Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 126
«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230 а бер.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. -статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Чек аралар аралык-транзиттик туташтыруу (өткөрүү) – бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен экинчи мамлекеттин электр байлныш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу каалагандай туташуусу.».
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-статья менен толукталсын:
«34-1-статья. Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймагында байланыш линияларын куруу жана эксплуатациялоо
Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү менен байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди өткөрүү жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруу, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|