Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-ноябры № 261
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 , 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– аталышында жана 1-пунктундагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктунда:
тогузунчу абзацындагы “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр “Юстиция министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацындагы “Президентинин Администрациясы” деген сөздөр “Юстиция министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
биринчи абзацындагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Президентинин” деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр “Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти 4-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
– бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Министрлик) ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана жазык-аткаруу иштери, арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн карамагында турган уюмдар жана мекемелер түзөт.
4. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган мөөрү бар.
5. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство юстиции Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Юстмин";
- расмий тилде: "Минюст".
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 32.
2. Министрликтин милдеттери
7. Министрликтин милдеттери:
1) белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттин ишин ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу;
2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин өз ыйгарым укугунун чегинде камсыз кылуу;
3) аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоону камсыз кылуу;
4) тапшырылган ыйгарым укуктардын чегинде каттоону камсыз кылуу;
5) кылмыш жазаларынын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын, пробациялык көзөмөлдү, шарттуу соттолгондорду, жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды, ошондой эле пробациялык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пробациялык баяндаманы түзүү боюнча функциялардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жана контролдоону камсыз кылуу;
6) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
8) жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык камакта адамдарды (мындан ары - камактагылар) кармоону камсыз кылуу;
9) пенитенциардык мекемелерди, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын (мындан ары - ЖАС) башка бөлүмдөрүн жана мекемелерин кайтарууну камсыз кылуу;
10) соттолгондорду жана камактагыларды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүүнү камсыз кылуу;
11) коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына көмөктөшүү;
12) ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана пенсионерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу;
13) соттолгондордун ден соолугун коргоону камсыз кылуу;
14) ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашыруу, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууда жана алдын алууда аны жүзөгө ашыруучу органдарга көмөктөшүү;
15) арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо.
3. Министрликтин функциялары
8. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) ченем жаратуу жана экспертиза жүргүзүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу жана кодификациялоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын түзөт жана жалпылайт, аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында мыйзамдарды инвентаризациялайт;
- белгиленген иш чөйрөдө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткарууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат;
- юстиция органдарын каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизаларды жүргүзөт;
- укуктук агартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген экспертизанын түрлөрү (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялайт;
- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча эл аралык байланыштарды белгиленген тартипте өнүктүрөт, эл аралык келишимдердин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкештигине баа берет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- элдик мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруунун алкагында демилгеленүүчү Мыйзамдын долбоорун жана демилгечи топту каттайт;
2) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- белгиленген тартипте соттук-эксперттик ишти жүргүзөт;
- кылмыш жазаларынын жана жазык-укуктук таасир этүү чараларынын аткарылышын камсыз кылат;
- соттолгондор менен социалдык-укуктук ишти жүргүзөт жана пенитенциардык мекемелерде жазаларды өтөөнүн шарттарын камсыз кылат;
- жазык-процесстик мыйзамдар менен ЖАС органдарынын компетенциясына киргизилген пенитенциардык мекемелерде ыкчам-издөө жана режимдик ишти, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча ЖАСты материалдык-тиричиликтик, азык-түлүк жана башка ресурстук камсыздоону уюштурат;
- соттолгондорду жана камактагыларды кармоону, кайтарууну жана конвой менен коштоп жүрүүнү камсыз кылат;
- жазык, жарандык жана административдик иштер боюнча соттук экспертизалардын өндүрүшүн камсыз кылат;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын Министрликтин ыйгарым укуктарынын алкагында коргоону камсыз кылат;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тараптарынын бири катары катышкан иштер боюнча соттук жана укук колдонуу практикасын жалпылайт;
3) координациялоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун кабыл алууну камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү менен өз ара аракеттенүү жүргүзөт;
- аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо иштерин координациялайт;
- Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана техникалык жактан камсыздайт;
- мамлекеттик органдардын укуктук агартуу боюнча иштерин координациялайт;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча ишти координациялайт;
- пробациялык ишти координациялайт;
- ЖАСтын ишин координациялайт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча ишти координациялайт;
- соттук-эксперттик ишти координациялайт;
- соттук эксперттин ведомстволук караштуулугуна карабастан эксперттик изилдөөлөрдүн сапатына бирдиктүү методикалык контролдоо жүргүзөт;
4) жөнгө салуу функциялары:
- жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиялоону жүзөгө ашырат;
- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиялоону жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте соттук эксперттердин компетенттүүлүк сертификаттарын берет;
5) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтөт;
- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоону жүзөгө ашырат;
- Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- нотариалдык иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ведомстволук нотариалдык архивди жүргүзөт;
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- сот жана укук коргоо органдарынан тышкары Кыргыз Республикасынан чыккан документтерди апостилдештирет;
- кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкынан маалыматтарды берет;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын жана чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын аты-жөнү, кол тамгасы жана бекитип берилген мөөрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар банкын түзөт;
6) камсыздоо функциялары:
- юстиция органдарынын кадрларын тандоо, жайгаштыруу жана квалификациясын жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарынын системасында кадрдык иштерди жүргүзөт;
- нотариустар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин жана соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- юстиция органдарын материалдык-техникалык камсыздоо жана каржылоо, анын ичинде алардын имараттарын куруу жана оңдоо боюнча иштерди уюштурат, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту уюштурууну камсыз кылат, юстиция органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, ошондой эле юстиция органдарынын ишин уюштуруу боюнча башка чараларды көрөт;
- ички контролдоо системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана аныктыгына, иштин жана башкаруунун үнөмдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна, активдердин сакталышына жана юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзөт;
- Министрликтин архивдик документтерин, ведомстволук нотариалдык архивдин документтерин комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана координациялык камсыздоону ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылат.
9. Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашырат.
4. Министрликтин укуктары
10. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо иштерин пландоо жана пландарды аткаруу маселелерин контролдоого;
- аткаруу бийлигинин органдарынан ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү талап кылууга;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана окуу жайларынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга;
- берилген ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу бийлигинин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык, донордук жана коомдук уюмдардын финансылык каражаттарын тартууга;
- белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды жайгаштыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Министрликтин ишин уюштуруу
11. Министрликти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын юстиция министри (мындан ары - министр) башкарат.
12. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана жүктөлгөн милдеттеринин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
13. Министр:
- жеке башкаруучулук негизде Министрликтин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- министрдин биринчи орун басары менен министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Министрликтин системасындагы башка кызмат адамдарынын уюштуруу, кадрдык, финансылык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүүсү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген адамдарды кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- пробация, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам, арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын, ошондой эле юстиция органдарынын системасындагы мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик жарандык кызмат жаатындагы мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- укук коргоо жана аскердик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын дайындайт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери менен функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн.
Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- мыйзамдарда белгиленген эмгек акы фондунун жана Министрликтин кызматкерлеринин санынын чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун долбоорлорун киргизет;
- ЖАСтын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына белгиленген тартипте атайын класстык чендерди, класстык чендерди, ошондой эле атайын жана аскердик наамдарды ыйгарат жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жогорку атайын класстык чендерди, класстык чендерди, атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана аларга ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
- мамлекеттик сыйлыктар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адвокаттык иш, жеке юридикалык практика жана жеке нотариалдык иш жүргүзгөн адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликтин системасынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- мыйзамдарга ылайык Министрликтин системасында аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Министрликтин милдеттерин аткарууда көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо үчүн Министрликтин сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурат, бул сыйлыктар жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды Министрликтин төш белгилери, ардак грамоталары менен сыйлайт жана аларга карата сыйлоонун мыйзамдарда каралган башка түрлөрүн колдонот;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн айырмалоочу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле ушул айырмалоочу белгилер жана башка расмий символдор жөнүндө жобону жана алардын сүрөттөлүшүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- Министрликтин, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат, буга юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечимдер кирбейт, алар мыйзамдарда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн;
- Министрликтин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Министр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө:
- министрдин биринчи орун басарына же министрдин орун басарларына жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине ЖАСтын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча;
- министрдин биринчи орун басарына, министрдин орун басарларына, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине юстиция органдарынын системасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик таасир этүү чараларын көрүү боюнча;
- ЖАСтын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына атайын класстык чендерди, класстык чендерди, ошондой эле атайын жана аскердик наамдарды белгиленген тартипте ыйгаруу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аларды он төрт күнгө милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жана ошол эле мезгилде ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту белгиленген тартипте жиберүүгө.
14. Юстиция органдарынын системасындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мамлекеттик жарандык кызматчыларды кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
15. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилүүчү коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
16. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында Коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук негизде иштеген консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
".
|
|
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого арналган.
Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбордун уюштуруу документи болуп Жобо эсептелет.
4. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору";
- расмий тилде: "Центр судебного представительства при Министерстве юстиции Кыргызской Республики".
5. Борбор оперативдик башкаруу укугунда негизделген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Борбор оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Борбордун негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттары, өз алдынча балансы, Казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары бар.
6. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.
2. Борбордун максаты жана милдеттери
7. Борбордун максаты арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, башка мамлекеттик органдар үчүн алар тараптары катары чыккан талаш-тартыштардын кыйла жагымдуу чечилишине жетүү болуп саналат.
Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоо, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдер менен корголуучу бузулган, талашка түшкөн укуктарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоо;
- сот органдарына материалдык-техникалык жактан камсыз болуусун жакшыртууга көмөк көрсөтүү.
3. Борбордун ыйгарым укуктары
8. Борбор төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргойт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргойт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында кызыкчылыктарды, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдер менен корголуучу бузулган, талашка түшкөн укуктарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында арбитраждык сотторго, эл аралык сотторго, эл аралык арбитраждык сотторго, чет өлкөлүк сотторго, бейтарап сотторго жана башка адистештирилген сотторго, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жана жергиликтүү соттук териштирүүлөргө катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында арбитраждык сотторго, эл аралык сотторго, эл аралык арбитраждык сотторго, чет өлкөлүк сотторго, бейтарап сотторго жана башка адистештирилген сотторго катышат;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган бардык процессуалдык иш-аракеттерди жасайт;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин арбитраждык соттор, эл аралык соттор, эл аралык арбитраждык соттор, чет өлкөлүк соттор, бейтарап соттор жана башка адистештирилген соттор, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана жергиликтүү сот органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоо боюнча ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин координациялайт;
- тарап катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары чыккан иштер боюнча соттук жана укук колдонуу практикасын жалпылайт жана талдайт;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин жана Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар тарабынан Борбордун тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилиги тарабынан маселелерди кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине даректелген, тейлеген маселелери боюнча министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан келип түшкөн каттарды жана кайрылууларды кароону камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине коюлган доо арыздар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин арбитраждык соттордогу, эл аралык соттордогу, эл аралык арбитраждык соттордогу, чет өлкөлүк соттордогу, бейтарап соттордогу жана башка адистештирилген соттордогу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотундагы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы жана жергиликтүү сот органдарындагы өкүлдөрүнүн маалыматтар базасын түзөт жана системалаштырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана башка мамлекеттик органдарга алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча консультациялык жана башка жардам көрсөтөт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга коюлган доолорго мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- эл аралык арбитраждык соттордун жана органдардын арбитрлеринин маалыматтар базасын жүргүзөт, алар чыгарган чечимдерди талдайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жана иштин түрлөрүн ишке ашырат;
- мамлекеттик органдардан өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды, документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн талапкерлерди сурайт;
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча арбитраждык соттор, эл аралык соттор, эл аралык арбитраждык соттор, чет өлкөлүк соттор, бейтарап соттор жана башка адистештирилген соттор, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана жергиликтүү сот органдары менен кат алышуу жүргүзөт;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзөт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында доогер жана жоопкер болушу мүмкүн;
- Борбордун милдеттерине жана функцияларына ылайык уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Борбордун кызматкерлерин командировкага, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн жиберет;
- зарыл болгон учурда Борборго иштөө үчүн эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди жана адистерди кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү акы төлөө менен тартат;
- ушул Жободо белгиленген милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзөт;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды белгиленген тартипте уюштурат;
- Борбордун бардык кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылат, алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат;
- Борбордун отчетторун салык органдарына өз убагында берет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөйт.
Уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Борбор өз ишин тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.
4. Борборду башкаруу
9. Борбордун ишин директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот, аны Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Борбордун директору жок болгон учурда директордун орун басары Борбордун директорунун милдетин аткарат.
10. Борбордун директору:
- Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин, функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Борбордун атынан ишеним катсыз иштейт, бардык мамлекеттик органдарда, юридикалык жана жеке адамдар менен өз ара аракеттенүүдө анын кызыкчылыктарын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоодо ишеним катсыз иштейт, ошондой эле келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоодо ишеним катсыз иштейт, ошондой эле келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында коргоого адистерди тартат жана аларга ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого адистерди тартат жана аларга ишеним каттарды берет;
- сот процесстерине катышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген бардык процессуалдык укуктарды, анын ичинде доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доону таануу, доонун предметин же негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, сот актыларына даттануу, ошондой эле билдирүүлөрдү жасоо, талапты азайтуу же көбөйтүү, каршы доо талаптарын коюу жана башка процессуалдык иш-аракеттерди жасоо укуктарынан пайдаланат;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
- Борбордун директорунун орун басарынын жана башка кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- кызматкерлердин функциялык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Борбордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- мыйзамдарга ылайык Борбордун кызматкерлерин социалдык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздайт;
- Борбордун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
5. Борбордун мүлкү
11. Борбордун мүлкү мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
Борбор мүлктү өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга укуктуу.
12. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
13. Борбордун алган кирешелери, ошондой эле жеке каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
6. Борбордун отчеттуулугу
14. Борбор өз ишин бекитилген иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана алар боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын юстиция министринин алдында отчет берет.
15. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин жыйынтыгынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
7. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
16. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу уюштуруучунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте соттун чечими боюнча ишке ашырылат.
17. Борборду кайра уюштурууда жана жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
18. Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".
|
| 4-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн РЕГЛАМЕНТИ
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары - Борбор) мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголуучу бузулган же талашка түшкөн укуктарын, кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоону ишке ашырат.
3. Мамлекеттик органдар аларга карата юридикалык же жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарап катары чыккан арбитраждык сотторго, эл аралык сотторго, эл аралык арбитраждык сотторго, чет өлкөлүк сотторго, бейтарап сотторго жана башка адистештирилген сотторго, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жана жергиликтүү сот органдарына доо келип түшкөндөн кийин 2 күндүн ичинде маселенин маңызы боюнча тиешелүү маалыматты жана өз позициясын Борборго жиберишет.
4. Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо боюнча андан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн доону Борборго жиберүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан, карамагындагы чөйрөгө каралып жаткан маселе тиешелүү болгон мамлекеттик органга бардык зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды Борборго берүү жөнүндө тапшырманы бир убакта жиберүү менен чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча андан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн доону Борборго жиберүү жана бардык зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды Борборго берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан доону коюунун максатка ылайыктуулугу, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доонун предметин жана негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, сот актыларына даттануу, иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары менен макулдашылууга тийиш. Доону коюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе бир убакта төмөнкүлөр менен макулдашылат:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- ыйгарым укуктуу юридикалык компания.
6. Борбор тарабынан кызыкчылыктары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында корголгон мамлекеттик органдар ушул Регламенттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырманы алгандан кийин 2 күндүн ичинде арбитраждык соттун, эл аралык соттун, эл аралык арбитраждык соттун, чет өлкөлүк соттун, бейтарап соттун жана башка адистештирилген соттордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү соттук териштирүүнүн предметине тиешелүү болгон бардык материалдарды Борборго жиберишет.
Мамлекеттик органдар арбитраждык соттун, эл аралык соттун, эл аралык арбитраждык соттун, чет өлкөлүк соттун, бейтарап соттун жана башка адистештирилген соттордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү соттук териштирүүнүн предмети боюнча далилдерди топтоого жана изилдөөгө түздөн-түз катышат.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанцияларындагы сот жыйындарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого ишеним катты берүү укугу Борбордун директору, ал жок болгон учурда Борбордун директорунун орун басары тарабынан өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген ыйгарым укуктарын аныктоо менен ишке ашырылат.
8. Сотто Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишеним кат Борбордун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана алардын ведомстволук органдарынын (борбордук аппаратта, аймактык жана башка органдарда) штатында турган адамдарга же ишке тартылган адамдарга берилиши мүмкүн.
9. Сотто Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлү болуп саналган мамлекеттик органдын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкери соттук чечимдерди даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө сотто ишти кароонун жыйынтыгы жөнүндө Борборду маалымдоого милдеттүү.
10. Борбор жана мамлекеттик органдар арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында каралуучу доо талаптары боюнча өз ара аракеттенүү, өз ара байланышуу жана маалымат алмашуу үчүн шарттарды түзүшөт.
11. Проблемалуу маселелер боюнча жумушчу топтор түзүлүшү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча семинарлар өткөрүлүшү мүмкүн.".