду жайгаштыруу үчүн тийиштүү бөлмөлөрдү тапсын.
8. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алышсын;
- Борбор сураган баардык материалдарды милдеттүү түрдө беришсин;
- Борбордун ишине зарыл болгон жардамдарды беришсин.
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жана финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |