Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 30 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 129
Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |