КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик билим берүү уюмдарында орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу аттестация милдеттүү болот.
2. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы мамлекеттик аккредитацияланган (аттестацияланган) кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда өткөрүлөт жана ал билим деңгээли, квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ берүү менен жыйынтыкталат.
3. Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) жок окуу жайларда билим алган адамдардын бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүгө жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алууга укугу кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмдар аркылуу камсыздалат.
4. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы кесиптик билим берүү уюмдарында ар бир негизги кесиптик билим берүүчү программа боюнча түзүлүүчү мамлекеттик аттестациялык комиссиялар тарабынан ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз иштеринде ушул Жобого, кесиптик орто билим берүүчү уюм мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде кесиптик орто билим берүүнүн конкреттүү адистиктери боюнча иштеп чыгуучу окуу-методикалык документтерге таянышат.
2. Мамлекеттик жыйынтыктоочу сыноолордун түрлөрү
6. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы мамлекеттик аттестациялык сыноолордун төмөнкүдөй түрлөрүнөн турат:
- бир сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен;
- адистик боюнча дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу экзамен;
- квалификациялык бүтүрүү ишин жактоо.
7. Ар бир сабак боюнча жыйынтыктоо экзамени студенттин окутуу программасында каралган материалды билүү деңгээлин аныктоого жана ал сабактын мамлекеттик билим берүү стандартында каралган минимум мазмунун камтууга тийиш.
8. Квалификациялык бүтүрүү иштери студенттин кесиби боюнча конкреттүү маселелерди чечүүдө билимин системалаштырууга, ошондой эле бүтүрүүчүнүн өз алдынча иштөөгө даярдык деңгээлин аныктоого арналат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер дипломдук иш же дипломдук долбоор формасында аткарылат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин тематикасы кесиптик билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Студентке бүтүрүү квалификациялык ишинин темасын тандоо укугу берилип, керек болсо ал өзүнүн тематикасын, максаттуулугун далилдөө менен сунуштай алат. Бүтүрүү квалификациялык ишти даярдоодо ар бир студентке жетекчи жана кеңеш берүүчүлөр бекитилет.
9. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо мамлекеттик аттестациясынын курамына кирген аттестациялык сыноолордун убакыт көлөмү жана түрлөрү, кесиптик орто конкреттүү билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына киргизилген аттестациялык сыноолор студенттин даярдыгынын учурдагы жетишкендигин баалоо жана орто аралыктардагы аттестациялоо менен алмаштырылбайт.
10. Кесиптер боюнча дисциплина аралык жыйынтыктоо экзамендеринин программалары, бүтүрүүчү квалификациялык иштерге талаптар жана аттестациялык сыноолордо билимди баалоо критерийлери кесиптик билим берүүчү уюмдун кеңешинин жыйынында талкуулангандан кийин билим берүүчү уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
3. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары
11. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мыйзамдарына, ушул Жобого, кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына, орто окуу жайлар иштеп чыгышкан окуу-методикалык документтерге жана окуу-методикалык кеңештердин рекомендацияларына таянышат.
Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын негизги функциялары:
- бүтүрүүчүнүн кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына даярдыгын аныктоо;
- мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы менен бүтүрүүчүгө кесиптик квалификация же академиялык даража ыйгаруу жана кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ берүү;
- мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.
12. Ар бир адистик боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасынын коож карамагында турган тийиштүү мамлекеттик орган менен макулдашылган кандидатурасын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекитет.
Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар бир календарлык жыл бою иштешет.
13. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясын төрага башкарат, ал комиссиянын ишин уюштурат жана контролдойт, бүтүрүүчүлөргө коюлчу талаптардын бирдейлигин камсыздайт.
14. Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жана мамлекеттик үлгүдөгү документ берген мамлекеттик эмес кесиптик орто окуу жайлар үчүн мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагаларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекитет.
15. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы кесиптик билим берүү уюумунун окутуучуларынан жана башка мекемелерден чакырылган адамдардан: башка билим берүү уюмдарынын окутуучуларынан жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоо профилине туура келген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин адистеринен түзүлөт. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамын билим берүү уюмунун жетекчиси бекитет.
4. Мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын өткөрүү тартиби
16. Мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясына кирген аттестациялоо сынактарын өткөрүү шартын кесиптик билим берүү уюму аныктайт жана студенттерге жыйынтыктоочу аттестациядан алты айдан кем эмес мурда жеткирилет. Студенттер экзамендердин программалары менен камсыздалат, аларга даярдануу жана консультация алуу үчүн керектүү шарттар түзүлөт.
161. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет.
Ушуну менен бирге жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактарга, ошондой эле маданият жана искусство боюнча кесиптик орто билим берүүчү уюмдарындагы атайын чыгармачылык сабактарга карата аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Адистик боюнча жыйынтыктоочу сабактар аралык экзаменге жана бүтүрүүчү квалификациялык ишин жактоого кесиптик билим берүүчү бир негизги программа боюнча толук окуу курсун аяктаган жана окуу планында каралган аттестациялык сынактардан ийгиликтүү өткөн студенттер киргизилет.
Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзаменди кесиптик билим берүүчү программа боюнча толук окуу курсун бүткөнгө чейин өткөрсө болот.
18. Жыйынтыктоочу экзамендерди тапшыруу жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо аттестациялык комиссиянын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышкан ачык кароолордо өткөзүлөт.
Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга киргизилген аттестациялык сыноолордун жыйынтыктары "эң жакшы", "жакшы", "канааттанарлык", "канааттанарлык эмес" деген баалар менен аныкталат жана ошол эле күнү мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколдорун белгиленген тартипте тариздегенден кийин жарыяланат.
19. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жабык жыйында кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болот.
20. Кесиптик билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө тийиштүү квалификация ыйгаруу жана ага кесиптик орто билим тууралуу документти берүү ал мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга киргизилген бардык аттестациялык сынактын түрлөрүнөн ийгиликтүү өткөндөн кийин ишке ашырылат.
Окуу планындагы сабактардын 75%тен кем эмесинен "эң жакшы" деген баа алган, башка сабактардан "жакшы" деген баа алган жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан "эң жакшы" деген баа менен өткөн студентке артыкчылык диплому берилет.
Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын курамына кирген аттестациялык сынактарды белгиленген окуу мөөнөтүнүн ичинде тапшыра албаган студент билим берүү уюмунан чыгарылат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген үлгүдөгү академиялык маалымкат алат.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарды тапшыра албаган бүтүрүүчүлөр кайра тапшырууга бир жылдан соң гана, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөндөн кийин киргизилишет.
21. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иши жөнүндө ар жылдык отчет билим берүүчү уюмдун кеңешинде талкууланат жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация аяктагандан кийин эки айдын ичинде ушул билим берүү уюму карамагында турган аткаруучу бийлик органына берилет.