ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 163 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 «Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 19-марты № 163

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 "Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 "Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктундагы "кайтарып берилме негизде турак үйдүн сметалык наркынын элүү пайыз өлчөмүндө 2008-жылга" деген сөздөр жана цифралар "турак үйдүн сметалык наркынын жүз пайызы өлчөмүндө, анын ичинен турак үйдүн сметалык наркынын 75 пайызын кайтарып берүү негизинде 2008-2015-жылдарга" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев