Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-январы № 30
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 54 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына көчмө текшерүү жүргүзүү укугуна жазма буйрук (FORM AUDIT STI-002);";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына көчмө текшерүү жүргүзүү укугуна жазма буйруктун (FORM AUDIT STI-002) формасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Тиркелген файлды караңыз.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 129 "Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
Тиркеме