Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 138
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторуна мониторинг жүргүзүү керек болгон негизги финансылык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды сапаттуу жана өз убагында берүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24- октябрындагы № 666 «Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин" деген сөздөр жана цифра "отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кеч эмес" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндон тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |