Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы № 108/53/13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жана "Кыргыз Республикасынан Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| З.Асанкожоева |