Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борбору (мындан ары - УХБ) жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медицина кадрларын тартуу менен гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, ириң-септикалык, эндоскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам берүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөөчү уюму болуп саналат.
2. Бул Устав УХБнын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Бул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
3. УХБнын уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. УХБнын негиздөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
5. УХБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын илимий саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги) буйруктарын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. УХБнын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланат.
7. УХБ финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска ээ болгон, финансылык-насыялык мекемелерде эсептешүү жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар юридикалык жак болуп эсептелет.
8. УХБ өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат, УХБ аларга карата жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашып жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
9. УХБ мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары жана милдеттери бар.
10. УХБ Дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө ишин жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик уюмдар менен түздөн-түз иштешет.
11. УХБнын юридикалык дареги: 720044, Бишкек шаары, 3-линия көчөсү. 25.
12. УХБнын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борбору";
- расмий тилде - "Национальный хирургический центр при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КР ССМ УХБ";
- расмий тилде - "НХЦ МЗ КР".
2. УХБнын максаты жана милдеттери
13. УХБнын максаты калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардамды көрсөтүү, оорулууларды диагностикалоонун жана хирургиялык дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, хирургия кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону өркүндөтүү, илим-изилдөө иштерин ылайыкташтыруу, ошондой эле теориялык жана клиникалык хирургия жаатындагы дарылоо-консультациялык жардам берүүнү, окутуу-методикалык ишти жана илимий изилдөөлөрдү координациялоо, Кыргызстандын хирургдарын дүйнөлүк хирургиялык коомчулукка интеграциялоо болуп саналат.
14. УХБнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- иштин заманбап формаларын жана ыкмаларын пайдалануу менен хирургиялык илимди өнүктүрүү;
- хирургиялык оорулар менен ооругандарды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
- хирургияны гармониялуу жана ар тараптуу өнүктүрүү жана калыптандыруу үчүн окумуштуу-хирургдардын жетишкендиктерин жана интеллектуалдык потенциалын пайдалануу;
- ата мекендик илимдин жана билим берүүнүн маанилүү маселелерин чечүү, биргелешкен илимий-медициналык жана илимий билим берүү программаларын жана долбоорлорун түзүү жана аткаруу үчүн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуу-хирургдарынын күчтөрүн консолидациялоо;
- фундаменталдык изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана аларды хирургиялык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча координациялоо;
- ата мекендик хирургиянын жана дүйнөлүк илимдин маанилүү жетишкендиктерин талдоо жана жалпылоо жана аларды практикага киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- ар кандай хирургиялык жамааттардын, кафедралардын жана клиникалардын илимий изилдөөлөрүн интеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- клиникалык жана эксперименттик хирургия маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча илимий-практикалык, методикадык жардам көрсөтүү;
- изилдөөчүлөр үчүн жумушчу орундарды түзүү жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3. УХБнын функциялары
15. УХБ жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Бишкек шаарынын калкына шашылыш хирургиялык жардам көрсөтөт жана республиканын калкына боордун, өт чыгаруу жолдордун, уйку бездин, ичеги карын трактынын патологиясы, ириң-септикалык оорулары боюнча пландык хирургиялык жардам көрсөтөт;
- теориялык жана клиникалык хирургия маселелери боюнча дарылоо-консультациялык жардам берүү, окутуу-методикалык иштерди жана илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
- гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, ириң-септикалык, эндоскопиялык жана шашылыш хирургия боюнча дарылоо-илимий-окутуу процессин өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат жана камсыз кылат;
- эл аралык, республикалык жана региондук программаларга жана долбоорлорго, илимий изилдөө иштерине илимий экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- илимий кадрларды даярдоонун жаңы формалары, түзүлгөн илимий хирургиялык мектептерди чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, бул сунуштарды жүзөгө ашырууга катышат;
- ата мекендик хирургия илимин, билим берүүнү жана практиканы өнүктүрүү белгиленген тартипте өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү эл аралык түз байланыштарды жана мамилелерди түзөт;
- илимий кадрларды аттестациялоого катышат жана аттестациялоо тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- илимий программалардын жана долбоорлордун аткарылышын камсыздоо үчүн убактылуу чыгармачыл топторду түзөт;
- хирургиялык илимдин, практиканын жана билимдин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, анын ичинде эл аралыктарын уюштурат жана өткөрөт;
- хирургдарды чет өлкөлөрдүн алдыңкы илимий жана окутуу борборлоруна тажрыйба топтоого жана илимий иштөөгө жиберүүгө өбөлгө түзөт;
- Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуу-хирургдарынын жетишкендиктерин үгүттөөгө жана кеңири пайдаланууга багытталган басып чыгаруу ишин жүргүзөт;
- хирургия тармагындагы иштер боюнча автордук укуктарды коргойт, ойлоп чыгарылгандарды жана рационализатордук сунуштарды өз убагында карап, колдонулушун камсыздайт;
- "Кыргызстандын хирургиясы", "Кыргызстандын саламаттык сактоосу", "Ден-соолук", "Здоровье", "Медициналык жаңылыктар", "Борбор Азия медициналык журналы" илимий-практикалык журналдардын ишине көмөк көрсөтөт;
- УХБнын материалдык базасын өркүндөтүү жана анын кадрларынын даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизет;
- медициналык илимдин жана саламаттык сактоонун жетишкендиктерин үгүттөйт, республиканын калкынын арасында санитардык үгүттөөгө көмөк көрсөтөт;
- УХБнын максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
4. УХБнын укуктары жана милдеттери
16. УХБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам алууга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш жүргүзгөн башка адамдар тарабынан дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү, бейтап баянынан үзүндүнү, маалымкат, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- консолидацияланган бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
- саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарын жана керектелүүчү материалдарды, медициналык жабдууларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдарына ылайык сатып алууга;
- УХБнын багыты боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
- дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштер боюнча өзүнүн багытын аныктоого;
- УХБнын багыты боюнча илимий мекемелер жана ишканалар менен байланышты өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралыктарына кирүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илим-изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, УХБнын кызматкерлерин социалдык коргоого жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого пайдаланууга;
- медициналык жана башка иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик, менчик жана башка уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- УХБнын филиалдарын, илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүнүштөрүн түзүү жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизүүгө;
- тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардамдарды көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий изилдөө иштерине тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарууга.
17. УХБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- УХБнын багыты жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардамды өз убагында көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда иштөөгө даяр болууга (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө оор жана кооптуу шарттарда иштөө);
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы тартипти сактоого;
- саламаттык сактоонун чектеш кызматтарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- сергек жашоо мүнөзүн үгүттөөгө жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
- жогорку жана орто кесиптик медициналык атайын окуу жайлары менен студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү келишимдик негизде уюштурууга;
- бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболору жана мамлекеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү боюнча регламентти сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
18. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн УХБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. УХБнын түзүмү
19. УХБнын түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча УХБнын илимий кеңешинин чечими менен УХБнын директору тарабынан бекитилет.
6. УХБнын ишин башкаруу
20. УХБ Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүнө таандык.
21. УХБнын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан, ал эми илимий жана билим берүү иши Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
22. УХБны директор жетектейт.
23. УХБнын директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
24. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. УХБнын директорунун ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- УХБнын илимий кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынан кеминде үчтөн эки бөлүгү демилге көтөрүп чакыртып алуунун негизинде;
- оорусунан улам кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калганда;
- каза тапкан учурда;
- соттун айыптоо чечими күчүнө киргенде.
25. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси УХБ директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну УХБ директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башкаруу принцибинде УХБны башкарат жана УХБнын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу, финансылык тартипти сактоо, бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук, УХБнын оперативдүү башкаруусунда болгон мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктарды сактоо, УХБнын кызматкерлеринин укуктарынын коргоо, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- УХБнын айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик таасир берүү чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде эсептерди жана улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы башка эсептерди ачат;
- УХБнын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
- өзүнүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
27. УХБнын директорунун илимий иштер боюнча орун басарлары Билим берүү жана илим министрлигинин, ал эми клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлигинин макулдашуусу боюнча УХБнын директору тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
28. УХБда Ардактуу директор кызмат орду ачылат, ал УХБны түзүүгө жана өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон УХБнын мурунку директорлорунун арасынан УХБнын илимий кеңешинин жыйынында шайланат.
Ардактуу директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- УХБнын максатын жана милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү;
- улуттук жана дүйнөлүк илимий-билим берүү коомчулуктарында УХБнын аброюн чыңдоого;
- кеңешүүчү добуш берүү укугу менен УХБнын илимий кеңешинин жыйындарына катышат;
- УХБ кызматкерлерине дарылоо-диагностикалык, илимий, методикалык жана башка консультацияларды берүү.
7. УХБнын илимий кеңеши
29. УХБнын илимий кеңеши сунуштама берүүчү коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет.
30. УХБнын илимий кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, УХБнын директорунун көрсөтүүсү боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
УХБнын илимий кеңешинин курамына УХБда иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
31. Эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экиси катышса, УХБнын илимий кеңеши чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде УХБнын илимий кеңешинин чечимин жактап илимий кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
32. УХБнын директору илимий кеңештин төрагасы болуп эсептелет.
8. УХБ каржылоо булактары
33. УХБ каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттин бюджеттик каражаттарынан:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан;
- тең төлөөдөн түшкөн каражаттардан;
- атайын каражаттардан;
- эл аралык уюмдардын гранттарынан;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн жана салымдарынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
34. УХБнын илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- УХБда жүргүзүлгөн фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары негизги каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар тутуму боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
35. Илим-изилдөө иштери боюнча гранттык негизде алынган финансылык каражаттарды УХБнын директору тескейт.
36. Мамлекеттер аралык жана тармактар ортосундагы илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону келишимдик негизде кызыкдар тараптар жүргүзүшү мүмкүн.
37. УХБнын ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
9. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
38. УХБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт, анын толуктугу жана тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
39. УХБнын финансылык-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10. Ишти токтотуу жана кайра уюштуруу
40. УХБнын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлганда токтотулушу мүмкүн.
УХБ кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
41. УХБнын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.