Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү тармагынын окуу-усулдук кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасындагы кесиптик орто окуу жайлардын (мындан ары - КООЖ) илимий-педагогикалык кызматкерлерин бириктирген, кесиптик орто билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик-коомдук формасы болуп эсептелет. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлөт.
2. Кеңештин ишинин багыттарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) аныктайт.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына, кесиптик орто билим берүү тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого таянат.
4. Кеңештин ишинин негизги принциптери демократиялуулук, коллегиялуулук, ачыктык жана айкындык болот.
5. Кеңештин чечимдери өзүнүн иш планына ылайык кабыл алынат жана сунуш мүнөзүндө болот.
6. Кеңештин негизги максаты - илимдин, маданияттын, техниканын жана технологиянын өнүгүү тенденциясын эсепке алып, коомдун керектөөсү, жеке адамдын кызыкчылыгы менен шайкеш келгидей, кесиптик орто билим берүүнүн сапаты, мазмуну жана түзүлүшү боюнча билим берүү саясатында сунуштарды иштеп чыгуу.
7. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- кесиптик орто билим берүү системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- эл аралык билим берүү мейкиндигине жакындашуу максатында орто кесиптик билим берүүнүн эквиваленттүүлүгүн камсыз кылуу;
- кесиптик орто билим берүү адистиктеринин жана даярдоо багыттарынын тизмесин түзүү;
- кесиптик орто билим берүүнүн кесиптик окуу программаларын жана мамлекеттик билим берүү өркүндөтүү жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- окуу процессинин окуу-методикалык адабияттар менен жабдылыш абалына талдоо жүргүзүү жана керектүү окуу китептерин жана окуу куралдарын басмага даярдоонун келечектүү пландарын түзүү;
- кесиптик орто билим берүүнү өнүктүрүү маселеси боюнча тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлүк окуу жайлар, ассоциациялар жана коомдук-кесиптик бирикмелер менен байланыш түзүү;
- билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү.
8. Кеңештин функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- кесиптик орто билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуш, пикирлерди даярдоо;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгууга адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун мазмунуна жана деңгээлине коюлуучу мамлекеттик талаптар жагында катышуу;
- окуу пландарынын долбоорлорун, ошондой эле сабактардын окуу программаларынын долбоорун иштеп чыгуу;
- өнүгүү тенденциясын талдоону жана прогноздоо, окуу жайларда адистерди даярдоо профилин өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу китептерди жана окуу куралдарды иштеп чыгууга жана алардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештигин экспертизалоого катышуу.
9. Өз милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткарыш үчүн кеңеш төмөнкү укуктарга ээ болот:
- окуу китептерин, окуу-методикалык адабияттарды жана окуу процессинде колдонулуучу аудиовизуалдык каражаттарды иштеп чыгуу үчүн автордук коллективдерди түзүү.
10. Министрликтин тапшырмасы боюнча окуу-методикалык кеңеш:
- окуу процессин, окутуунун технологиясын жана студенттердин билимин текшерүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- адистиктерди аттестациялоонун (жана коождорду аккредиттөөнүн) критерийлерин иштеп чыгууга катышат.
11. Кеңештин ишин Министрликтин буйругу менен бекитилчү төрага жетектейт, ал Кеңештин персоналык курамын түзөт, Кеңештин адистиктер боюнча ишин координациялайт, кесиптик орто окуу жайлардын окутуучулар курамын чыгармачыл топтордо жана комиссияларда иштөөгө тартуу үчүн окуу жайлар менен байланыштарды түзөт.
12. Кеңештин курамына тийиштүү профилдердеги окутуу программаларын ишке ашыруучу КООЖдордун адистери кирет.
13. Кеңештин төрагасы кесиптик орто билим берүүчү адистиктери боюнча усулдук секцияларды түзөт.
Кеңештин төрагасы дайындачу секция жетекчилери секциялардын кеңешке тапшырылган милдеттерди аткаруу боюнча ишин түздөн-түз жетектешет.
14. Кеңеш ишин өзүнүн иш планына жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен иш регламентине ылайык жүргүзөт.