Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-июну №347

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук  тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлерди сапаттуу тандоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы "Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде жана башка мамлекеттердин аскердик-окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик кадрларды даярдоо маселелери жөнүндө" № 460 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев