Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № 280
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711, 2024-жылдын 16-февралындагы № 60, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154, 2024-жылдын 6-июнундагы № 295, 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Саламаттык сактоо системасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруучулук ишти тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставында:
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Борбордун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставында:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- илимий кадрларды даярдоону (изденүүчүлүк, аспирантура, докторантура), анын ичинде коммерциялык негизде жүзөгө ашырат;
- медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына катышат.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы N 711 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы N 711 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |