Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98, 2015-жылдын 23-марты № 137, 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө бул Жобо чет мамлекеттик аскер окуу жайларына талапкерлерди конкурстук тандоону даярдоо жана өткөрүү тартибин аныктайт. Бул Жобо чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына улуттук коопсуздук органдары тарабынан өткөн аскер кызматчыларына колдонулбайт.
Алдын ала тандоону уюштуруу жана өткөрүү:
- жогорку аскердик билимди алуу үчүн офицерлерди угуучулар катары чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына алдын ала тандоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн тиешелүү кадрдык органына (мындан ары - КО) жүктөлөт;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын (офицерлерден тышкары) жана аскердик кызматты өтөгөн жана өтөй элек, анын ичинде орто (толук) билим берүүчү мекемелерде окуп жаткан жарандарынын катарынан чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга талапкерлерди курсанттар катары билим алууга киргизүү үчүн алдын ала тандоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик билим берүү боюнча органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө (мындан ары - АБО) жүктөлөт.
Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына курсанттар катары окууга өтүү үчүн аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын (офицерлерден тышкары) жана жарандарынын, анын ичинде орто (толук) жалпы билим берүүнүн билим берүү мекемелеринде окуп жаткандардын ичинен талапкерлерди алдын ала тандоону уюштуруу жана ишке ашыруу коргонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аскердик билим берүү боюнча түзүмдүк бөлүкчөсүнө (мындан ары - АББ) жүктөлөт.
Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга каалоосун билдирген офицерлерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын арасынан талапкерлерди окууга конкурстук тандоо чакыруучу тараптын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98, 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүм Угуучулар катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан офицердик курамдын адамдарын кабыл алуу тартиби
1. Аскерлердин жогорку аскердик билими бар офицерлерге келечектеги муктаждыгын анализдөөнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин (мындан ары – КБМ) начальниктери жана командирлери беришкен өтүнмөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик органдын КО окууга тапшыруудан мурунку жылынын 1-ноябрына чейин чет өлкөлүк аскердик окуу жайлардагы окуу ордунун керектүү санынын эсебин түзөт жана аны мамлекеттик органдын аскердик билим берүү органына жиберет.
2. Чет өлкөлүк аскердик окуу жайлардагы окуу орундарына өтүнмөлөр АБО тарабынан, мамлекеттер аралык (ведомстволор аралык) макулдашуулардын жана келишимдердин тараптары өздөрүнө алышкан контракттык-келишимдик милдеттенмелерге ылайык, окуу орундарынын санына болгон керектөөнүн эсебин эске алуу менен жыл сайын түзүлөт жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жиберилет.
3. Өтүнмөлөргө ырастама алынгандан кийин АБО КБМга төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен телеграмма жөнөтөт:
- чет мамлекеттеги аскердик окуу жайлардын аталыштары;
- окуунун адистиги;
- ар бир адистикке талапкерлердин саны;
- окууга талапкерлерге коюлган талаптар.
4. Жогорку аскердик кесиптик билим берүү программасы боюнча угуучу катары окуу үчүн чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга тапшырууга талапкерлер катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жогорку кесиптик билими бар, “капитан” жана андан жогору аскердик наамдагы, аскердик кызмат орундарында аскердик кызмат өтөп жаткан, 40 жашка чейинки курактагы (полковниктер үчүн – 45 жашка чейин) офицерлер каралат.
5. Окутууга алдын ала тандоого катышуу үчүн офицер жогору турган командачылыкка билдирме берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аскердик наамы;
- аты-жөнү;
- ээлеген аскердик кызматы, ээлеп турган кызматында кайсы жылдан баштап;
- туулган күнү;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө маалымат;
- чет мамлекеттик аскердик окуу жайдын аталышы, өзү окууну каалаган адистиктин (адистештирүүнүн) жана окутуунун формасы.
6. Билдирмеге жогорку кесиптик билими бар экенин тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү документтердин көчүрмөлөрү, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн КБМ мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, баш кийимсиз алты (4,5 х 6 см өлчөмүндөгү үч жана 9 х 12 см өлчөмүндөгү үч) фото сүрөт тиркелет.
7. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн КБМ командирлери жана начальниктери (мындан ары – командирлер) тиешелүү аскер кызматчынын билим алууга билдирмесин кароодо төмөнкү шарттар бар болсо оң чечим чыгарышат:
- офицерде “кызматка толук эмес ылайык эместик жөнүндө эскертүү” же “кызматтан төмөндөтүү” тартип жазасы жок болсо;
- офицерге карата ал жасаган мыйзам бузуу же кылмыш боюнча кызматтык иликтөө же тергөө жүргүзүлбөсө.
8. Командир офицердин билдирмеси боюнча оң чечим кабыл алууда аны алдын ала медициналык күбөлөндүрүү үчүн аскердик-дарыгердик комиссияга жиберет.
9. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик окуу жайда билим алууга жарактуу деп табылган учурда, командир офицерди алдын ала кесиптик тандоого талапкер катары белгиленген тартипте жиберет, анын уюштурулушу жана өткөрүлүшү ушул Жобо менен аныкталат.
10. Чет мамлекеттик аскердик жогорку окуу жайларга окууга тапшыруу үчүн талапкерлер катары алдын ала тандалып алынган офицерлердин окуу үчүн өздүк делолоруна төмөнкүлөр кошулат:
кызматтык карточкалар;
медициналык күбөлөндүрүү карталары;
аскердик наамы боюнча штаттык-кызматтык категориялар жөнүндө маалымкаттар;
мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүү жөнүндө белгиленген формадагы маалымкаттар.
11. Жогорку аскердик билим алуу үчүн талапкерлерди алдын ала кесиптик тандоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга тапшырууга талапкерлердин ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугун аныктоо;
б) талапкерлердин ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн аныктоо (белгиленген талаптарга жооп бербеген офицерлер алдын ала кесиптик тандоого киргизилбейт);
в) ар бир талапкердин ким экендигин ар тараптан баалоо, ал төмөнкүлөрдөн турат:
- дене тарбиялык даярдыгын баалоодон;
- командирдик жана атайын даярдоо боюнча жазуу түрүндөгү зачетторду тапшыруунун жыйынтыктары боюнча кызматтык милдеттердин көлөмүндө кесиптик даярдыгынын деңгээлин баалоо.
12. Офицерлерди окутууга алдын ала кесиптик тандоо Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн КБМ туруктуу иштеген аттестациялык комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.
13. Жогорку аскердик билим алуу үчүн чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына билим алууга кирип жаткан офицерлердин катарынан талапкерлерди алдын ала кесиптик тандоону уюштуруу жана өткөрүүнү командирлер жүргүзөт, аларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
- туруктуу иштеген аттестациялык комиссиянын алдын ала кесиптик тандоону жүргүзүүсүн контролдоо;
- алдын ала кесиптик тандоо иш-чарасын өткөрүүнүн шарттарын, убактысын жана ордун аныктоо.
14. Дене тарбия даярдыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарынын жетекчилеринин чечими менен аныкталган тартипте өткөрүлөт.
15. Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүлөт.
16. Офицерди ден соолугунун абалы боюнча же дене тарбия даярдыгынын деңгээли боюнча чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына кирүүгө жараксыз деп тапкан учурда, офицер алдын ала кесиптик тандоого киргизилбейт.
17. Кирүү сыноолорунун элементтеринин бири боюнча канааттандырарлык эмес баа алган офицерлер кийинки конкурстук тандоого киргизилбейт.
18. Офицерди билим алууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарына андан ары тапшыруу үчүн алдын ала кесиптик тандоодон өткөн талапкерлерди аныктоо максатында командирлердин чечими менен түзүлүүчү КБМ туруктуу иштеген аттестациялык комиссиясынын отурумунун протоколу менен таризделет (1-тиркеме).
19. Офицерлерди билим алууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим аларга командирлер аркылуу, чечим кабыл алынган күндөн кийин 2 иш күндүн ичинде жеткирилет.
20. Алдын ала кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлерге документтер аттестациялык комиссиянын (мындан ары – АК) кароосуна киргизилүүчү конкурстук тизмеге (2-тиркеме) кошуу үчүн КО берилет.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн алдын ала кесиптик тандоону өткөн талапкерлердин тизмесин түзүү КО жүктөлөт.
21. Конкурстук тандоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарынын жетекчилеринин чечими менен түзүлүүчү туруктуу иштеген ведомстволук аттестациялык комиссия тарабынан чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларында андан ары билим алуу үчүн алдын ала кесиптик тандоодон өткөн талапкерлерди аныктоо максатында өткөрүлөт.
22. Ведомстволук АК түзүүнүн тартиби, иштөөсүнүн жана ишинин маселелери мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен бекитилет.
23. Офицерлерди билим алууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер аларга командирлер аркылуу, чечим кабыл алынган күндөн кийин 3 иш күндүн ичинде жеткирилет.
24. Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан талапкерлердин алдын ала кесиптик тандоо жана конкурстук тандоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча арыздары жана даттануулары алар өткөрүлүп жаткан учурда каралат жана жогору турган командачылыкка же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органдарынын тиешелүү бөлүнүштөрүнө жүктөлөт.
25. Кыргыз Республикасынын окууга киргизилүүчү аскер кызматчыларынын саны чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга окууга кабыл алуу жөнүндө табыштамаларга ылайык келиши керек.
26. Офицерлерди окууга жиберүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органынын жетекчиси аскердик билим берүү жаатындагы мамлекеттер (ведомстволор) аралык түзүлгөн келишимдерге ылайык жана офицерлерди угуучу катары киргизүү үчүн алардын катарынан талапкерлердин АК берген конкурстук тизмесинин, ошондой эле сунуштамаларынын негизинде кабыл алат.
27. Чечим кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча офицерлерди чет өлкөлүк аскердик окуу жайларга угуучу кылып киргизүү жөнүндө мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун долбоору даярдалат.
28. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жетекчисинин офицерлерди чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга угуучу катары киргизүү жөнүндө буйругуна кол коюлгандан кийин, буйруктун көчүрмөлөрү үч күндүк мөөнөттө, офицерлери жогорку аскердик окуу жайларга угуучу катары кирген КБМнын КО жана башкаруу органдарына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
II бөлүм Курсанттар катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскер кызматчыларын (офицерлерден башкасын) кабыл алуу тартиби
1-глава Курсанттар катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлерге коюлуучу талаптар
29. Курсанттар катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүүчү талапкерлер катары, төмөнкүлөрдүн ичинен жалпы орто же кесиптик орто билим берүү мекемелерин аяктаган Кыргыз Республикасынын жарандары каралат:
- аскердик кызматты өтөбөгөн жарандар - 17 ден 21 жашка чейинки жаш курагында;
- аскердик кызматты өтөгөн жарандар - 24 жашка чейин;
- аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар (офицерлерден сырткары) - 24 жашка чейин.
30. Төмөнкүлөргө өтүүчү талапкерлер:
- дене тарбия аскер институтуна, спорттун түрлөрүнүн бири боюнча спорттук наамы же экинчи баскычтан төмөн эмес спорттук разряды болушу керек;
- аскер университетинин аскер институтуна (аскер дирижерлоруна), үйлөмө оркестрдин аспаптарынын биринде ойноонун кесиптик ыктарын билиши керек.
2-глава Курсант катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүү үчүн талапкерлерди баштапкы тандоо тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
31. АБО 1-декабрга чейин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга кирүүнүн алдындагы жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын чет мамлекеттик аскердик окуу жайларында билим алуусуна табыштамаларды түзөт жана кирүүнүн алдындагы жылдын 15-декабрына чейин чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына кароо жана бекитүү үчүн жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерлерди баштапкы тандоо аскер комиссариаттары, ал эми аскер кызматчыларынын ичинен кошуундардын, бөлүктөрдүн командирлери жана мекемелердин башчылары тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Талапкерлерди баштапкы тандоого, чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга алардын жарактуулугун төмөнкүлөр боюнча аныктоо кирет:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын бар болгону боюнча;
- билиминин деңгээли боюнча;
- жаш курагы боюнча;
- ден соолугунун абалы боюнча;
- дене тарбиялык даярдыгынын деңгээли боюнча.
34. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүүчү талапкерлерге мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү милдеттүү түрдө тариздөө менен белгиленген үлгүдөгү өздүк делолор таризделет.
35. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган аскер кызматчылары окууга тапшырылуучу жылдын 30-мартына чейин аскердик бөлүктүн командиринин атына команда боюнча билдирме беришет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аскердик наамы, аты-жөнү; ээлеген кызматы; туулган күнү, айы, жылы; билими; талапкердин жашаган жеринин дареги; ал окууну каалаган аскер окуу жайынын жана адистиктин аталышы.
36. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен талапкерлер окууга тапшырылуучу жылдын 30-мартына чейин аскер лицейинин башчысына төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен арыз беришет: аты-жөнү, туулган күн-айы, талапкердин жашаган жеринин дареги, ал окууну каалаган аскер окуу жайынын жана адистиктин аталышы.
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен артыкчылык аттестатын алган талапкерлер өзү тандаган чет мамлекеттин жогорку кесиптик билим берүү аскер мекемесине берген арызына ылайык Кыргыз Республикасында сынак тапшырбастан өтүү укугуна ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-марты № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн, чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин жашаган жери боюнча райондук аскер комиссариатына арыз беришет. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аты-жөнү, туулган күн-айы, билими, талапкердин жашаган жеринин дареги, ал окууну каалаган аскер окуу жайынын жана адистиктин аталышы.
Арызга (билдирмеге) төмөнкүлөр тиркелет:
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, ким экенин жана жарандыгын далилдеген документтин (паспорттун көчүрмөсү) көчүрмөлөрү;
- өмүр баяны;
- аскер кызматчылардын/аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын катарынан талапкерлерге иштеген, окуган же кызмат өтөгөн жеринен мүнөздөмө (7 жана 8-тиркеме);
- билиминин (аттестат, диплом) тиешелүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин көчүрмөсү, (окуп жаткандар күндөлүк жетишүүсү жөнүндө маалымкатты көрсөтүшөт, академиялык маалымкатты болсо жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин биринчи жана кийинки курстарын бүткөн адамдар тапшырышат);
- аскердик билеттин көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
- аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлгөн үч сүрөт (баш кийими жок, 4,5х6 см өлчөмүндө, ак фондо, жалтырак эмес фото кагазда);
- кесиптик психологиялык тандоонун картасы (аскер кызматчылары үчүн - кызмат өтөө карточкасы).
38. Аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан бекитилген, аскер кызматчылардын жана аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын катарынан алдын ала тандалдан талапкерлердин тизмеси жана алардын өздүк делолору окууга тапшырылуучу жылдын 25- майына чейин КМ АББга жиберилет.
39. Паспортту, аскердик билетти (каттоо күбөлүгү), жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу жөнүндө сертификатты жана орто билим жөнүндө документтин түп нускасын талапкер мамлекеттик органдын кабыл алуу комиссиясына, кабыл алуу комиссиясынын иштеп жаткан жерине келгенден кийин тапшырат.
40. АББ, талапкерлердин келип түшкөн документтерин карап чыгуунун негизинде, аларга кесиптик тандоого катышууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Чечим протокол менен таризделет жана кирүү экзамендерин өткөрүүнүн убактысын жана жерлерин же баш тартуунун себебин көрсөтүү менен окууга тапшырылуучу жылдын 20-июнуна чейин тиешелүү аскер комиссариаттары аркылуу талапкерлерге маалымдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава Курсанттар катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү тартиби
41. Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын 2009- жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш убагында) жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
42. Ден соолугунун абалы боюнча чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүүгө жарактуу деп табылган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.
43. Ден соолугунун абалы боюнча чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүүгө жараксыз деп табылган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт жана ал төмөнкү жактарга жиберилет:
- аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жаран - жашаган жерине;
- аскер кызматчы (офицерлерден башкалар) - жайгашкан жери боюнча өзүнүн аскер бөлүгүнө;
- мында талапкердин өздүк делосу арызы боюнча колу койдурулуп өзүнө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлердин дене тарбиялык даярдыгын баалоо тартиби
44. Дене тарбиялык даярдыгын текшерүү коргонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
45. Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.
46. Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди тапшыра албаган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт жана ал төмөнкү жактарга жиберилет:
- аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жаран - жашаган жерине;
- аскер кызматчы - жайгашкан жери боюнча өзүнүн аскер бөлүгүнө;
- мында талапкердин өздүк делосу арызы боюнча колу койдурулуп өзүнө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына курсант катары тапшырып жаткан талапкерлердин кесиптик тандоодон өткөрүү тартиби
47. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына курсанттар катары өткөрүү үчүн талапкерлерди тандоо кабыл алуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) ден соолугунун абалы боюнча чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырууга талапкерлердин жарактуулугун аныктоо;
б) төмөнкүлөрдү камтыган кирүүчү сыноолор:
- социалдык-психологиялык изилдөөнүн, психологиялык жана психофизиологиялык текшерүүнүн негизинде талапкерлердин кесиптик жарактуулугунун категориясын аныктоо;
- талапкерлердин жалпы билиминин даярдык деңгээлин баалоо;
- талапкерлердин дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин баалоо.
48. Аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын жана аскер кызматчылардын (офицерлерден тышкары) ичинен чет мамлекеттик аскер окуу жайларына окууга тапшыруу үчүн талапкерлерди тандоо, чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан көрсөтүлгөн аскер окуу жайларынын бекитилген Тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
Конкурстук тандоого, жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тест боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган чектик баллга барабар жана андан жогорку балл алган абитуриенттер киргизилет.
Мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары конкурстук тандоого тестирлөө формасындагы экзамендин жыйынтыктары боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын тапшырбастан киргизилет.
Талапкерлер жалпы билим берүүчү предметтер боюнча тестирлөөнү кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен ырааттамасына ылайык тапшырышат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 , 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомдорунун редакциясына ылайык)
49. Кабыл алуу комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органынын жетекчисинин чечими менен жыл сайын аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылга белгиленет.
50. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы болуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жетекчилеринин АБОну тейлеген орун басарлары дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп КМ АББ жетекчиси дайындалат.
52. Кабыл алуу комиссиясына төмөнкүлөр кирет:
- мандаттык комиссия;
- апелляциялык комиссия;
- аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) подкомиссия;
- кесиптик жана психологиялык тандоо боюнча подкомиссия;
- тестирлөө формасында кирүү экзамендери өтө турган предметтердин (сабактардын) Тизмесине кирген жалпы билим берүү предметтери боюнча тестирлөө подкомиссиясы;
- дене тарбиялык даярдыкты баалоо боюнча подкомиссия.
Подкомиссиянын төрагасы болбогон комиссия мүчөсүнүн бири кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалат.
Аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) комиссияга караштуу комиссия ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык талапкерлерди акыркы медициналык күбөлөндүрүүну жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Подкомиссияларды комплекттөө Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматчыларынын ичинен аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналдардан, келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун (мындан ары - УТБ) кызматкерлеринен түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Подкомиссиялардын мүчөлөрү кылып дайындоо үчүн талапкерлерди кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары тандап алат.
55. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан экзамендер башталганга чейин предметтик экзамендик подкомиссиялардын курамына дайындалган адамдар менен нускама берүүчү-методикалык сабак өткөрүлөт.
56. Аскердик-кесиптик багытын жана жеке психологиялык сапаттарын баалоо, талапкерлердин аскер окуу жайларында ийгиликтүү окууга, тандаган аскердик адистигин үйрөнүүгө жана аскердик-кесиптик ишинде алган билимдерин натыйжалуу колдонуу үчүн зарыл болгон конкреттүү инсандык сапаттарын жана жеке өзгөчөлүктөрүн табуу максатында жүргүзүлөт.
57. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлердин ой жүгүртүү деңгээлин текшерүү (кесиптик тандоодон өткөрүү) стандарттык бланкада (А4 формат) жүргүзүлөт, анда аты-жөнү, талапкер кайсы жактан жана кайсы окуу жайына тапшырып жатканы, тестирлөөнү өткөрүү күн-айы көрсөтүлөт, ушул эле бланкага тапшырмалардын номерлери киргизилет.
Бул тестирлөө төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн кызмат өтөйт: аналитикалык, логикалык, логико-математикалык ой-жүгүртүү, мейкиндиктеги түшүнүктөрдү талдоо жөндөмдүүлүктөрүн, көңүл буруунун өзгөчөлүктөрүн.
Тест төмөнкү ар түрдүү материал колдонулган тапшырмалардан турат: мейкиндиктеги ой жүгүртүүдөгү арифметикалык жана логикалык тапшырмалар жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөө, ошондой эле лингвистикалык тапшырмалар.
Талапкерлерден кесиптик тандоодон өткөрүү үчүн 25-30 кишиден турган экзамендик топтор түзүлөт.
Тестирлөө мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
6-глава Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына курсант катары тапшырып жаткан талапкерлердин жалпы билимдик даярдыгын баалоо тартиби
58. Талапкерлердин жалпы билимдик даярдыгын баалоо экзамендерди өткөрүү жолу менен ишке ашырылат. Алар башталганга чейин талапкерлер үчүн кеңеш берүүлөр өткөрүлөт, тестирлөөнү өткөрүү тартиби жана коюлуучу талаптар түшүндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Талапкерлердин топтору 25-30 адамдан түзүлөт. Тестирлөөнүн жүгүртмөсү талапкерлерге ал башталганга чейин 3 күндөн кечиктирбей талапкерлерге жарыяланат.
Талапкерлердин тобуна бардык предметтер боюнча тестирлөө ведомосту түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Тестирлөөнү УТБ жана тестирлөөнүн подкомиссиясы жүргүзөт.
Тесттер УТБда таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат. Таңгакталган тесттер талапкерлер отургузулгандан кийин ачылат.
Тесттерде же талапкерлердин жооп барактарында типографиялык каталар табылган учурда алмаштыруу үчүн тестирлөөчү подкомиссиянын мүчөлөрүнө кайрылуу керек.
Тестирлөө мезгилинде талапкерлер тесттерди, жооп барактарын жана тест-администратору берген сомо-барактарын колдонушат.
Тесттерде жана сомо-барактарына АББнын мөөрү коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
61. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
62. Тестирлөө 2 жана андан көп бир тармактуу топтордун агымдары менен, аудиториянын сыйымдуулугуна жараша өткөрүлөт. Стол-парталардын ортосундагы аралык 1 м же 1,5 м болушу керек. Предметтердин саны жана тестирлөөгө бөлүнүүчү убакыт АББнын буйругу менен жыл сайын аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Бул топту тестирлөө үчүн дайындалган тестирлөө подкомиссиянын мүчөлөрүнөн сырткары Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушундай иш-чараларга катышууга укугу бар адамдардын тестирлөөгө катышуусу, кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Тестирлөөнүн жыйынтыктары баллдык шкаласы боюнча бааланат. Өтүү баллынын төмөнкү чеги кабыл алуу комиссиясы тарабынан жыл сайын протокол түзүү менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Экзаменге бөлүнгөн убакыт аяктаганда тест автоматтык түрдө токтойт, тесттер, жооп баракчалары жана сомо-барактары тест-администраторуна тапшырылат.
Тестирлөө аяктаганда тест-администратор подкомиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте жооп баракчаларынын бардыгын конвертке салат, мөөр басат жана иштеп чыгуу үчүн УТБга берет.
Жооп баракчалары подкомиссиянын мүчөлөрү тарабынан УТБнын кызматкерлери менен бирдикте иштелип чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
66. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
67. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
68. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерге коюлган баллды оңдоого техникалык ката кеткен учурда гана кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын уруксаты менен жол берилет. Бул факт боюнча өзүнчө протокол түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Тестирлөө аяктагандан кийин талапкерлердин жооп баракчалары курсанттардын (угуучулардын) өздүк ишинде алар чет өлкөлүк аскердик окуу жайларында окуган мезгилде сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Тестирлөөнүн жыйынтыктары тестирлөө өткөрүлгөн күндөн кийин эки иш күндүн ичинде, кабыл алуу комиссиясынын иштеген жериндеги маалыматтар тактасына илинет, АББнын сайтына жайгаштырылат же кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы тарабынан жарыяланат. Маалыматтык тактада жана сайтта кабыл алуу комиссиясынын катчысынын байланыш телефондору тууралуу да маалымат жайгаштырылат.
Жооп баракчаларын тапшырбаган талапкерлердин апелляцияга берген арызы каралбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Экзамендерди кайталап тапшырууга уруксат берилбейт. Документтер менен тастыкталган ден соолугу же башка себептер боюнча экзамендерди тапшыра албай тургандыгы жөнүндө талапкер экзамен башталганга чейин комиссияга билдирүүсү керек. Ушундай талапкерлерден экзамендерди кайра алуу экзамендерди өткөргөндөн кийин 3 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Экзамен алуучулар тарабынан коюлган баалар боюнча талапкерлердин арыздарын карап чыгуу тартибин апелляциялык комиссия аныктайт. Апелляциялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет: комиссиянын төрагасы, комиссиянын катчысы жана подкомиссиялардын төрагалары. Апелляция оозеки же жазуу түрүндөгү экзамен боюнча бааларды жарыялаган күнү жазуу түрүндө эркин формада берилиши керек.
73. Апелляцияны кароодо кайталап тестирлөө жүргүзүлбөйт. Талапкердин жооп баракчасы апелляцияны кароодо негизги документ болуп саналат.
Апелляцияны кароодо апелляциялык комиссия тарабынан талапкердин иши үчүн баллдын туура коюлушу гана текшерилет.
Баллды өзгөртүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, апелляциялык комиссиянын протоколу түзүлөт, анын чечимине ылайык протоколго өзгөртүүлөр киргизилет жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Апелляциялык комиссиянын апелляцияны караган күндөгү чечими апелляцияны берген талапкерге оозеки түрдө билдирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Кабыл алуу комиссиясы тарабынан чет мамлекеттик аскер окуу жайларына талапкерди өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдин негизи болуп кесиптик тандоонун бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстик мамилени эске алуу менен мандаттык комиссиянын чечими болуп саналат. Мында ушуга тең катары талапкердин моралдык-иштик сапаттары, анын ден соолугунун абалы жана экзамендердин жыйынтыктары эске алынат.
7-глава Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына курсанттар катары талапкерлерди өткөрүү тартиби
75. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча жарактуу, кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган талапкерлер талапкерлерди курсанттар катары өткөрүүнүн конкурстук тизмелерине киргизилет (9-тиркеме).
76. Кабыл алуучу комиссия конкурстук тизмени карап чыгуунун негизинде чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга талапкерлердин белгиленген санын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алуучу комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Кабыл алуу комиссиясынын протоколунун негизинде чет мамлекеттик аскер окуу жайларынын 1-курсуна талапкерлерди өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн органынын жетекчисинин буйругу чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
Конкурстан тышкары талапкерлердин ичинен кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган жетим балдар жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар өтөт.
77. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүүдө сыноолордун жүрүшүндө төмөнкүлөрдүн ичинен тең жыйынтыктарды көрсөткөн талапкерлер артыкча укуктарды колдоно алат:
- беш айдан кем эмес кызмат кылган мөөнөттүү аскер кызматчылары, алардын ичинен мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар;
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган майыптыктын (жаракат, травма, контузия) же оорунун кесепетинен каза болгон аскер кызматчылардын балдары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку окуу жайларына өтүүдө артыкча укук берилген башка жарандар;
- Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү (артыкчылык аттестатын алгандардан тышкары);
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган жарандар.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-марты № 137 , 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомдорунун редакциясына ылайык)
78. Курсанттар катары чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтпөгөн талапкерлер төмөнкү жактарга жиберилет:
- аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандар - жашаган жерине;
- аскер кызматчылар - жайгашкан жери боюнча өздөрүнүн аскер бөлүктөрүнө.
79. Өздүк делолор жана башка документтер талапкерлерге кол койдурулуп берилет. Окууга өткөрүүдөн баш тартуу, кирүү сыноолору бүткөндөн кийин 10 күндөн кеч эмес убакыттын ичинде аскердик бөлүктөргө жана жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалымкат түрүндө себептерин көрсөтүү менен билдирилет.
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________________________________________________ (гарнизондун, аскерлердин тобунун аталышы)
Чет мамлекеттик аскер окуу жайына тапшырып жаткан офицердин баштапкы кесиптик тандоодон өтүүсүнүн жыйынтыгынын ПРОТОКОЛУ
______________________________________________________________________
(аскер окуу жайдын аталышы)
1. Аскердик наамы, аты-жөнү_______________________________________ _______________________________________________________________________
2. Ээлеген кызматы (кызматта кайсы убактан бери)______________ _______________________________________________________________________
3. Туулган жылы жана айы__________________________________________ _______________________________________________________________________
4. Куралдуу Күчтөрдө________________________________________баштап _______________________________________________________________________
5. Офицердик наамда кызмат өтөө мөөнөтү___________________________ _______________________________________________________________________
6. Акыркы аттестациянын жыйынтыгы_________________________________ _______________________________________________________________________
7. Аскердик-кесиптик даярдык боюнча сүйлөшүүнүн
жыйынтыктары:
┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│ Сабактын аталышы │ Сабактар (предметтер) боюнча │
│ │ баалар │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│ │ │
│ │ │
│ │ │
└─────────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘
8. Дене тарбиялык даярдыкты текшерүүнүн жыйынтыктары:
┌─────────────────┬─────────────────────┬─────────────────┬───────────┐
│ Текшерүүчү │ Өлчөө бирдиктери │ Жыйынтыктары │ Баалары │
│ көнүгүүлөр │ │ │ │
├─────────────────┼─────────────────────┼─────────────────┼───────────┤
│ │ │ │ │
│ │ │ │ │
│ │ │ │ │
└─────────────────┴─────────────────────┴─────────────────┴───────────┘
Дене тарбиялык даярдыктын жыйынтыктоочу баасы______________балл.
9. Жалпы билимдик даярдыгын текшерүү жыйынтыктары:
┌──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐
│ │ Сабактардын │ Сабактар │
│ │ (предметтердин) аталышы │ (предметтер) боюнча баалар │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│1 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│2 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│3 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│4 │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│5 │ │ │
└──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┘
10. Аскердик-дарыгердик комиссиянын токтому
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Тандоо комиссиясынын катчысы
_________________________ _______________________________________
(аскердик наамы) (аты-жөнү)
2-тиркеме
Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына угуучулар катары офицерлердин катарынан талапкерлердин кабыл алууга КОНКУРСТУК ТИЗМЕ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________________________________________________________ (алдында комиссия түзүлүүчү мекеменин аталышы)
┌─┬────────┬────────┬─────┬──────────┬──────┬──────────┬─────────┬────┐
│№│Аскердик│Аты-жөнү│Туул-│Ээлеген │Кызмат│Билими, │Тике │Эс- │
│ │ наамы │ │ган │аскердик │өтөгөн│аскер │башчы- │кер-│
│ │ │ │күн- │кызматы, │жери │окуу │лардын │түү │
│ │ │ │айы │ээлеген │(а/б) │жайынын, │жыйынтык-│ │
│ │ │ │ │аскердик │ │адистиктин│тары │ │
│ │ │ │ │кызматында│ │аталышы │ │ │
│ │ │ │ │кайсы │ │ │ │ │
│ │ │ │ │жылдан │ │ │ │ │
│ │ │ │ │бери │ │ │ │ │
├─┼────────┼────────┼─────┼──────────┼──────┼──────────┼─────────┼────┤
├─┴────────┴────────┴─────┴──────────┴──────┴──────────┴─────────┴────┤
│ Аскер адистиги (адиси) │
├─┬────────┬────────┬─────┬──────────┬──────┬──────────┬─────────┬────┤
└─┴────────┴────────┴─────┴──────────┴──────┴──────────┴─────────┴────┘
КО башчысы
________________________________ ___________________________
(аскердик наамы) (аты-жөнү)
3-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакиясына ылайык күчүн жоготту)
4-тиркеме
Кабыл алуу комиссиясынын чет мамлекеттик аскер окуу жайларына конкурстук тандоо боюнча _______________________________________________________________________ (аскер окуу жайдын аталышы) ___________________________________________________________ кабыл алуу (кабыл алуудан баш тартуу) жөнүндө N__ПРОТОКОЛУ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакиясына ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
5-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакиясына ылайык күчүн жоготту)
6-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакиясына ылайык күчүн жоготту)
7-тиркеме
Аскер кызматчылардын (офицерлерден сырткары) ичинен талапкерге МҮНӨЗДӨМӨ
Аскердик наамы ___________________________________________________
Аты-жөнү _________________________________________________________
Туулган жылы, айы, күнү __________________________________________
Улуту ____________________________________________________________
Билими (аяктаган аскер окуу жайларды көрсөтүү менен)______________ _______________________________________________________________________ Куралдуу Күчтөрдөгү кызматына чейин адистиги, квалификациясы жана
адистиги боюнча иштеген стажы _________________________________________ _______________________________________________________________________ Аскер адистиги ________________________________________________________
1. Коомдук жигердүүлүгү жана негизги моралдык сапаттары:
- аскердик кызматтын социалдык маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүгү жана
Ата Мекенди коргоого жоопкерчилик сезиминин өнүгүү деңгээли;
- бөлүкчөлөрдүн коомдук турмушуна катышуусу, уюштуруучу
жөндөмдүүлүктөрү жана сүйлөшүүдөгү өзгөчөлүктөрү;
- негизги моралдык-эрктик сапаттарынын (принциптүүлүк, кайраттуу-
лук, чечкиндүүлүк, эрдик, чыдамдуулук, тартиптүүлүк, аткаруучулук, эм-
гекчилдик, чынчылдык, максаттуулук, тырышчаактык, өз алдынчалык жана
башкалар) өнүгүү деңгээли.
2. Аскердик-кесиптик багыты жана даярдыгы:
- офицер болом деп умтулуунун чындыгы жана негиздүүлүгү;
- күжүрмөн даярдыктын программасын өздөштүрүү сапаты, куралдар жана согуштук техниканы билүү деңгээли, күжүрмөн нормативдерди аткаруу;
- кызматтык милдеттерди аткарууда уставдардын жана насааттардын
жоболорун билиши жана колдоно алуусу;
- спорттук жетишкендиктери;
- кыраакылык, аскердик жана мамлекеттик сырды сактай алышы.
3. Адамдын башка мүнөздүү болгон оң жана терс өзгөчөлүктөрү жана
тиешелүү аскер окуу жайларына окууга өтүү үчүн жиберүүнүн максаттуулугу жөнүндө жыйынтык.
Аскердик бөлүктүн командири
Аскердик наамы өзүнүн колу Аты-жөнү
Аскердик бөлүктүн штабынын башчысы
Аскердик наамы өзүнүн колу Аты-жөнү 201__ж.____-______________________
8-тиркеме
Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерге МҮНӨЗДӨМӨ
Аты-жөнү ______________________________________________________________ Туулган жылы, айы, күнү _______________________________________________ Улуту _________________________________________________________________ Билими (аяктаган окуу жайларды көрсөтүү менен) ________________________ Иштеген жери, ээлеген кызматы _________________________________________ Адистиги, квалификациясы жана адистиги боюнча иштеген стажы____________
1. Коомдук жигердүүлүгү жана негизги моралдык сапаттары:
- аскердик кызматтын социалдык маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүгү жана
Ата Мекенди коргоого жоопкерчилик сезиминин өнүгүү деңгээли;
- окуу (өндүрүш) жамаатынын коомдук турмушуна катышуусу, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү жана сүйлөшүүдөгү өзгөчөлүктөрү;
- негизги моралдык-эрктик сапаттардын (принциптүүлүк, кайраттуу-
лук, чечкиндүүлүк, патриоттуулук, эрдик, чыдамдуулук жана өзүн кармана
билүүчүлүк, тартиптүүлүк, аткаруучулук, эмгекчилдик, чынчылдык, максаттуулук, тырышчаактык, өз алдынчалык жана башкалар) өнүгүшүнүн деңгээли.
2. Аскердик-кесиптик багыты:
- офицер болом деп умтулуунун чындыгы жана негиздүүлүгү;
- негизги кызыкчылыктары жана ышкыбоздуктары;
- аскердик-кесиптик ишке шыктуулугу, аны менен байланышкан билим-
дерди, ыктарды үйрөнүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуусу;
- спорттук жетишкендиктер.
3. Адамдын башка мүнөздүү болгон оң жана терс өзгөчөлүктөрү жана
тиешелүү аскер окуу жайларына окууга өтүү үчүн жиберүүнүн максаттуулугу жөнүндө жыйынтык.
Класс жетекчиси (окуучулар үчүн)
Мастер, бригадир (аскердик кызматты өтөгөн уландар үчүн)
Аскер комиссариатынын өкүлү
_______________________________________________________________________
(өзүнүн колу, аты-жөнү)
9-тиркеме
"Бекитемин" |
|
|
Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы |
|
|
___________________________________ (аскердик наамы, өзүнүн колу, аты-жөнү) |
|
|
201__ж._____-___________________ |
|
|
_______________________________________ (аскер окуу жайынын аталышы) курсанттар катары өтүү үчүн талапкерлердин конкурстук ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Аты-жөнү туулган жылы,айы күнү | Талапкер кайсы аскер комиссариатынан же аскердик бөлүктөн келген | Билими | Аскер окуу жайында окууга | Кошумча сыноолор | Тестирлөөнү тапшыруунун жүрүшүндө алынган баллдар | |||||||||
жеңилдетилген түрдө өтүү үчүн негиздердин бар болуусу | медициналык күбөлөндүрүү | дене тарбиялык даярдыгына баа | кесиптик тандоо | математика (жазуу түрүндө | орус тили (жазуу түрүндө оозеки) | чет тили (оозеки) | физика (оозеки) | химия оозеки | биология | тарых оозеки | мамлекет жана укук (оозеки) | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
Адистиги (даярдыктын адистиги) | |||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары
Аскердик наамы | өзүнүн колу | аты-жөнү |
Кабыл алуу комиссиясынын катчысы | өзүнүн колу | аты-жөнү |
10-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакиясына ылайык күчүн жоготту)