Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 30 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- мартындагы № 129 токтомуна тиркеме |
Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө
Жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө менен байланышкан эсептерин, акчалай жана бухгалтердик документтерин, кирешелери жөнүндө декларацияларын жана башка документтерин текшерүү тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо темөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
төлөөчүлөр - ишкердик субъекттер болуп саналбаган юридикалык жактар;
пландуу текшерүү - текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитилген планына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү;
пландан тышкаркы текшерүү - текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитилген планынан тышкаркы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү;
контролдук текшерүү - мурунку текшерүүдө белгиленген бузуулардын төлөөчү тарабынан четтетилишин текшерүү;
кайра текшерүү - текшерүүнүн жыйынтыктары менен төлөөчүнүн макул эместигинин негизинде жана жүргүзүлгөн пландуу же пландан тышкаркы текшерүүнүн актыда чагылдырылбаган же түшүнүксүз чагылдырылган учурларын тактоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүү.
инспектордук текшерүүлөрдүн китеби - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төлөөчүлөргө жүргүзүлгөн текшерүүлөр катталуучу белгиленген формадагы китеп.
2. Текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
3. Пландуу, пландан тышкаркы текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, ал жок учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамы кол койгон милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн (төлөмдөрдү) текшерүү, анын меөнөтү жана текшерүүчүлөрдү дайындоо жөнүндө жазма буйруктун (1-тиркеме) негизинде жүргүзүлөт.
4. Пландуу текшерүүлөр мурунку текшерүү бүткөн айдан тартып 12 календардык айдан кем эмес мөөнөт бүткөндөн кийин жылына бир жолудан көп эмес; текшерүүлөрдүн бекитилген планы боюнча жүргүзүлөт жана төлөөчүнүн мурунку текшерүү бүткөн күндөн кийинки иш мезгилин камтыйт.
5. Пландуу текшерүү жүргүзүлөөрү жөнүндө текшерүү башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен кат жүзүндө төлөөчүлөргө эскертилиши керек.
6. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын төлөөчү тарабынан бузулган фактылары тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алган маалыматтары;
3) арыз ээсинин укуктары жана кызыкчылыктары төлөөчү тарабынан бузулгандыгы тууралуу документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен жеке жактын жазуу жүзүндөгү арызы.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган адамдын аты-жөнүн жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.
8. Контролдук текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мурда жүргүзүлгөн пландуу, пландан тышкаркы текшерүүдө жана кайра текшерүүдө белгиленген бузуулардын четтетилгендигин аныктоо үчүн жүргүзүлөт жана бул маселенин чегинен чыкпоого тийиш. Контролдук текшерүүлөр төлөөчүгө белгиленген бузууларды четтетүү үчүн берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Кайра текшерүү төлөөчүнүн пландуу же пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгына даттануусунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Кайра текшерүү жүргүзүүдө пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө жол берилбейт. Кайра текшерүү даттанылган мурдагы текшерүүнүн жыйынтыгына гана жүргүзүлөт.
10. Текшерүүлөр 15 (он беш) жумуш күндөн ашык созулбашы керек, ал эми пландан тышкаркы текшерүүнүн узактыгы 3 (үч) жумуш күндөн ашпашы керек.
11. Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган пландуу текшерүүнүн узактыгын 10 (он) жумуш күндөн көп эмес мөөнөткө, ал эми пландан тышкаркы текшерүүнү 2 (эки) жумуш күнгө бир жолу гана узартышы мүмкүн.
12. Текшерүү жүргүзүү мөөнөтүнүн өтүшү, ошондой эле текшерүүнүн өзү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) төлөөчүгө мамлекеттик контролдоочу органдын документтерди берүү жөнүндө талабы берилген күндөн тартып, төлөөчү тарабынан алар берилген күндү кошкондо текшерүү жүргүзүлгөн учурда суралган документтер берилген күнгө чейин;
2) төлөөчүнүн администрациясы же башкы бухгалтери жоктугунун себебинен, бирок 15 жумуш күндөн көп эмес мөөнөткө;
3) күч жеткис жагдайлар келип чыккан учурларда.
13. Түздөн-түз текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын төлөөчүнүн аймагына же жайына кирүүсү кызматтык күбөлүгүн жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө жазма буйрукту көрсөткөн учурда ишке ашырылат.
14. Пландуу, пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алдында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы Инспектордук текшерүүлөр китебине текшерүү жүргүзүүнүн башталгандыгы тууралуу жазуусу зарыл.
15. Текшерүү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик жана усулдук документтерге ылайык баштапкы бухгалтердик документтер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү эсептеле турган эмгек акы төлөөнүн түрлөрүн аныктайт;
2) иш жүзүндө камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген эмгек акы төлөөнүн түрлөрүн алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептеле турган эмгек акы төлөөнүн түрлөрү менен салыштырууну жүзөгө ашырат;
3) эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында чегерилишин аныктайт;
4) камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрүн аныктайт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы аныкталган учурда финансылык санкцияларды (туумдарды) колдонот.
16. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген эмгек акы төлөөнүн түрлөрүн аныктоодо эмгек акы телөө боюнча кассалык жана банктык документтер (маалымкат-карточкалар, өздүк эсептер, жумушчулар жана кызматчылар менен эсептешүүлөр боюнча китеп, эсептешүү-төлөмү жана төлөм ведомосттору, эмгек акынын бардык түрлөрүн чегерүү боюнча жыйынды ведомосттор, ага ылайык материалдык жардам жана сыйлыктар төлөнүүчү буйруктар жана тескемелер, жарандык-укуктук мүнөздөгү, подряддык, тапшырык, автордук, лицензиялык келишимдер, журналдар- ордерлер, башкы китеп) колдонулат.
17. Текшерүү үчүн зарыл болгон документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына анын талабы боюнча төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы же төлөөчүнүн башка өкүлү тарабынан берилет.
18. Документтер белгиленген түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө берилиши мүмкүн.
19. Төлөөчүнүн же башка милдеттүү адамдын текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн баш тартуусу же алардын белгиленген мөөнөттө бербегендиги укук бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
20. Текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди чечүүдө камсыздандыруу фонддоруна камсыздандыруу төгүмдөрү чегериле турган төлөмдөрдүн бул же тигил түрлөрүн эмгек акы телөөгө киргизүү жөнүндө төмөнкүлөр пайдаланылышы мүмкүн:
- камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жана жөдөк пулдарды эсептөө үчүн эсепке алынбаган эмгек акы төлөөнүн түрлөрүнүн тизмеги;
- төлөөчү тарабынан башка мамлекеттик органдарга берилүүчү эмгек акы төлөөнүн түрлөрү жөнүндө отчёттук маалыматтар.
21. Баштапкы бухгалтердик документгерди текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө төлөөчү тарабынан эсепке алынбаган эмгек акы төлөөнүн суммасы эмгек акы төлөөнүн жашырылган (төмөндөтүлгөн) суммасы болуп саналат жана ай сайын эсептелет.
22. Эгерде төлөөчү текшерүү жүргүзүлгөнгө чейин эмгек акы төлөөнүн мурда эске алынбаган суммасын өз алдынча аныктап (бухгалтердик документтерде оңдолгон жазуулар болсо), камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бул суммасын эсептеп жана төлөсө финансылык санкциялар колдонулбайт. Мында текшерүү жүргүзүү мезгилине карата бухгалтердик документтерде мурда эске алынбаган эмгек акы төлөө суммасына ондолгон жазуулар эсепке киргизилбейт.
23. Эгерде төлөөчү убакыттын бир эле мезгили үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнө чегерилбей турган (мисалы, кайрымдуулук максатында пенсионерлерге, майыптарга, аз камсыз болгондорго материалдык жардам) камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерген жана бир эле мезгилде камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдө эске алына турган төлөмдөргө (мисалы, бир жыл үчүн иштин жыйынтыгы боюнча сый акылар) камсыздандыруу төгүмдөрүн чегербеген учурда, аталган суммаларды өз ара эсептешүүгө жол берилбейт.
24. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган ашыкча которулган, анын ичинде ката эсептелинген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы келечектеги төлөмдөрдүн эсебине же төлөөчүнүн арызы боюнча үчүнчү жактардын пайдасына төгүлгөн төлөмдөрдүн эсебине киргизилет.
25. Төлөөчү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында төлөнүшү төлөм жана банктык документтер боюнча аныкталат.
26. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан төлөөчүнүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн эсепке алынуучу пайданы (кирешелерди) алууда пайдаланылуучу өндүрүштүк, кампа, соода жана башка жайларын кароо ишке ашырылышы мүмкүн.
27. Кароо учурунда текшерүү жүргүзүлүп жаткан төлөөчүнүн кызмат адамы же анын өкүлү, ошондой эле башка адистер катышууга укуктуу.
28. Кароонун жүрүшүндө зарыл болгон учурда фото жана кино тартуу, видео жаздыруу, документтердин көчүрмөлөрүн алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
29. Текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын төлөөчүнүн аймагына же жайына (турак жайлардан тышкары) киришине тоскоолдук кылынганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик жөнүндө протокол түзүлөт.
3. Текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөө
30. Текшерүүнүн жыйынтыктары формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү актыда чагылдырылат (мындан ары - акт).
31. Акт бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлөт:
акттын бир нускасы - төлөөчүгө тапшырылат (тиркемелердин көчүрмөлөрү менен);
экинчиси - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамында калат.
32. Актыда төмөнкү маалымат көрсөтүлөт:
1) текшерүү жүргүзүлгөн жер жана акты түзүлгөн күн;
2) мамлекеттик контролдоочу органдын аталышы;
3) текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү жана кызматтык ырастамасынын номери;
4) төлөөчүнүн толук аталышы;
5) төлөөчүнүн жетекчисинин жана текшерүүгө катышкан башка кызмат адамдарынын аты-жөндөрү;
6) текшерилген мезгил;
7) текшерүүнүн жыйынтыктары;
8) төлөөчүнүн документтерине, мыйзамдардын ченемдерине жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларга негизделген конкреттүү фактыларды көрсөткөн четтөөлер аныкталган учурлар;
9) бузуулар аныкталган учурлар: техникалык каталар, мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын туура эмес чечмелениши же колдонулушу, төлөөчүнүн айрым ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматынын жоктугу, атайлап бузуу же башка себептер;
10) тыянактар:
- бузуулар аныкталганда: бузууларды четтетүү боюнча сунуштар;
- бузуулар аныкталбаган учурда: бул туурасында тийиштүү жазуулар.
33. Актыга текшерүүнүн жыйынтыгына карабастан жетекчи же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.
34. Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда төлөөчүнүн жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү каршы пикирлер тууралуу жазууга милдеттүү.
35. Бул каршы пикирлердин жүйөсүн түшүндүргөн кат жүзүндөгү түшүндүрмө жана документтер төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан актыны алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилиши мүмкүн.
36. Төлөөчү каршы пикирлердин негиздүүлүгүн жана текшерүү актысына кол койбоонун жүйөсүн ырастаган документтерди (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) түшүндүрмөгө (каршы пикирге) тиркегенге же макулдашылган мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө укуктуу.
37. Төлөөчүнүн жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү актыга кол коюудан баш тарткан учурда актыга тийиштүү жазуу жазылат.
38. Актыга текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган эсептелген кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, айыптардын, мөөнөтүнөн кечиктирилген карыз үчүн туумдардын эсеби тиркелет.
39. Акты төмөнкү учурларда тийиштүү түрдө тапшырылды деп эсептелет:
1) эгерде ал төлөөчүнүн кызмат адамынын өзүнө кол койдуруу менен тапшырылса;
2) эгерде тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү менен почта аркылуу жиберилсе.
40. Текшерүү бүткөндөн кийин 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттө тийиштүү документтер тиркелген акты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан каралат, ал төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) төлөөчүнү жана анын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
2) төлөөчүнү жана анын кызмат адамдарын укук бузуунун курамы жоктугуна байланыштуу жоопкерчиликке тартуудан баш тартуу жөнүндө;
3) текшерүүнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн укук коргоо органдарына жиберүү жөнүндө.
41. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынгандан кийин төлөөчүгө төмөнкүлөр менен байланышкан бузууларды четтетүү жөнүндө кабарландыруу токтоосуз жиберилет:
1) эмгек акы төлөөнүн (кирешенин) суммасынын төмөндөтүлүшү (жашырылышы);
2) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда жекелештирилген (жеке) эсепке алуу үчүн зарыл болгон толук эмес жана (же) туура эмес маалыматтардын берилиши.
42. Кабарландыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча эки нускада тузүлөт, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлуп жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
43. Төлөөчү кабарландырууда көрсөтүлгөн бузууларды 30 календардык күндүн ичинде четтетүүгө милдеттүү.
44. Текшерүү актысында баяндалган фактылар, тыянактар, сунуштар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарландыруусунда баяндалган талаптар менен макул брлгон учурда төлөөчү чечимди ыктыярдуу түрдө аткарууга жана текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды 30 календардык күндүн ичинде өз убагында четтетүүгө милдеттүү.
45. Ушул Жобонун 45-пунктунда каралган мөөнөт бүткөндө контролдук текшерүү жүргүзүлөт.
46. Эгерде контролдук текшерүү жүргүзүүдө кабарландырууда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилбегени аныкталса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык санкциялардын тийиштүү суммаларын эсептөө жөнүндө акт түзүлөт.
47. Төлөөчү же анын кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзөт.
48. Төлөөчүнү укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу чечимде төмөнкүлөр баяндалат:
1) төлөөчү тарабынан жасалган укук бузуунун көрсөтүлгөн жагдайларын ырастаган документтер жана башка маалыматтар;
2) төлөөчү келтирген жүйө-далилдер жана ал жүйө-далилдерди текшерүүнүн жыйынтыктары;
3) төлөөчүнү конкреттүү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу чечим, мындай укук бузууларды жана колдонулуучу жоопкерчилик чараларын караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын көрсөтүү менен.
49. Төлөөчүнү жасаган укук бузуусу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чыгарылган чечимдин негизинде төлөөчүгө кошумча эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн, финансылык санкцияларды төлөө жөнүндө, аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу кабарландыруу тиешелүү түрдө жиберилет (тапшырылат).
50. Мамлекеттик контролдоочу органдын чечиминин көчүрмөсү жана кабарландыруу төлөөчүгө же анын өкүлүнө кол койдуруу менен жеке өзүнө тапшырылат же тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу менен почта боюнча жиберилет.
51. Укук бузуулар жана ага күнөөлүү төлөөчү-уюмдардын кызмат адамдарына жана төлөөчү-жеке адамдарга карата жазык санкцияларын колдонуу жөнүндө иштерди кароо жазык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызмат адамдарынын чечимдерине, иш-аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу укугу
52. Төлөөчүнүн текшерүү актысына даттануусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде каралышы керек.
Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) даттануу берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;
2) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин;
3) даттануу предметин;
4) даттанууну берген жактын талабын;
5) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;
6) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;
7) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Даттануу келип түшкөндө мамлекеттик органдын жетекчиси, ал жок болгон учурда - ыйгарым укуктуу адамы төмөнкүлөрдү кароого милдеттүү:
1) текшерүү актысын;
2) белгиленген укук бузууларды жана текшерүү жүргүзгөн адамдардын аныкталган тартип бузууларды четтетүү жана тийиштүү санкцияларды колдонуу боюнча сунуштарын;
3) төлөөчү тарабынан берилген документтердин жана материалдардын көчүрмөлөрүн.
54. Даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, ал жок болгон учурда – ыйгарым укуктуу адамы төмөнкүлөр жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат:
1) даттанууда көрсөтүлгөн жүйө-далилдер менен толук же жарым жартылай макул экендиги жөнүндө;
2) даттанууда көрсөтүлгөн жүйө-далилдер менен макул эместиги жөнүндө;
3) коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө.
55. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими жогору турган уюмга же соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
5. Алынган маалыматтардын жашыруундуулугу
56. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төлөөчү жөнүндө алынган бардык маалыматтар төмөнкүлөрдөн тышкары, жашыруун болуп саналат:
1) төлөөчү тарабынан өз алдынча же анын макулдугу менен ачыкка чыгарылган маалыматтар;
2) кызматкердин идентификациялык номери жөнүндө маалыматтар;
3) уюмдун уставдык фонду (уставдык капиталы) жөнүндө маалыматтар;
4) социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын бузулушу жана мындай бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар;
5) иштегендердин саны, курамы, эмгек шарттары жөнүндө жана болгон бош жумуш орундары жөнүндө маалыматтар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык, сот же укук коргоо органдарына берилүүчү маалыматтар.
57. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, алардын кызмат адамдары тарабынан жашыруун деп саналган төлөөчү жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.
58. Төлөөчүгө чоң зыян келтирген жашыруун маалыматтардын ээсинин макулдугусуз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан мыйзамсыз ачыкка чыгарылышы же пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
6. Текшерүү жүргүзүүдө төлөөчүгө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
59. Текшерүү жүргүзүүдө төлөөчүгө (башка милдеттүү адамга) же анын ээлигинде, пайдалануусунда же башкаруусунда турган мүлккө мыйзамсыз зыян келтирүүгө жол берилбейт.
60. Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында төлөөчүгө (башка милдеттүү адамга) келтирилген зыян үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
61. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын мыйзамдуу иш-аракеттеринен төлөөчүгө (башка милдеттүү адамга) келтирилген зыяндын орду толтурулууга жатпайт.
| Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ
Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлергө текшерүү жүргүзүүгө жазма буйрук
Kaттoo №__________
20__-ж. «__»______________20__-ж. «__» ___________ чейин жарактуу
_____________________________________________________________
(Фонддун органынын аталышы)
_____________________________________________________тапшырат
(Ф.А.А., кызматы, ырастамасынын номери)
_____________________________________________________________
(Ф.А.А., кызматы, ырастамасынын номери)
Текшерүү жүргүзүү_____________________________________________
_____________________________________________________________
(текшерүүнүн түрү)
_____________________________________________________________
(текшерилүүчү төлөөчүнүн аталышы, дареги, ЖИН)
____________________________________________________максатында
(текшерүү предметинин маселелери)
______________________________________________________________
______________________________________________________негизинде
Текшерүү мөөнөтү 20__-ж. «___»_______20__-ж. «___»___________чейин
Текшерилүүчү мезгил 20__-ж. «___»________20__-ж. «___»_______чейин
Жетекчи__________________ ____________ ________________________
(кызматы) (колу) (аты-жөнү)
м.о. 20__-Ж. «___»_______
Текшерүү мөөнөтү 20__-ж.«___»______20__-ж. «___»______чейин узартылды
Текшерүүчүлөрдүн курамынын өзгөрүшү_____________________________
_______________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы, ырастамасынын номери)
Жетекчи____________________ ______________ ______________________
(кызматы) (колу) (аты-жөнү)
м.о. 20__-ж. «___»____________
арткы бети
ЖАЗМА БУЙРУККА МААЛЫМАТ
________________________________________________________________
(Фонддун органынын аталышы)
________________________________________________________________
(Ф.А.А., кызматы, ырастамасынын номери)
_________________________________________________________________
(Ф.А.А., кызматы, ырастамасынын номери)
_________________________________________________________________
(текшерилүүчү төлөөчүнүн аталышы, дареги, ЖИН)
________________________________________________текшерүү жүргүзүлдү.
(текшерүүнүн түру)
Текшерүү меөнөтү 20__-ж. «___»______20__-ж. «___»_______________ чейин
Текшерүүнүн жыйынтыгы:
_________________________________________________________________
(бузуулар табылган жок, бузуулар аныкталды -)
_________________________________________________________________
ченемдик укуктук актынын конкреттүү ченеми көрсөтүлсүн,
_________________________________________________________________
түзүлгөн актынын, протокоддун маалым-даректери көрсөтүлсүн)
______________________________________20__-ж. «___»_______________
(текшерүүчүнүн аты-жөнү, колу)
Текшерилип жаткан төлөөчүнүн кызмат адамы__________________________
_________________________________________________________________
(Ф.А.А., кызматы, телефону)
Жүргүзүлгөн текшерүү боюнча сын-пикирлер жана сунуштар:______________
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________
Иш жүзүндө текшерилген мөөнөт 20__-ж. «___»_______20__-ж. «___»_______
чейин
___________ ______________________________________ ________________
(колу) (аты-жөнү) (дата)
Эскертүү: бул документ текшерүү жүргүзүү фактысын ырастаган расмий документ катары текшерилип жаткан төлөөчүдө калат.