Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-сентябры № 487
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талаптагыдай жана натыйжалуу талашуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула "Кыргыз Республикасынын таламын" деген сөздөрдөн кийин ", мындан тышкары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Борбор арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашууга ыйгарым укуктуу;";
бешинчи абзац төмөнкү абзацтардын редакциясына ылайык баяндалсын:
"- Борбордун директору ишеним катсыз аракеттенет, келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга төмөнкүлөрдүн таламдарын талашуу укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу:
арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн;
арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жободо:
преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын, мындан тышкары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашат.";
6-пункт төртүнчү абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашуу;";
- 7-пунктта:
экинчи абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашат;";
төртүнчү абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында катышат;";
бешинчи абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын атынан арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган бардык процесстик аракеттерди жасайт;";
жетинчи абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн ишин координациялайт;";
сегизинчи абзац "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
он бешинчи абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына келген доо арыздары, ошондой эле арбитраждык соттордогу, эл аралык соттордогу, эл аралык арбитраждык соттордогу, чет өлкөлүк соттордогу, бейтарап соттордогу жана башка адистештирилген соттордогу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар базасын түзөт жана системалаштырат;";
9-пунктта:
- бешинчи абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашууда ишеним катсыз аракеттенет, ошондой эле келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашуу укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу;";
- алтынчы абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- адистерди тартат жана аларга арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашууга ишеним каттарды берет;";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентинде:
1-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын таламын талашуу боюнча мындан аркы аракеттерди жүргүзүү үчүн доо арызды Борборго жиберүү жана бардык зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды Борборго берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ушул мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.";
7-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын;
9-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |