Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылдын 28-февралындагы № 108/53/13 токтому менен жактырылган |
|
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - КРУБ) координацияланган макроэкономикалык жана акча-кредит саясатын жүргүзүшкөндүгүнүн натыйжасында өлкөдө макроэкономикалык, финансылык жана социалдык туруктуулук камсыз болду.
Алдын ала баалоо боюнча ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшү 2012-жылдагы 0,1%га реалдуу төмөндөөнүн ордуна 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча 10,5%ды түздү. Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз болду, мында ИДПнын түзүмүнө өнөр жайдан (5,4 п.п.) жана тейлөө чөйрөсүнөн (2,5 п.п.) эң көп алгылыктуу салым киргизилди, мында өндүрүш көлөмү тиешелүү түрдө 34,3%га жана 5,1%га реалдуу өстү. Эң көп өсүш темптери айыл чарбасында - 2,9%га жана курулушта - 12,4%га белгиленди.
Экономика тармактарынын көлөмүнүн өсүшүнө оңдоолордон кийинки Кумтөр кениндеги өндүрүштү өстүрүү, жагымдуу климаттык шарттар, текшерүүлөрдүн, уруксаттамалардын санын жана мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички суроо-талаптарды кеңейтүү жана жыл ичинде экспорттук продукцияга жагымдуу конъюнктураны сактоо көмөк көрсөттү.
Экономика тармагындагы өсүш өлкөнүн социалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы менен коштолот. Калктын кирешелеринин өсүүсүндө жана эмгек рыногундагы жагдайдын жакшырышы белгиленүүдө. 84,6 миң жумуш орду түзүлдү, бош кызмат орундарына 39,7 миң адам жумушка орноштурулду. 2013-жылдын январь-ноябрында бир жумушчунун бир айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды кошпогондо) 11085 сомду түздү жана 4,9%га өстү. Жалпысынан республика боюнча 2014-жылдын 1-январына карата аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун орточо өлчөмү 5,1%га өстү, бул кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмүнүн жогорулашына байланышкан; ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдардын орточо өлчөмү 0,1%га өстү. Октябрь айындагы кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча пенсиянын орточо өлчөмү пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн жогорулашынын эсебинен 6,8%га көбөйдү. Пенсионердин жашоо минимумуна (ПЖМ) карата пенсиянын орточо өлчөмүнүн катышы 109,3%га чейин өстү.
Бекитилген параметрлердин алкагындагы социалдык милдеттенмелер аткарылды.
Бааларды турукташтыруу боюнча Өкмөт менен КРУБдун натыйжалуу иш-аракеттери билдирилген маанидеги жылдык инфляциянын бир маанилүү көрсөткүчтөрүнөн ашпаган деңгээлин кармап турууга мүмкүндүк берди. Дүйнөлүк азык-түлүк базарларындагы баалардын туруктуулугу, ашыкча акча сунуштоону чектөөгө багытталган КРУБ жүргүзгөн акча-кредиттик саясат менен айыл чарба продукциясын сатып алууда ички базардагы сунуштардын көбөйүшү 2013-жылы инфляциянын төмөнкү өсүш темпин шарттады. 2013-жылдагы инфляция 2012-жылдын декабрына карата 4,0%ды түздү, анын орточо жылдык мааниси ушул мезгил үчүн 6,6% болду.
Өлкөнүн финансылык туруктуулугу эл аралык камдыктардын топтолушу менен камсыз кылынат. 2013-жылдын 31-декабрына карата камдыктардын көлөмү 2238,4 млн. АКШ долларын түзүп, 2013-жылдын башынан бери 8,3%га өстү.
Банк секторунун өнүгүшүнүн оң динамикасы белгиленген, бул банк тутумунун суммалык активдеринин 2013-жылдын январь-ноябрь айларында 23,4%га көбөйүүсү менен коштолду жана 107,9 млрд.сомду түздү. Банк секторунун жалпы депозиттик базасы жыл башынан бери 26,8%га көбөйүү менен, 61,0 млрд.сомду түздү, анын ичинде калктын депозиттери 29,1%га өстү.
Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 2013-жылдын 30-ноябрына карата жыл башынан бери 31,6%га көбөйүү менен, 52,8 млрд.сомду түздү. Экономикага кредит 2013-жылы жыл башынан бери 36,1%га көбөйүү менен (2012-жылы - 26,2%), 57,2 млрд.сомду түздү.
Республикалык бюджеттин тартыштыгы 2013-жылдын январь-декабрында ИДПга карата 0,8%ды түздү.
Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2013-жылы Өкмөт тарабынан Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү тизмегин аныктоочу 2013-жылга карата Иш-чаралардын дыкат планы ишке ашырылды (Өкмөттүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген). План өлкөнүн экономикасындагы абалды турукташтыруу жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча 149 артыкчылыктуу милдеттерди, ошондой эле 2013-жылдагы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду камтыйт.
2013-жылдагы экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашынын негизги фактору болуп 32 млрд.сом суммасына өздөштүрүлгөн ири инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы болду, алар: Бишкек-Нарын-Торугарт (9-272 км, 272-365 км, 365-539 км) автожолдорун реабилитациялоо, Ош-Баткен-Исфана (10-28 км, 108-123 км, 220-232 км, 232-248 км, 248-360 км) автожолдорун реабилитациялоо, Аба кыймылын уюштуруунун (АКУ) улуттук тутумун модернизациялоо боюнча долбоор, "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" аэропорттору үчүн навигациялык жабдууларды жана техникалык каражаттарды модернизациялоо жана сатып алуу, Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо (500 кВ "Датка" электр берүү линияларын бүтүрүү, 220 кВ электр берүү жаңы линияларын куруу жана 220кВ-ПС болгон 5 электр берүү линияларын кайра конструкциялоо), Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун баштоо, "Джунда" Чайна Петроль Компани" нефтини кайра иштетүүчү заводунун курулушун аяктоо, ошондой эле Кумтөр, Бозымчак, Талды-Булак Сол жээк, Шыралжын алтын кенин иштетүүгө багытталган капиталдык салымдар.
Бизнеске администрациялык жүктөмдү азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иштер Кыргызстанга бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" отчетунун маалыматына караганда Кыргызстан "Инвесторлорду коргоо" көрсөткүчү боюнча КМШга катышуучу өлкөлөрдүн ичинде 1-орунду жана дүйнөдө 22-орунду ээлейт. Менчикти каттоонун оңойлугу боюнча республика дүйнөдө 9-орунда турат.
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна (мындан ары - БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (мындан ары - БЭМ) кошулуусу боюнча ургаалдуу иштер жүргүзүлдү. Иш-чаралардын планына ылайык кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттемелерин салыштырууну кошкондо, тышкы соода ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин БСнын келишимдик-укуктук базасына шайкеш келүүсүнө талдоону, өткөрүү пункттарынын инфратүзүмүнүн абалына талдоону, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) форматы боюнча статистикалык маалыматтарды даярдаган жана ЕЭКке жиберген.
БСга кирүүдө Жол картасынын долбооруна киргизүү үчүн тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштар даярдалды.
Жол картасынын долбоорунда эске алынган кыргыз тараптын маанилүү сунуштарынын арасынан Кыргыз Республикасы өткөөл мезгил ичинде Бирдиктүү бажы тарифинен (мындан ары - ББТ) айырмаланган бажы алымдарынын ставкасын колдонууну киргизүү зарыл болгон товарлардын жана ставкалардын тизмегин аныктоо боюнча иш-чараларды, ошондой эле тармактар боюнча мыйзамды шайкеш келтирүү, өткөрүү пункттарын кошумча жабдуу жана Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жана сыноолор борборун түзүү менен байланышкан башка иш-чараларды белгилөөгө болот.
Комплекстүү жана теңдемделген мамлекеттик башкаруу жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүүгө өтүшү боюнча программа иштелип чыкты (Өкмөттүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган), мында Улуттук стратегияда коюлган ар бир маселени чечүү үчүн конкреттүү чаралары, иш-аракеттери, долбоору бар Өкмөттүн жакынкы беш жылга карата дыкат Планы негизги компонент болуп калды.
Ошентип, 2013-жылы маанилүү жетишкендиктер болду. Муну менен бирге тышкы жана ички тобокелдиктер бар, алар 2014-жылы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө таасир бериши мүмкүн.
Бир жагынан алганда, дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу. Дүйнөлүк экономикада Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн жана АКШнын экономикасындагы рецессияга жана 2014-жылы Кытайдын өсүш темпинин төмөндөшүнө алып келген төмөндөөгө ык коюу тенденциясы сакталууда. Эл аралык уюмдар дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү боюнча өз болжолдорун төмөндөө жагына 2014-жылга(1) карата мурда болжолдонгон 4% өсүштүн ордуна 3,6%га, Еврозоналар - 1%га чейин (мурда 1,1%), өнүккөн экономикалуу өлкөлөр - 2% (2,2%), Кытай - 7,3%га чейин (мурда 8,2%) кайрадан карап чыгышты. Негизги соода өнөктөш-өлкөлөрүндө да болжолдонгон көрсөткүчтөр кайра каралып чыкты: Казакстан - 6,2%дан 6%га чейин, Россия - 3%дан 2,5%га чейин.
Экинчи жагынан алганда, 2013-жылдын иш жүзүндө түзүлгөн жогорку базасы, ошондой эле алтынга болгон баанын волатилдүүлүгү 2014-жылы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түзүүгө негизги өбөлгө болот.
Бул шарттарда 2014-жылы экономикалык саясаттын негизги максаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык өсүштүн туруктуу темпине чыгуу үчүн базалык шарттарды бекемдөө болот.
2014-жылы экономикалык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- туруктуу өнүктүрүү үчүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана камсыз кылуу;
- экономиканын туруктуу өсүшү боюнча Өкмөттүн пландарын ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү;
- туруктуу экономикалык тутумду камсыз кылууга багытталган салык-бюджет саясаты жана түзүмдүк, региондук жана социалдык саясат маселелерин чечүү;
- мамлекеттик инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- ар башка пландуу иш-чаралар аркылуу экономиканын түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча максаттуу иш-аракеттердин узак мөөнөттүү макроэкономикалык тең салмактуулугун колдоого максат кылынган ыңгайлуу түзүмдүк саясатты жүргүзүү;
- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында интеграциялык процесстерди улантуу;
- калктын жашоосун камсыздоого багытталган конкреттүү чаралар менен иш-чараларды жүргүзүү аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу;
- тең салмакташтырылган региондук өнүктүрүү.
Макроэкономикалык туруктуулук реалдуу секторду өнүктүрүүгө жана социалдык милдеттенмелерди камсыздоого багытталган координацияланган акча-кредиттик, салык-бюджеттик жана инвестициялык саясаттардын эсебинен камсыз болот.
Орто мөөнөт мезгилинде баа туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу, КРУБдун акча-кредит саясатынын Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталган негизги максаты бойдон калат.
Дүйнөлүк азык-түлүк базарларында бааны турукташтыруу, ички базарда айыл чарба продуктуларын сунуштоону көбөйтүү Улуттук банк тарабынан үстөк акча сунушун чектөөгө багытталган акча-кредит саясаты менен биргелешип, 2013-жылы инфляциянын басаңдаган арымда жүрүшүн шарттаган. Баанын буга чейинки жогорулаган жагдайы монетардык эмес мүнөзгө ээ болгон. Ушул шартта келечекте түптөлүүчү баа жагдайын көбүнесе айыл чарба секторундагы түзүмдүк реформалар, өндүрүш жигерин арттыруу, тышкы экономикалык конъюнктурадагы өзгөрүүлөр, административдик жол менен белгиленген тарифтер, мамлекеттик бюджеттин көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөр сыяктуу факторлор аныктайт.
Акча-кредит саясаты орто мөөнөт мезгилинде инфляцияны 7 пайызга жакын деңгээлде кармап турууга багытталат. Азык-түлүк товарларына баанын өсүшүнүн орточо деңгээлде сакталышы, калктын топтолгон инфляциялык күтүүлөрүн басаңдатуу, тышкы жана ички талап менен сунуштун олуттуу таасирлеринин орун албашы баа туруктуулугуна жетишүүнүн маанилүү факторлорунан болуп саналат. Баа мүнөзүндөгү олуттуу таасирлерден улам келип чыккан инфляциялык басымдын күч алуу шартында жана бул таасирлер узак убакытка созулуп кетсе, КРУБ инфляциянын акчага байланышкан түзүүчүлөрүн чектөөгө багытталган акча-кредит саясатын катуулатат.
Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуунун алкагында акча-кредит саясатынын каражаттарын өркүндөтүү жана модернизациялоо боюнча иштер улантылат, бул орто мөөнөттүк келечекте пайыздык трансмиссиондук каналдын ишин жана КРУБдун негизги пайыздык ставкасынын базардык ставкаларга таасир этүүсүн күчөтүүгө тийиш. Ушул максатта КРУБдун эсептик ставкасын аныктоо механизмдери өзгөртүлүп, өтүмдүүлүктү сунуштоо жана андан арылтуунун жаңы каражаттары колдонууга киргизилет. КРУБдун коммуникациялык саясатынын ролу жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, коом алдында маалымдуулукту күчөтүү жана калктын шайкеш инфляциялык күтүүлөрүн калыптандыруудан көрүнөт. КРУБдун Башкармасынын жыл ичиндеги акча-кредит саясаты маселелери боюнча өткөрүлүүчү отурумдарынын графиги алдын ала коомчулукка билдирилет, талкууланган маселелердин жыйынтыгы боюнча пресс-релиздер дайыма жарыяланып турат.
КРУБдун акча кредит саясатынын максатына жана аралыктык максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн акча-кредит саясаты жана макроэкономикалык модель түзүү жагында экономикалык изилдөөлөрдү, анын ичинде изилдөө институттары, эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөрдүн борбордук банктары менен биргеликте уюштуруу жана жүргүзүү иши улантылат.
КРУБ Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин карманууну улантып, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө максатында гана кийлигишүүлөрдү ишке ашырат. Эл аралык камдыктарды башкаруу камдык активдердин өтүмдүүлүгүн колдоо жана коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптеринин сакталышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Өлкөнүн ички базарында алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча операциялар дүйнөлүк финансы базарларындагы жагдайды эске алуу менен эл аралык камдыктардын көлөмүн толуктоо максатында ишке ашырылат.
Акча-кредит саясатынын өткөрүү механизмин күчөтүү максатында КРУБ экономикада нак эмес акча үлүшүнүн ролун арттыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат. Бул багытта КРУБ Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн 2012-2017-жылдары көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын иш-чараларынын жүзөгө ашырылышын андан ары координациялоону жана контролдоону улантат. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр чөйрөсүндө иштин инновациялык формаларын өнүктүрүү жана колдонуу шартында төлөм кызмат көрсөтүүлөр базарын укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүү жана төлөм каражаттарына, финансылык эмес уюмдар операторлору болгон төлөм тутумдарынын ишине байкоо жүргүзүү тутумун этап боюнча колдонууга киргизүү иши улантылат.
Укуктук реформалардын алкагында КРУБ Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын тутумдаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча ишти улантууга ниеттенүүдө. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорунун кабыл алынышына жетишүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт, анын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жаңы сапаттык деңгээлге жогорулатууга, банк ишин жүзөгө ашыруудан келип чыккан мамилелерди укуктук жактан так жөнгө салууга өбөлгө түзөт, ушунун өзү калктын, ички жана тышкы инвесторлордун Кыргыз Республикасынын банк тутумуна карата ишениминин бекемделишине алып келет.
Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен КРУБ банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселеси жагындагы ишин жөнгө салууга тиешелүү ченемдик базаны ага ылайык келтирүү боюнча ишти жүргүзөт.
Банк тутумунун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактап туруу максатында атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, банк секторуна карата ишенимди бекемдөө, ошондой эле тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн негизинде эрте чара көрүү тутумунун принциптерин жайылтуу жана башкарууга баа берүү менен ички контролдоо тутумуна баа берүүнү кошо алганда, коммерциялык банктардын ишине комплекстүү баа берүүнү колдонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү улантылат. 2014-жылы КРУБ калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуунун улуттук программасын даярдоо жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди улантат.
Өкмөттүн тариф саясаты кайрадан каралып, дүйнөлүк товардык-чийки зат базарларындагы жагдай, инвестициялык саясатта жана мамлекеттик финансы секторунда олуттуу өзгөрүүлөр болгон учурда, инфляцияга баа берүүлөр кайрадан каралышы мүмкүн.
Салык-бюджеттик саясатты жүргүзүү алкагында негизги багыт болуп Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өтүү шартында натыйжалуу фискалдык жөнгө салуу тутумун түзүү саналат.
2014-жылы салык саясатынын негизги багыттары төмөнкү чараларды ишке ашыруу болот:
- салык жүктөмүн теңдөө жана инвестициялык климатты жакшыртуу;
- салык жыйымдарынын толуктугун камсыз кылуу;
- салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо;
- салыктык отчеттуулук тутумун өркүндөтүү жана автоматташтыруу.
Салык саясаты салыктардын толук келип түшүүсүн камсыз кылууга, башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүүгө багытталат. Бул үчүн орточо мөөнөттүү мезгилде салык реформалары жүргүзүлөт, атап айтканда:
- башкаруу көз карашынан алганда, легалдуу бизнеске түрткү берүүчү, бир түргө келтирген жана жөнөкөйлөтүлгөн салык алууну колдонуу;
- КНС жана сатуудан салыкты оптималдаштыруу жана кайталануусун болтурбоо, КНС боюнча жалган эсеп-фактураларынын жүгүртүлүшүн четтетүү, КНСти колдонуу чөйрөсүн башкаруу жана кеңейтүү жолу менен бюджеттин кирешелерин көбөйтүү;
- ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде жүргүзүлгөн экономикалык иштин түрлөрүн оптималдаштыруу жолу менен чакан жана орто ишкердикти реформалоо, патенттердин наркын акырындык менен жогорулатуу, ошондой эле сапаттуу башкаруу;
- алкоголго жана тамекилерге акциздик салыктардын ставкаларын акырындап өстүрүү жана акциздик салыктардын ставкаларын БСга мүчө мамлекеттердин акциздик салыгынын ставкалары менен шайкеш келтирүү аркылуу акциздик саясатты кайра кароо;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн айрым түрлөрү үчүн (ашкере байлыкка салык) ставкаларды карап чыгууга багытталган мүлккө салык салууну өркүндөтүү;
- айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыгынын ставкасын көбөйтүү;
- салык жана бажы кызматтарын модернизациялаштырууну жана автоматташтырууну аяктоо, Борбордук казначылыкты кошкондо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен алардын шайкеш келүүсүн жана интеграцияланышын камсыз кылуу.
Мамлекеттик чыгымдар саясатынын 2014-жылдагы максаты мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо, экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларды экономикалык баалоо тутумун киргизүү менен мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу болот.
2014-жылга бюджеттик саясаттын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- финансылык (бюджеттик) тартипти күчөтүү;
- программалык бюджет түзүү механизмдерин киргизүү;
- социалдык жөлөкпулдарды алуунун даректүүлүк тутумун андан ары өркүндөтүү жана үй-бүлөнүн негизинде муктаждыкты аныктоого өтүү;
- бюджеттер аралык мамилелерди борборлоштуруудан ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык өз алдынчалыгын андан ары чыңдоо;
- социалдык багыттагы бюджеттен өнүктүрүү бюджетине өтүү;
- мамлекеттик мүлктөрдү жана активдерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.
2014-жылга бюджеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик милдеттенмелерди жана социалдык кепилдиктерди аткаруу;
- калктын жашоо деңгээлинин региондор аралык жиктелүүсүн азайтуу;
- бюджеттин тартыштыгын азайтуу;
- инвестициялык процесстерди активдештирүү.
Өлкөнүн бюджеттик саясатын аныктаган Бюджеттин орто мөөнөттүк болжолдоосун иштеп чыгуу форматын жана жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча иштер, ошондой эле бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана ачык-айкын чыгымдалышын жогорулатууга өбөлгө түзгөн программалык бюджет түзүү элементтерин киргизүү боюнча иштер улантылат.
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу үчүн Өкмөттүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 токтому менен бекитилген 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар көрүлөт.
Мамлекеттик финансыны башкаруу тутумун реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин долбоорун жылдыруу боюнча иштер улантылат, бюджет процессин автоматташтыруу жана бюджеттер аралык мамилелер тутумун өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу максатында конкреттүү программаларга жана долбоорлорго бюджеттик чыгымдарды пландоону, пайдаланууну болжолдогон бюджеттик сарптоолордун натыйжалуу механизми акырындап колдонууга киргизилет. Бул болсо бошотулган каражаттарды экономиканы өнүктүрүүгө багыттоого өбөлгө түзүп, андан соң кирешелердин түшүүсүнүн өсүшүнө алып келет.
Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча иш мамлекеттик инвестицияларды кыскартууга жана аны кайра багыттоого бурулат. Мында, эң чоң финансылык, экономикалык жана социалдык натыйжалуулукка ээ болгон долбоорлорго артыкчылык берилет. Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашыруу (кредиттик, ошондой эле гранттык негизде), инвестициялык долборлорду тандоо процессине мониторингдөө олуттуу күчөтүлөт.
Мамлекеттик карызды башкаруу мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин сактап калуу жана карыз оорчулугун акырындан жеңилдетүү багытында, анын ичинде тышкы карыз боюнча белгиленген төлөө графиктерин бир учурда сактоо менен сырттан карыз алууларды оптималдаштыруунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын орто мөөнөттүү келечекте башкаруунун учурда колдонулуп жаткан стратегиясынын алкагында жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлине жетишүү, анын түзүмүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу үчүн негиздерди түзүү максатында төмөнкүдөй иштер болжолдонууда:
- мамлекеттик тышкы карыздын оорчулугун азайтуу;
- мамлекеттик карызды өз учурунда тейлөө;
- тышкы карызды андан ары кайра түзүмдөштүрүүнүн мүмкүнчүлүгүн кароо;
- эки тараптуу кредиторлор менен конверсиондук операцияларды жүргүзүү;
- натыйжалуу жана экономикалык жактан негизделген долбоорлорду ишке ашырууга 35%дан кем эмес грант элементи менен жеңилдетилген тышкы кредиттерди тартуу;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды биринчилик сыяктуу эле, экинчилик рыногун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды кармоочулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу ички карыз алуулардын көлөмүн өстүрүү.
Инвестициялык саясатты жүргүзүү алкагында артыкчылыктуу багыттар болуп төмөнкүлөр саналат: бизнес жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн азайтуу жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн тикелей инвестицияларды тартуу жолу менен жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталган мамлекеттин инвестициялык саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана инвестицияларды тартуунун жана колдоонун механизмдерин түзүү.
Натыйжалуу институттук механизмди түзүү координациялоочу орган катары чыгуучу жана каалаган потенциалдуу инвестор зарыл маалыматты алууга мүмкүндүгү болгон, долбоорду ишке киргизүүдө жана ишке ашырууда көмөк көрсөтө алган "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштей турган Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти (ИИА) түзүүнү болжолдойт.
Экономиканын социалдык-маанилүү секторуна инвестицияларды өбөлгөлөө максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин пайдалануу алга жылат жана мыйзамдарды өркүндөтүү ишке ашырылат.
Инвестицияларды тартуу жана колдоо механизмдерин түзүү өзгөчө жеңилдиктерди жана өбөлгөлөрдү алуу үчүн долбоорлорду аныктоо критерийлерин иштеп чыгууну, ошондой эле инвестициялык өбөлгө картасынын (ИӨК) негизинде инвестициялык өзгөчө жеңилдиктерди берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, инвестициялык визаны алуу үчүн талап кылынган босоголук сумманы азайтууну, инвестициялык мыйзамдарды турукташтырууну камсыздоону ж.б. болжолдойт.
Ишкердик ишти жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүүсүнүн деңгээлин азайтуу үчүн лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө, техникалык жөнгө салуу тутумунда колдонулуудагы лицензиялык-уруксат берүүлөрдүн санын кыскартуу; ашыкча контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын кыскартуу; тобокелдиктердин критерийлеринин тутумуна негизделген текшерүүлөрдүн жаңыртылган механизмдерин түзүү аркылуу мамлекеттик жөнгө салууну реформалоо улантылат.
Тышкы экономикалык ишти жүргүзүүнүн алкагында интеграциялык бирикмелердин жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш катары өлкөнүн беделин түзүү болуп саналат.
Кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын кызыкчылыктарын интеграциялык бирикмелердин жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында жигердүү илгерилетүү, либералдуу соода-экономикалык мамилелерди түзүү, экономикалык максатка ылайыктыгын эске алуу менен өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу негизги багыттар болуп калат.
БСга жана ЕЭМге Кыргыз Республикасынын кириши аркылуу региондук экономикага интеграциялоо тышкы экономикалык артыкчылыктардын бири болуп саналат.
БСга жана ЕЭМге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз тараптын атынан чыгуучу Өкмөттүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия ЕЭКтин жумушчу тобу менен Кыргыз Республикасынын БСга кошулуу маселелери боюнча кабыл алынган Иш-чаралардын биргелешкен планына ылайык биргелешип иштөөнү улантат. Кыргызстан өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын эске алуу менен жана Кыргызстандагы социалдык туруктуулукка зыян келтирбестен башка мамлекеттер менен интеграциялык процесстерге катышат, бул багытта пункттарды биротоло түзүү жана Кыргыз Республикасынын БСга кошулуусунун Жол картасын кабыл алуу үчүн ЕЭК менен иштөөнү улантат.
Ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу жана кызыкчылыгын коргоо принциптеринде узак мөөнөттүү экономикалык мамилелерди түзүү аркылуу соода мамилелерин андан ары интеграциялоонун жана өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү максималдуу колдонулат.
Акча-кредиттик, салыктык-бюджеттик, инвестициялык жана тышкы экономикалык макулдашылган саясатты жүргүзүү оң динамиканы камсыз кылат жана экономиканын реалдуу секторунун туруктуу өсүшүнө шарттарды түзөт.
2014-жылы экономикалык өнүктүрүү 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясындагы багыттарды эске алуу менен экономиканын тармактарында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү аркылуу өнүктүрүүдөгү туруктуу позицияларга чыгуу менен бүгүнкү күндө түзүлгөн экономикалык базанын негизинде түзүлөт.
Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын (Өкмөттүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому), Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын (Өкмөттүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 токтому), Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясын (Өкмөттүн 2012-жылдын 28-майындагы № 330 токтому) ишке ашыруу улантылат.
Республиканын өндүрүштүк кубаттуулуктарын натыйжалуу пайдалануу жана өнөр жай потенциалын андан ары өнүктүрүү максатында токтоп калган ишканалар, мамлекеттик үлүштүк катышы бар ишканалар, иштеп жаткан ишканалар жана жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын планы ишке ашырылат.
Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Тереккан алтын кендерин иштетүү улантылат. Туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу жана "Кумтөр" долбоорунун таасирин азайтуу үчүн жаңы кендерди жана өндүрүштөрдү ишке киргизүү аркылуу диверсификациялоо улантылат. Алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк бере турган Бозымчак, Талды-Булак Сол жээк, Иштамберды алтын кендерин ишке киргизүү; кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканын тармактарына жана калкка күйүүчү-майлоочу материалдарды үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кыла турган "Джунда" Чайна Петроль Компани" ЖЧКсы мунайды кайра иштетүүчү заводун жана Токмок мунайды кайра иштетүү заводун пайдаланууга киргизүү жана көлөмүн өстүрүү сыяктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башталат.
"Интергласс" ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү анын долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугун өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Ички базардагы суроо-талаптын өсүшүнө ылайык курулуш материалдарын өндүрүү үчүн чийки затты казып алууну көбөйтүү жана импортту алмаштыруу "Түштүк Кыргыз цементи" ЖАКынын, "Курулуш материалдарынын түштүк комбинаты" ЖЧКсынын, "Кант цемент заводу" ААКынын, "Ак-Сай цемент" ЖЧКсынын кубаттуулуктарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
2014-2018-жылдары тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн программасы жана 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыгат.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги максаты - бул өндүрүштү өстүрүү үчүн шарттарды түзүү, продукциянын сапатын арттыруу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Айыл чарбасын өнүктүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга топтолот:
- айыл чарбасын башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү жана кадрларды, айыл чарба өндүрүшүн топтоо үчүн өбөлгөлөрдү даярдоо;
- агроөнөр жай продукциялар өндүрүшүн өстүрүүнү жана экспорттоону колдоо;
- айыл чарба өндүрүшүн сервистик кызмат көрсөтүүлөр менен тейлөөнү камсыз кылуу;
- суу жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү үчүн финансылык, материалдык-техникалык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө, продукцияларды сатып өткөрүү базарларын кеңейтүүгө көмөк көрсөтүлөт. Бул үчүн финансылык ресурстарга жетүүдө жеңилдиктерди берүү улантылат. Кредиттик каражаттарга жетүү фермерлерге жана кайра иштетүүчү ишканаларга "Айыл чарбасын каржылоо" жеңилдетилген кредит берүүнүн өкмөттүк программасын ишке ашыруу менен камсыз кылынат.
Органикалык айыл чарба технологияларын колдонуп, тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу менен экологиялык таза өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарба продукцияларын өндүрүүнү өстүрүүгө көмөк көрсөтүү маанилүү багыт болуп калат.
Үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын өндүрүштүк потенциалын чыңдоо, асыл тукум малдарды эсепке алууну жакшыртуу, агротехнологияларды өнүктүрүүнү колдоо боюнча чаралар өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн жана мал чарбачылыгынын өнүмдүүлүгүн жогорулатууга, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоону жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Бул үчүн түзүлгөн үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер улантылат.
Кооперативдерди өнүктүрүү жеке менчикти жана кооперативдик мамилелердин потенциалдуу катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо жагынан мыйзамдарды өркүндөтүү менен колдоого алынат. Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында Кооперативдерди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын жана Кыргыз Республикасында Жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун мамлекеттик программасын кабыл алуу менен өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуучу жана жаңы жумуш орундарын түзүүчү айыл чарба кооперативдерин, экспортко багыт алган кластерлерди биринчи кезекте мамлекеттик колдоонун жол-жоболору иштелип чыгат.
Курулуш секторун өнүктүрүүнүн негизги максаты жарандардын жашоо-турмушу үчүн коопсуз шаар куруу жана архитектуралык-курулуш чечимдерин колдонуу боюнча талаптарды эске алуу менен экономикага жана социалдык чөйрөгө капиталдык салымдарды тартуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
2014-жылы капиталдык салымдардын көлөмү артыкчылык тартипте социалдык-экономикалык маанидеги объекттерди курууга жана кайра конструкциялоого, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, турак үйлөрдү курууга, ошондой эле республикада автожолдорду жана ГЭСтерди курууга жана кайра конструкциялоого багытталат.
Калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыздоо, курулушта жаңы ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу учурдагы иштерди оптималдаштыруу негизги багыт болуп калат. Бул багыттарды ишке ашыруу калктуу конуштарды курулуш документтери менен камтууга, жаңы курулуш үчүн жер участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга; инженердик тарамдарды орнотуу планынын катуу сакталышына, калктуу конуштардын инфратүзүмүн, транспорттук түйүндөрдү, байланыштарды өнүктүрүүнүн пландуулугуна; сейсмикалык коопсуздуктун кыйла заманбап талаптарын иштеп чыгууга; заманбап базарга адаптацияланган баа түзүү тутумун реформалоого; курулушта кыйла өркүндөтүлгөн уруксат берүү тутумун түзүүгө мүмкүндүк берет.
2014-жылы курулуштагы артыкчылыктуу багыттар: жеке турак жай куруу объекттери; транспорттук магистралдар объекттери (Бишкек-Нарын-Торугарт (9-272 км, 272-365 км, 365-539 км), Тараз-Талас-Суусамыр (III фаза), Бишкек-Ош (IV фаза), Ош-Баткен-Исфана автожолдорун калыбына келтирүү долбоорун ишке ашырууну улантуу, Исфана-Сүлүктү-Ходжент автожолун калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу (Тажикстан Республикасы менен чек арага чейин, "Баткен", "Исфана", "Жалал-Абад" аэропортторун кайра конструкциялоо), энергетика объекттеринин (Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, Камбар-Ата ГЭС-1, 500 кВ "Датка-Кемин" ЭБЛди жана 500 кВ "Кемин" көмөк чордонун куруу" долбоорун, "Электр станциялары" ААКынын каражаттарынын эсебинен Камбар-Ата ГЭС-2нин 2-гидроагрегатын ишке киргизүүнү камсыз кылуу, "Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоору) болуп калат. 2014-жылы Түндүк-Түштүк автомобиль жолунун 1-фазасы болгон Арал-Кызыл-Жылдыз (183-195 км) жана Казарман - Жалал-Абад (291-433 км) участкаларын куруу долбоорун ишке ашырууну баштоо пландаштырылууда. Кен казуу өнөр жайынын объекттеринде инвестициялар өздөштүрүлөт, 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн мамлекеттик программасынын (Өкмөттүн 2011-жылдын 16-майындагы № 229 токтому менен бекитилген) иш-чараларын ишке ашыруу улантылат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПны түзүүдө негизги сектор боюнча калат, ИДПнын түзүмүндөгү анын салыштырма салмагы дээрлик 50%га жетет.
Кызмат көрсөтүү секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- соода жаатында жөнгө салуучу саясатты өркүндөтүү жана жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү;
- сооданын заманбап түрлөрүн киргизүү;
- кеңири калк үчүн керектөө базарларынын жеткиликтүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуу;
- ири соода борборлорун кеңейтүү жана өлкөнүн түштүгүндө - Баткен облусунун Лейлек районунда жана өлкөнүн түндүгүндө - Чүй облусунун Жайыл районундагы Чалдывар айылында чек ара жанындагы соода борборлорун түзүү;
- жүргүнчү жана жүк ташууларды ишке ашырууда жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык базарларында кыргыз автоташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча шарттарды түзүү жана чараларды көрүү;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана акча которуулардын электрондук Улуттук тутумун киргизүү жолу менен "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын тармактары аркылуу акча которууларынын көлөмүн көбөйтүү;
- аналогдук бергичтерди жана жабдууларды модернизациялоо жана санариптик бергичтерге алмаштыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын заманбап санариптик телерадиоберүү тутумун түзүү;
- көптөгөн өлкөлөрдүн туристтеринин керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүү атаандаш туристтик продуктуну түзүү үчүн шарттарды түзүү.
Региондук өнүктүрүү инфратүзүмдүк жана институттук чектөөлөрдү болтурбоого, жарандарга өздөрүнүн социалдык жана экономикалык укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана адам потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тутумун түзүүгө, региондорду, алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоого, ошондой эле мындай саясатты ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди иштеп чыгууга багытталат. Ишкердикти жигердүү өнүктүрүү жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу, өздүк ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана өндүрүш күчтөрүн туура жайгаштыруу аркылуу региондордун экономикасын диверсификациялоого багытталган региондук саясаттын жаңы Концепциясы иштелип чыгат.
Социалдык саясат социалдык коргоонун, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун тутумун андан ары өнүктүрүү, пенсиялык тутумду өркүндөтүү аркылуу адам капиталынын сапаттуу өсүшүн улантууга багытталат.
Адамды өнүктүрүү жана кедейчиликтин деңгээлин төмөндөтүү менен байланышкан маселелерди чечүү туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп калат. Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү программалык документ 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн стратегиясы болуп саналат.
2014-жылы социалдык өнүктүрүү саясаты төмөнкүлөргө багытталат:
- социалдык кепилдиктерди жана милдеттенмелерди, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону кошкондо, толук көлөмдө камсыздоого;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде оор турмуш шартта жашаган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, үй-жайсыздарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жана натыйжалуу көрсөтүүгө;
- социалдык өнүктүрүү тутумунун оң динамикасын сактоого жана андан ары өнүктүрүүгө.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттарын жана наркын эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштер улантылат. Мындан тышкары жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына кызмат көрсөтүүчү уюмдарды аккредитациялоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Альтернативдүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн оор турмуштук жагдайдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды коштоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү пландаштырылууда.
Оор турмуштук жагдайларда калган балдарды орноштуруунун ар кандай формаларын (асырап алган үй-бүлө, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, асырап алуу, күндүз болуу борборлору ж.б.) өнүктүрүү жана киргизүү боюнча иштер улантылат.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоонун деңгээлин жогорулатуу максатында кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүнүн жыл сайын 10%га өсүшүнүн эсебинен балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу пландаштырылууда. Ошондой эле балдары бар үй-бүлөлөрдү өз убагында жана комплекстүү социалдык жактан колдоо боюнча чараларды көрүү үчүн социалдык паспорттоштуруунун механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Жатак мектеп түрүндөгү балдар мекемелерин башкарууну оптималдаштыруу жана каржылоо боюнча иштер улантылат. Бул багыттагы иштер этап менен жүргүзүлөт.
Эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптуулук проблемаларын аныктоого жана чечүүгө карата мамилени өзгөртүү боюнча иштер улантылат. Мындан тышкары медициналык-социалдык эксперттик комиссияны (МСЭК) реформалоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Мында реформа ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир адам менен жекече иштөөгө багытталат.
Улгайган жарандарга альтернативдик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Белгилүү жашаган жери жок адамдар менен иштөөчү социалдык тейлөө мекемелеринин тарамдарын өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.
Калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин бөлүнүштөрүндө иштелип чыккан "Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутуму" программалык камсыз кылууну киргизүү боюнча иштер улантылат.
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу тутумун өнүктүрүүнүн негизги максаты мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карыган кезде, ооруп калганда жана багуучусунан айрылган учурда жарандарды пенсия менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди аткаруу болуп саналат.
2014-жылы пенсиялык саясат төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга топтолот:
- пенсиялык камсыздоо жаатында мамлекеттин кепилдиктерин камсыздоо;
- калкка сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн пенсиялык камсыз кылуу тутумунун потенциалын өстүрүү.
2014-жылга негизги милдеттер пенсиялык тутумдун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жогорулатуу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында укуктук мамилелерди өркүндөтүү болот.
Пенсиялык тутумдун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар ишке ашырылат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн көбөйүшүн камсыз кылуу;
2) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына базарларда жана айыл чарба секторунда иштеген жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын теңештирүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле карызы бар төлөөчүлөргө рейддик контроль жүргүзүү жана банктардагы эсептерине төлөм талаптарын коюу боюнча мыйзамдарга оңдоолорду киргизүү;
3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун инвестициялык портфелин кеңейтүү;
4) мигранттарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумуна тартуу боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана республикалык бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн жыл сайын индексациялоону камсыз кылуу;
- пенсиялык камсыздоого, пенсияларды чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүүгө, пенсия чектөөнүн эрежелерин өркүндөтүүгө, пенсияларды чектөөдө жеңилдиктерди берүүнү кыскартуунун мүмкүнчүлүктөрүн кароого республикалык бюджетти чыгымдоонун даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча укуктук мамилелерди өркүндөтүү боюнча милдет Кыргыз Республикасында Пенсиялык тутумду андан-ары реформалоо программасынын долбоорунун иштелип чыгышын болжолдойт.
Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн пенсиялык камсыздоонун потенциалын өстүрүү боюнча артыкчылыктардын алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен болгон мамилелердеги ачык-айкындык саясатын ишке ашыруу, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө бирдиктүү маалыматтык тутумду түзүү боюнча; камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйноо процессин автоматташтыруу, пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө боюнча иштер улантылат.
Толук масштабдуу негизде иш менен камсыз кылуу максатында окутуу жана ишке орношууга көмөк көрсөтүүгө, айылдарда ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө, эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталган 2020-жылга чейин Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы ишке киргизилет. Калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы саясаттын чаралары төмөнкүлөр болот:
- жергиликтүү деңгээлде кесиптик багыт берүүнү жүргүзүү методикасын жана механизмин, социалдык жактан маанилүү коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды уюштуруу үчүн программаларды жана долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өнөктөштүктүн механизмдерин киргизүү, чакан ишкердик жана фермердик чөйрөлөрдө жеке бизнести уюштуруу үчүн чакан насыяларды берүүнүн эсебинен жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү эмгек базарларында талап кылынган кесиптерге жумушсуздарды окутуу аркылуу жумуштуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу;
- республиканын бардык региондорунун ишке орноштуруу кызматтарында эмгек базарларынын маалыматтык тутуму боюнча программалык продуктуну киргизүү аркылуу жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөр тууралуу сапаттуу маалыматтарга кеңири жетишүүнү камсыз кылуу, региондук кызматтардын алдында 10 маалыматтык-консультациялык борборду жабдуу жана ишке киргизүү, кесипке багыттоочу ишти системалуу негизде жаштар арасында жана "Бош орундардын жармаңкесинде" өткөрүү;
- жаңы стандарттардын негизинде окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн эсебинен кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун жумушчу адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун кадрдык потенциалын жана тийиштүү мекемелерин даярдоону талап кылуучу экономиканын объекттерин жайгаштыруу карталарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; алыскы, бийик тоолуу жана чек арага жакын конуштардагы жумушсуз аялдарды жана жаштарды элдик кол өнөрчүлүккө үйрөтүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн программаларын ишке киргизүү; жашы, мөөнөтү, адистиги боюнча ийкемдүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- уюштурулган жалдоону киргизүү аркылуу чет өлкөлөрдө ишке орноштуруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жол-жоболорун стандартташтыруу, ал Кыргызстандан расмий ишке орноштуруу боюнча эмгек ресурстарын кабыл алууга, социалдык камсыздандырууга жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого мүмкүндүк берет. Демилгелер аркылуу эки тараптуу мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында, дипломдорду/тастыктамаларды (жумушчу кесиптерди) өз ара таануу тутумун киргизүү, эмгек чөйрөсүндө негиз түзүүчү принциптердин жана укуктардын базасында мигранттардын эмгек келишимине карата минималдуу талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча иштер улантылат;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кызыкчылыгында жаштардын өздөрүн көрсөтүшү жана потенциалын андан ары ишке ашыруулары үчүн шарттарды түзүү.
Билим берүү тутумун өнүктүрүүнүн максаты адамдын жеке жана кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн ички жана тышкы ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен камсыз кылуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кадрлар менен мамлекетти жана коомду камсыз кылуу болуп саналат. Максатка жетишүү 2012-2020-жылдарда Билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясына ылайык төмөнкүдөй артыкчылыктарды ишке ашыруу аркылуу камсыз кылынат:
- билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- адамдын курактык керектөөлөрүнө ылайык сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү;
- илимий чөйрөнү, анын ичинде жогорку окуу жайларын өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүгө багытталган конкреттүү тапшырыкчы менен иштөөгө кайра багыттоо.
Саламаттыкты сактоо секторун өнүктүрүүнүн максаты калктын, анын ичинде курчап турган чөйрөнүн факторлорунун таасири менен байланышкан оорулардын деңгээлин азайтууга багытталган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди чечүүгө багытталат:
- калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталган саламаттык сактоо тутумунун потенциалын чыңдоо;
- калктын жана өзүнчө алганда ар бир адамдын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү.
2012-2016-жылдарга саламаттык сактоону реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасын, 2012-2016-жылдарга "Кургак учук IV" улуттук программасын, 2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын, Жеке медицинаны өнүктүрүүнү жана секторлор аралык келишимдик мамилелерди эске алуу менен саламаттык сактоо тутумун өркүндөтүүнүн концепциясын ишке ашыруу улантылат.
Ошентип, 2014-жылы жүргүзүлүүчү Өкмөттүн жана КРУБдун экономикалык саясаты ИДПнын 5%дан кем эмес реалдуу өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Инфляциянын деңгээли бир орундуу көрсөткүчтөн ашпаган мааниде кармалып турат.
Макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүнүн негизги шарты өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу, ички ресурстарды жана өздүк потенциалды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү болуп саналат.
Өкмөт жана КРУБ экономиканын стратегиялык кызыкчылыктарына ылайык келген тобокелдиктин факторлорунун таасирин минималдаштыруу, заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү банк секторун түзүү үчүн биргелешкен жигердүү аракеттерди көрөт. Банк секторунун туруктуу иштеши, ошондой эле насыялык жигердүүлүктүн өсүшү андан ары өнүгүүгө жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун насыялоону кеңейтүүгө жана экономикалык өсүшкө дем берүүгө көмөк көрсөтөт.
2014-жылга максаттуу сандык макрокөрсөткүчтөр жалпысынан экономиканын иштешине таасир берүүчү тобокелдиктин жаңы факторлору жана жагымдуу өбөлгөлөр пайда болгон учурда такталышы мүмкүн.