Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 токтому менен бекитилген |
“
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине
караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик
органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары – Борбор) мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголуучу бузулган же талашка түшкөн укуктарын, кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоону ишке ашырат.
3. Мамлекеттик органдар аларга карата юридикалык же жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарап катары чыккан арбитраждык сотторго, эл аралык сотторго, эл аралык арбитраждык сотторго, чет өлкөлүк сотторго, бейтарап сотторго жана башка адистештирилген сотторго, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жана жергиликтүү сот органдарына доо келип түшкөндөн кийин 2 күндүн ичинде маселенин маңызы боюнча тиешелүү маалыматты жана өз позициясын Борборго жиберишет.
4. Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо боюнча андан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн доону Борборго жиберүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан, карамагындагы чөйрөгө каралып жаткан маселе тиешелүү болгон мамлекеттик органга бардык зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды Борборго берүү жөнүндө тапшырманы бир убакта жиберүү менен чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча андан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн доону Борборго жиберүү жана бардык зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды Борборго берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан доону коюунун максатка ылайыктуулугу, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доонун предметин жана негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, сот актыларына даттануу, иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары менен макулдашылууга тийиш. Доону коюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе бир убакта төмөнкүлөр менен макулдашылат:
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
– ыйгарым укуктуу юридикалык компания.
6. Борбор тарабынан кызыкчылыктары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында корголгон мамлекеттик органдар ушул Регламенттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырманы алгандан кийин 2 күндүн ичинде арбитраждык соттун, эл аралык соттун, эл аралык арбитраждык соттун, чет өлкөлүк соттун, бейтарап соттун жана башка адистештирилген соттордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү соттук териштирүүнүн предметине тиешелүү болгон бардык материалдарды Борборго жиберишет.
Мамлекеттик органдар арбитраждык соттун, эл аралык соттун, эл аралык арбитраждык соттун, чет өлкөлүк соттун, бейтарап соттун жана башка адистештирилген соттордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү соттук териштирүүнүн предмети боюнча далилдерди топтоого жана изилдөөгө түздөн-түз катышат.
7..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанцияларындагы сот жыйындарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого ишеним катты берүү укугу Борбордун директору, ал жок болгон учурда Борбордун директорунун орун басары тарабынан өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген ыйгарым укуктарын аныктоо менен ишке ашырылат.
8..Сотто Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишеним кат Борбордун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана алардын ведомстволук органдарынын (борбордук аппаратта, аймактык жана башка органдарда) штатында турган адамдарга же ишке тартылган адамдарга берилиши мүмкүн.
9..Сотто Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлү болуп саналган мамлекеттик органдын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкери соттук чечимдерди даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө сотто ишти кароонун жыйынтыгы жөнүндө Борборду маалымдоого милдеттүү.
10. Борбор жана мамлекеттик органдар арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында каралуучу доо талаптары боюнча өз ара аракеттенүү, өз ара байланышуу жана маалымат алмашуу үчүн шарттарды түзүшөт.
11. Проблемалуу маселелер боюнча жумушчу топтор түзүлүшү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча семинарлар өткөрүлүшү мүмкүн.
”.