ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 138 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666»Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция17.03.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 17-марты № 138

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторуна мониторинг жүргүзүү керек болгон негизги финансылык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды сапаттуу жана өз убагында берүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24- октябрындагы № 666 «Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин" деген сөздөр жана цифра "отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кеч эмес" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндон тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев