ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2014-жылдын 7-февралы № 77 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 «Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн «Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы» жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция07.02.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 7-февралы № 77

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга ылайык (1 жана 2-тиркемелер) Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына андан ары салым катары киргизүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтүн узартуу менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна берилсин.";

- 5 жана 6-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:

"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна киргизсин;

- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун пайдалануу укугун өткөрүп берүү түрүндө алынган кирешелерине дивиденддерди эсептебесин.

6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- зарыл болгон учурда белгиленген тартипте "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү;

- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун иштеп чыгууда жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашууда региондун өнүгүшү менен байланышкан сарптоолорду эске алсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев