Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014 жылдын 17 февралы № 98
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн офицердик курамдагы аскер кызматчыларынын чет өлкөлүк аскердик окуу жайларга тапшыруу тартибин иретке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун кириш сөзүндөгү “коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу” деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жободо:
- кириш сөзүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Бул Жобо чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына улуттук коопсуздук органдары тарабынан өткөн аскер кызматчыларына колдонулбайт”.
- кириш сөзүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Алдын ала тандоону уюштуруу жана өткөрүү:
- жогорку аскердик билимди алуу үчүн офицерлерди угуучулар катары чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына алдын ала тандоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн тиешелүү кадрдык органына (мындан ары – КО) жүктөлөт;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын (офицерлерден тышкары) жана аскердик кызматты өтөгөн жана өтөй элек, анын ичинде орто (толук) билим берүүчү мекемелерде окуп жаткан жарандарынын катарынан чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга талапкерлерди курсанттар катары билим алууга киргизүү үчүн алдын ала тандоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик билим берүү боюнча органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө (мындан ары – АБО) жүктөлөт;
- 1-4-главалары төмөнкү редакцияда берилсин:
“1-глава
Чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларында окутуу үчүн окуу орундарынын керектүү санын аныктоо
1. Аскерлердин жогорку аскердик билими бар офицерлерге келечектеги муктаждыгын анализдөөнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин (мындан ары – КБМ) начальниктери жана командирлери беришкен өтүнмөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик органдын КО окууга тапшыруудан мурунку жылынын 1-ноябрына чейин чет өлкөлүк аскердик окуу жайлардагы окуу ордунун керектүү санынын эсебин түзөт жана аны мамлекеттик органдын аскердик билим берүү органына жиберет.
2. Чет өлкөлүк аскердик окуу жайлардагы окуу орундарына өтүнмөлөр АБО тарабынан, мамлекеттер аралык (ведомстволор аралык) макулдашуулардын жана келишимдердин тараптары өздөрүнө алышкан контракттык-келишимдик милдеттенмелерге ылайык, окуу орундарынын санына болгон керектөөнүн эсебин эске алуу менен жыл сайын түзүлөт жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жиберилет.
3. Өтүнмөлөргө ырастама алынгандан кийин АБО КБМга төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен телеграмма жөнөтөт:
- чет мамлекеттеги аскердик окуу жайлардын аталыштары;
- окуунун адистиги;
- ар бир адистикке талапкерлердин саны;
- окууга талапкерлерге коюлган талаптар.
2-глава
Угуучу катары аскердик окуу жайларга
кабыл алуу үчүн офицерлердин катарындагы
талапкерлерге коюлуучу талаптар
4. Жогорку аскердик кесиптик билим берүү программасы боюнча угуучу катары окуу үчүн чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга тапшырууга талапкерлер катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жогорку кесиптик билими бар, “капитан” жана андан жогору аскердик наамдагы, аскердик кызмат орундарында аскердик кызмат өтөп жаткан, 40 жашка чейинки курактагы (полковниктер үчүн – 45 жашка чейин) офицерлер каралат.
5. Окутууга алдын ала тандоого катышуу үчүн офицер жогору турган командачылыкка билдирме берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аскердик наамы;
- аты-жөнү;
- ээлеген аскердик кызматы, ээлеп турган кызматында кайсы жылдан баштап;
- туулган күнү;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө маалымат;
- чет мамлекеттик аскердик окуу жайдын аталышы, өзү окууну каалаган адистиктин (адистештирүүнүн) жана окутуунун формасы.
6. Билдирмеге жогорку кесиптик билими бар экенин тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү документтердин көчүрмөлөрү, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн КБМ мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, баш кийимсиз алты (4,5 х 6 см өлчөмүндөгү үч жана 9 х 12 см өлчөмүндөгү үч) фото сүрөт тиркелет.
7. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн КБМ командирлери жана начальниктери (мындан ары – командирлер) тиешелүү аскер кызматчынын билим алууга билдирмесин кароодо төмөнкү шарттар бар болсо оң чечим чыгарышат:
- офицерде “кызматка толук эмес ылайык эместик жөнүндө эскертүү” же “кызматтан төмөндөтүү” тартип жазасы жок болсо;
- офицерге карата ал жасаган мыйзам бузуу же кылмыш боюнча кызматтык иликтөө же тергөө жүргүзүлбөсө.
8. Командир офицердин билдирмеси боюнча оң чечим кабыл алууда аны алдын ала медициналык күбөлөндүрүү үчүн аскердик-дарыгердик комиссияга жиберет.
9. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик окуу жайда билим алууга жарактуу деп табылган учурда, командир офицерди алдын ала кесиптик тандоого талапкер катары белгиленген тартипте жиберет, анын уюштурулушу жана өткөрүлүшү ушул Жобо менен аныкталат.
10. Чет мамлекеттик аскердик жогорку окуу жайларга окууга тапшыруу үчүн талапкерлер катары алдын ала тандалып алынган офицерлердин окуу үчүн өздүк делолоруна төмөнкүлөр кошулат:
кызматтык карточкалар;
медициналык күбөлөндүрүү карталары;
аскердик наамы боюнча штаттык-кызматтык категориялар жөнүндө маалымкаттар;
мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүү жөнүндө белгиленген формадагы маалымкаттар.
3-глава
Офицерлердин катарынан талапкерлерди алдын ала кесиптик жана конкурстук тандоолордон өткөрүү
11. Жогорку аскердик билим алуу үчүн талапкерлерди алдын ала кесиптик тандоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга тапшырууга талапкерлердин ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугун аныктоо;
б) талапкерлердин ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн аныктоо (белгиленген талаптарга жооп бербеген офицерлер алдын ала кесиптик тандоого киргизилбейт);
в) ар бир талапкердин ким экендигин ар тараптан баалоо, ал төмөнкүлөрдөн турат:
- дене тарбиялык даярдыгын баалоодон;
- командирдик жана атайын даярдоо боюнча жазуу түрүндөгү зачетторду тапшыруунун жыйынтыктары боюнча кызматтык милдеттердин көлөмүндө кесиптик даярдыгынын деңгээлин баалоо.
12. Офицерлерди окутууга алдын ала кесиптик тандоо Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн КБМ туруктуу иштеген аттестациялык комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.
13. Жогорку аскердик билим алуу үчүн чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына билим алууга кирип жаткан офицерлердин катарынан талапкерлерди алдын ала кесиптик тандоону уюштуруу жана өткөрүүнү командирлер жүргүзөт, аларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
- туруктуу иштеген аттестациялык комиссиянын алдын ала кесиптик тандоону жүргүзүүсүн контролдоо;
- алдын ала кесиптик тандоо иш-чарасын өткөрүүнүн шарттарын, убактысын жана ордун аныктоо.
14. Дене тарбия даярдыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарынын жетекчилеринин чечими менен аныкталган тартипте өткөрүлөт.
15. Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүлөт.
16. Офицерди ден соолугунун абалы боюнча же дене тарбия даярдыгынын деңгээли боюнча чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына кирүүгө жараксыз деп тапкан учурда, офицер алдын ала кесиптик тандоого киргизилбейт.
17. Кирүү сыноолорунун элементтеринин бири боюнча канааттандырарлык эмес баа алган офицерлер кийинки конкурстук тандоого киргизилбейт.
18. Офицерди билим алууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарына андан ары тапшыруу үчүн алдын ала кесиптик тандоодон өткөн талапкерлерди аныктоо максатында командирлердин чечими менен түзүлүүчү КБМ туруктуу иштеген аттестациялык комиссиясынын отурумунун протоколу менен таризделет (1-тиркеме).
19. Офицерлерди билим алууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим аларга командирлер аркылуу, чечим кабыл алынган күндөн кийин 2 иш күндүн ичинде жеткирилет.
20. Алдын ала кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлерге документтер аттестациялык комиссиянын (мындан ары – АК) кароосуна киргизилүүчү конкурстук тизмеге (2-тиркеме) кошуу үчүн КО берилет.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн алдын ала кесиптик тандоону өткөн талапкерлердин тизмесин түзүү КО жүктөлөт.
21. Конкурстук тандоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарынын жетекчилеринин чечими менен түзүлүүчү туруктуу иштеген ведомстволук аттестациялык комиссия тарабынан чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларында андан ары билим алуу үчүн алдын ала кесиптик тандоодон өткөн талапкерлерди аныктоо максатында өткөрүлөт.
22. Ведомстволук АК түзүүнүн тартиби, иштөөсүнүн жана ишинин маселелери мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен бекитилет.
23. Офицерлерди билим алууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер аларга командирлер аркылуу, чечим кабыл алынган күндөн кийин 3 иш күндүн ичинде жеткирилет.
24. Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан талапкерлердин алдын ала кесиптик тандоо жана конкурстук тандоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча арыздары жана даттануулары алар өткөрүлүп жаткан учурда каралат жана жогору турган командачылыкка же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарынын тиешелүү бөлүнүштөрүнө жүктөлөт.
4-глава
Офицерлерди чет мамлекеттик аскердик окуу жайлардын
угуучулары кылып киргизүү тартиби
25. Кыргыз Республикасынын окууга киргизилүүчү аскер кызматчыларынын саны чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга окууга кабыл алуу жөнүндө табыштамаларга ылайык келиши керек.
26. Офицерлерди окууга жиберүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органынын жетекчиси аскердик билим берүү жаатындагы мамлекеттер (ведомстволор) аралык түзүлгөн келишимдерге ылайык жана офицерлерди угуучу катары киргизүү үчүн алардын катарынан талапкерлердин АК берген конкурстук тизмесинин, ошондой эле сунуштамаларынын негизинде кабыл алат.
27. Чечим кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча офицерлерди чет өлкөлүк аскердик окуу жайларга угуучу кылып киргизүү жөнүндө мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун долбоору даярдалат.
28. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жетекчисинин офицерлерди чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга угуучу катары киргизүү жөнүндө буйругуна кол коюлгандан кийин, буйруктун көчүрмөлөрү үч күндүк мөөнөттө, офицерлери жогорку аскердик окуу жайларга угуучу катары кирген КБМнын КО жана башкаруу органдарына жиберет.”;
- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“31. АБО 1-декабрга чейин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга кирүүнүн алдындагы жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын чет мамлекеттик аскердик окуу жайларында билим алуусуна табыштамаларды түзөт жана кирүүнүн алдындагы жылдын 15-декабрына чейин чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына кароо жана бекитүү үчүн жөнөтүлөт.”;
- 32-пункттагы “талапкерлерди тандоого разнарядканы алуу менен” деген сөздөр алып салынсын;
- 37-пункттун сегизинчи абзацындагы “(баш кийими жок, 4,5х6 см өлчөмүндө)” деген сөздөрдөн кийин “ак фондо, жалтырак эмес фото кагазда” деген сөздөр менен толукталсын;
- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“39. Паспортту, аскердик билетти (каттоо күбөлүгү), жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу жөнүндө сертификатты жана орто билим жөнүндө документтин түп нускасын талапкер мамлекеттик органдын кабыл алуу комиссиясына, кабыл алуу комиссиясынын иштеп жаткан жерине келгенден кийин тапшырат.”;
- 40-пункттагы “КМ” деген кыскартылган сөз алып салынсын;
- 43-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Мында талапкердин өздүк делосу арызы боюнча колу койдурулуп өзүнө берилет.”;
- 46-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Мында талапкердин өздүк делосу арызы боюнча колу койдурулуп өзүнө берилет.”;
48-пунктта:
“Чет өлкөлөрдүн коргоо министрликтери” деген сөздөр “чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары” деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи сүйлөм алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Конкурстук тандоого, жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тест боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган чектик баллга барабар жана андан жогорку балл алган абитуриенттер киргизилет.
Мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары конкурстук тандоого экзамендин жыйынтыктары боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын тапшырбастан киргизилет.
Талапкерлер жалпы билим берүүчү предметтер боюнча экзамендерди кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен кирүү экзамендеринин ырааттамасына ылайык тапшырышат.”;
- 49-пункттагы “коргонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 50-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“50. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы болуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жетекчилеринин АБОну тейлеген орун басарлары дайындалат.”;
- 70-пункттун биринчи абзацы “илинет” деген сөздөн кийин “же кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы кабарлайт” деген сөздөр менен толукталсын;
- 71-пункттагы “7” деген цифра “3” деген цифрага алмаштырылсын;
- 76-пункттун биринчи абзацындагы “коргонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 79-пункттагы “(10-тиркеме)” деген сөз алып салынсын.
- 1-тиркемедеги “кабыл алуу” деген сөз “тандоо” деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-тиркемедеги “кадрлар башкармалыгынын” деген сөздөр “КО” деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;
- 3, 4, 5, 6 жана 10-тиркемелер күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул токтомдон келип чыккан ченемдик-укуктук актынын долбоорун эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте даярдасын жана киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |