Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-марты № 177
“2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
“2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-январындагы № 17 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2014-жылы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин курамы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык кызмат орундары боюнча түзүлөөрү белгиленсин.
3. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, мамлекеттик бийликтин башка органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- башкаруунун бүткүл деңгээли боюнча иштерди пландоону, анын ичинде ведомстволук бөлүнүштөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны” бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган башка ченемдик укуктук актыларда баяндалган иш-чараларды жана милдеттерди так аткарууга багытталган иштерди пландоону камсыз кылышсын;
- Иш-чаралардын планын жана аткарылуучу милдеттердин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен кабыл алынган башка иш-чараларды аткаруу боюнча уюштуруу комитеттерин түзүшсүн;
- эки айлык мөөнөттө башкаруунун бүткүл тутуму боюнча орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жана көрүнүштөрдү аныктап чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштерге жана кабыл алынган чечимдерге талдоо жүргүзүшсүн, аларды четтетүү жана жоюу боюнча өзүнчө иш-чаралардын пландарын бекитишсин;
- коллегиялардын жыйындарында жана аппараттык кеңешмелерде пландык иш-чаралардын аткарылышы боюнча маселелерди дайыма кароону иш жүргүзүүнүн практикасына киргизишсин;
- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөшсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жогоруда аталган иш-чаралардын пландарынын аткарылышы боюнча маалымат берип турушсун.
5. Уюштуруу комитети:
- жогоруда аталган иш-чаралардын пландарынын аткарылышы боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин маалыматын уксун;
- Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүнү камсыз кылсын.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана тиешелүү министрлик менен административдик ведомстволорду тейлөөчү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2014-жылы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
этностор аралык мамилелер, республиканын административдик-аймактык түзүлүш тутумун реформалоо; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишитери боюнча маселелерди координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жазуучуларынын улуттук чыгармачыл союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 токтомуна 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
№
| Милдеттер / Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлүүчү жыйынтыктар |
1. Мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдөө, мамлекеттин укуктук тутумун чыңдоо, мыйзамдуулукту, коррупцияга каршы аракеттенүүнү жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо | ||||
1 | Тиешелүү иш чөйрөлөрүндө колдонуудагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана төмөнкүлөргө багытталган милдеттерди натыйжалуу аткарууга тоскоолдук кылган, талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган өксүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды Юстиция министрлигине киргизүү: - бийликти дестабилдештирүүнүн жана бузуунун божомолдуу тобокелдиктерин камтыган, өлкөнүн биримдигине жана бүтүндүгүнө көмүскө коркунуч келтирген ченемдерди четтетүү; - коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюу; - мыйзамдуулукту сактоо; - мамлекеттүүлүктү бекемдөө; - мамлекеттик укуктук тутумун чыңдоо. | 2014-ж. апрель | Министрликтер жана ведомстволор, башка органдар (макулдашуу боюнча) | Сунуштар жана/же ченемдик укуктук актылардын долбоорлору |
2 | Мамлекеттик органдардын сунуштарын жалпылоо, Кыргыз Республикасынын конституциясына жана колдонуудагы мыйзамдарына талдоо жүргүзүү жана анын негизинде Иш-чаралар планынын 1-пунктунда баяндалган милдеттерди чечүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2014-ж. май | ЮМ | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору |
3 | Орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жана көрүнүштөрдү аныктап чыгуу боюнча ишке жана кабыл алынган чечимдерге талдоо жүргүзүү
| 2014-ж. апрель | Министрликтер жана ведомстволор, башка органдар (макулдашуу боюнча), облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Коррупциялык көрүнүштөрдүн деңгээлин төмөндөтүү |
4 | Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү | 2014-ж. март – апрель | ТИМ | Көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, кызматташуунун кыйла сапаттуу деңгээлине өтүү үчүн шарттарды түзүү |
5 | Окуу жайларында кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жарандык позицияны чыңдоо жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү темаларында сабактарды өткөрүү | Жылдын ичинде | ИИМ, БИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Эрезеге жетпегендердин жана жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу
|
6 | Коомдук тартипти камсыз кылуу жана өзүнчө рейддик иш-чараларды өткөрүү боюнча жарандык коомдун, ЖОЖдордун, АООЖдардын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана иш каналардын эмгек жамааттарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу | Жылдын ичинде | ИИМ | Укуктук тартипти, ошондой эле ички иштер органдарынын калк менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо |
7 | Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет кылуу, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, кылмышкерлерди издөө, ок атуучу куралды аныктоо жана алып коюу боюнча иш-чаралар комплексин жүзөгө ашыруу | Жылдын ичинде | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, МУКК, БКМК, ЖАМА, ЭККМК, МБК | Укуктук тартипти чыңдоо |
8 | “Кылмыштарды каттоонун электрондук китеби” жарандардын арыздарын каттоонун жана эсепке алуунун электрондук тутумун ишке киргизүү боюнча негизги иш-чараларды иштеп чыгуу | 2014-ж. 2-4-кварталдары | ИИМ | Кылмыштарга карата ыкчам аракет кылуу ишин жакшыртуу |
9 | Баңги заттарга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү | 2014-ж. 26-июнь
| БКМК
| Калктын арасында жашоонун сергек мүнөзүн үгүттөө |
2. Бүткүл вертикаль боюнча натыйжалуу мамлекеттик башкарууну калыптандыруу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын оптималдуу айкалышуусуна жана тең салмактуулугуна жетишүү | ||||
10 | “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны” бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү Программасын аткаруу боюнча ведомстволук Иш-чаралар пландарын кабыл алуу жана бекитүү | 2014-ж. март-апрель | Министрликтер жана ведомстволор, башка органдар (макулдашуу боюнча), облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Башкаруунун натыйжалуулугу, региондорду экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечүү |
11 | Мыйзам актыларынан аткаруучу бийлик тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, функциясын жана ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболорун алып салууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | Жылдын ичинде | ЮМ, министрликтер жана ведомстволор | Бийликтин аткаруу бутагынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу. “Бөгөт коюу жана каршы аракеттенүү” натыйжалуу тутумун түзүү |
12 | Мамлекеттик органдардын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу жол-жоболорун, эксперттик-аналитикалык катышуу механизмдерин өркүндөтүү | 2014-ж. май-июль | КРӨА | Кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуу, алардын санын кыскартуу |
13 | 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ишке киргизүүгө багытталган документтин долбоорун иштеп чыгуу | 2014-ж. апрель-май | ЭМ, ТКМ, ФМ, МУКК | Мамлекеттик башкарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу
|
14 | Критерийлердин жана көрсөткүчтөрдүн тең салмактуу топтомун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү жол-жобосун иштеп чыгуу | Жылдын ичинде | Этностор агенттиги, Спорт агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дайыма мониторинг жана мезгил сайын баалоо жүргүзүү жөнүндө токтомдун долбоорун киргизүү | Жылдын ичинде | Этностор агенттиги, Спорт агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
16 | “Мамлекеттик органдардын бөлүнүштөрүнүн ишине ички баалоо жүргүзүү боюнча методиканы бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоорун иштеп чыгуу | 2014-ж. декабрь | ЭМ | Мамлекеттик органдардын бөлүнүштөрүнүн ишине ички баалоо жүргүзүү боюнча методиканы бекитүү |
17 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын башкаруусунун аймактык түзүмдөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу | Жылдын ичинде | КРӨА | Башкаруунун аймактык түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу |
18 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын министрликтер, ведомстволор жана алардын аймактык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2014-ж. апрель-май | КРӨА | Региондук деңгээлде тапшырылган милдеттер үчүн кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу |
19 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу
| 2014-ж. апрель-май | КРӨА | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-дын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу |
20 | Администрациялык-аймактык реформа концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу
| 2014-ж. март-апрель | Этностор агенттиги | Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү |
21 | (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
22 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык өздүк ыйгарым укуктарын жана функцияларын алардын натыйжалуу аткарылышына жана ресурстук камсыздалышына инвентаризациялоо жүргүзүү
| 2014-ж. сентябрь | Этностор агенттиги, ФМ, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын бөлүштүрүү |
23 | Жергиликтүү өнүктүрүү программалары жана стратегиялары боюнча бирдиктүү типтүү методологияны иштеп чыгуу | Жылдын ичинде | ЭМ, Этностор агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү экономиканын өнүгүшүн камсыз кылуу
|
24 | Иши токтоп турган, анын ичинде өзүнчө алынган аймактардын экономикасындагы олуттуу салмакка ээ болгон ишканаларды толук каттоого алуу, алардын иштеринин учурдагы абалын талдоо жана аларды ишке киргизүү боюнча чараларды кабыл алуу. | Жылдын ичинде | ЭМ, ЭӨМ, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Аймактардын экономикалык потенциалынын өсүшү
|
25 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизсиз чыгымдарын кыскартуу механизмдерин иштеп чыгуу | Жылдын ичинде | ФМ, Этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү деңгээлде бюджеттик жана салыктык саясатты өркүндөтүү |
26 | Муниципалдык менчикке, анын ичинде айыл аймактын жана шаардын жергиликтүү жаратылыш ресурстарына инвентаризация жүргүзүүнү аяктоо
| Жылдын ичинде | Этностор агенттиги, АЧМ, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү жамааттардын ресурстарын башкаруунун шарттарын түзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу |
27 | Муниципалдык кыймылсыз мүлктүн ачык-айкын рыногун калыптандыруу үчүн аны менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматты МККнын веб-ресурстарына жарыялоо аркылуу шарттарды түзүү | 2014-ж. июль | МКК, Этностор агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү жамааттардын ресурстарын натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана шарттарды түзүү |
28 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кен казуучу кампанияларынын ортосунда өз ара мамиле түзүү бөлүгүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү | Жылдын ичинде | ЭМ, ФМ, МСК, Геология агенттиги, Этностор агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү жамааттардын ресурстарын натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана шарттарды түзүү |
29 | “Эң мыкты айыл өкмөтү” конкурсун өткөрүү | 2014-ж. 4-квартал | Этностор агенттиги, ЖӨБО | Айыл өкмөттөрүн жүйөлөштүрүү
|
30 | (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
31 | Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздоонун минималдуу кепилдиктери менен камсыз кылуу максатында тарифтик саясатты өзгөртүү боюнча жоболорду иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2014-ж. июнь
| Соцфонд (макулдашуу боюнча) | Колдонуудагы пенсиялык тутумунда кайра бөлүштүрүүчү жерлерин четтетүү максатында республиканын камсыздандырылган жарандарынын бардык категориялары үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарынын тарифтеринин коюмдарын теңдөө |
32 | Пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2014-ж. октябрь | Соцфонд (макулдашуу боюнча) | Пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн жогорулатуу |
33 | Камсыздандыруу принцибин күчөтүү максатында пенсияларды чектөө жана индексациялоо саясатын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2014-ж. декабрь
| Соцфонд (макулдашуу боюнча) | Пенсиялык камсыздандыруу тутумунун адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу |
34 | Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда социалдык камсыздандыруу жагында кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорун иштеп чыгуу | 2014-ж. ноябрь | Соцфонд (макулдашуу боюнча) | Пенсиялык социалдык камсыздандыруу жагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жарандарынын тең укуктуулугун камсыз кылуу |
3. Башкаруу тутумуна жаңы муундагы жогорку квалификациялуу кадрлардын келиши үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу | ||||
35 | “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу | 2014-ж. экинчи жарым жылдыгы | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат уюмдарынын негиздерин регламенттөө |
36 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын кодексинин долбоорун иштеп чыгуу | 2014-ж. апрель | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын ченемдерин регламенттөө |
37 | Башкаруу тутумуна жаңы муундагы жогорку квалификациялуу кадрлардын келиши үчүн шарттарды түзүүгө багытталган сунуштарды киргизүү | Жылдын ичинде | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Этностор агенттиги | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумунун кадрдык потенциалын чыңдоо |
38 | “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишине баалоо жүргүзүүнүн көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоорун иштеп чыгуу | Декабрь | ЭМ | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишине баалоо жүргүзүүнүн көрсөткүчтөрүн бекитүү |
39 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген жобого ылайык) | Квартал сайын, жыл сайын | Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу |
40 | Аттестациялоону өркүндөтүү, кызматка алуу, резервге каттоо, муниципалдык кызматкерлерди окутуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу | 2014-ж. апрель | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Этностор агенттиги, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Муниципалдык кызматкерлердин ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү |
41 | (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
42 | Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө ички кадрлар резервин түзүү | Жылдын ичинде | Министрликтер жана ведомстволор, Этностор агенттиги, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалын чыңдоо |
4. Региондор аралык, этностор аралык жана диний чөйрөлөрдөгү мамлекет үчүн бүлүндүрүүчү тенденцияларды жоюу, саясий экстремизмге жол бербөө | ||||
43 | Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жана башка элдердин маданий мурастарын сактоо жана калыбына келтирүү маселелери боюнча теле жана радио берүүлөр сериясын чыгаруу | Жылдын ичинде | ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР (макулдашуу боюнча), региондук телерадио-станциялар (макулдашуу боюнча) | Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жана башка элдердин маданий мурастары жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу |
44 | Этностук көп түрдүүлүктү башкаруу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо курстарын уюштуруу | 2014-ж. I-квартал | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | Элдин биримдигин чыңдоо |
45 | Этностук көп түрдүүлүк жагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишине баалоо жүргүзүү критерийлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2014-ж. I-квартал | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | Элдин биримдигин чыңдоо |
46 | Толеранттуулук жана элдин биримдиги идеясын үгүттөөчү семинарларды, тегерек столдорду, акцияларды жана фестивалдарды өткөрүү
| Жылдын ичинде | Этностор агенттиги, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖМА | Элдин биримдигин чыңдоо |
47 | Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган фестивалдарды жана конкурстарды республика боюнча өткөрүү
| Өзүнчө планга ылайык | ММТМ, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖМА | Элдин биримдигин чыңдоо |
48 | Мамлекеттүүлүктү бекемдөө боюнча диний уюмдардын жана конфессиялардын жетекчилери менен семинар-кеңешмелерди уюштуруу жана өткөрүү
| Жылдын ичинде | Дин иштери боюнча мамкомиссия (макулдашуу боюнча), КМДБ (макулдашуу боюнча), облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Диний экстремизмдин алдын алуу |
5. Мамлекетке, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимди арттыруу, мамлекеттүүлүктү бекемдөө процессине жарандык коомдун институттарын жана жарандарды активдүү тартуу жана алардын тилектештигин камсыз кылуу | ||||
49 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин чагылдыруучу мезгилдүү басылмаларды (газета, журнал, маалыматтык буклет, проспект, брошюра) уюштуруу жана чыгарылышын камсыз кылуу | Жылдын ичинде | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Этностор агенттиги | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ачык-айкындуулугун жогорулатуу |
50 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 2014-ж. II-квартал | КРӨА | Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу |
51 | Жергиликтүү жамааттын типтүү уставын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен талкуулоо, иштеп чыгуу жана бекитүү, кийин жергиликтүү жамааттарга сунуштоо менен | 2014-ж. июнь | Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында иштердин жыйынтыктары боюнча отчет берүүсүн өнүктүрүү |
52 | (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
53 | “Коомдук кабылдамалардын” жана “Ишеним телефондорунун” ишин активдештирүү | Жылдын ичинде | Министрликтер жана ведомстволор | Калк менен байланышты күчөтүү |
6. Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу | ||||
54 | “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жылдыруу | 2014-ж. биринчи жарым жылдыгы | ЭМ, КРӨнүн КРЖКдагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн негизги принциптерин белгилөө. Бул чөйрөдө кызмат көрсөтүүчүлөр менен пайдалануучулардын ортосунда укуктук
мамилелерди жөнгө салуу. |
55 | “Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн типтүү административдик регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу
| Жылдын ичинде | ЭМ | Бекитилген Типтүү административдик регламенттин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн процессинде аткарылуучу административдик башкаруучу жана башка иш-аракеттерди жөнгө салуу жана ылайыкташтыруу максатында Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилген кыйла көбүрөөк суроо-талап түшкөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлорун иштеп чыгуу |
56 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын иштеп чыгуу | Жылдын ичинде | ЭМ | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү |
57 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” № 85 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомдордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Жылдын ичинде | ЭМ | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн иштиктүү реестрин түзүү |
58 | Төмөнкүлөрдүн долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү: - базалык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо. | 2014-ж. апрель | Этностор агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана алардын пайдаланылышын жакшыртуу
|
59 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук билдирме берүүнү ишке киргизүү | Жылдын ичинде | ЭМ (жооптуу), министрликтер, ведомстволор | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну жөнөкөйлөтүү жана убактылуу чыгымдарды кыскартуу |
60 | Базалык реестрге кирүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү | Жылдын ичинде | Этностор агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана алардын пайдаланылышын жакшыртуу
|
61 | Жыл сайын отчет берүү менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө типтүү жобону (колдонмону) иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Жылдын ичинде | Этностор агенттиги, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана алардын пайдаланылышын жакшыртуу
|
62 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде алардын тизмеси жана стандарты боюнча маалыматты ЖМКга жана маалымдама такталарына жайгаштыруу | Жылдын ичинде | Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу |
63 | Электрондук формада акысыз негизде веб-сайт аркылуу салык төлөөчүлөр тарабынан жөнөкөйлөтүлгөн салыктык отчет берүүнү ишке киргизүү | 2014-ж. октябрь | МСК | Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу |
64 | Төлөм кабыл алуу терминалдары аркылуу акча каражаттарын которуу жолу менен накталай эмес түрдө бюджетке салыктык төлөмдөрдү төлөө тутумун колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү | 2014-ж. июль | МСК | Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу |
65 | Эмгек рыногу боюнча бирдиктүү маалымат тутумун түзүү | 2014-ж. IV-квартал | ЭМЖМ | Жумуш менен камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү боюнча жумуш менен камсыз кылуу кызматтарынын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу |
66 | Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук кызматтарын кеңейтүү. Консулдук конвенцияларды даярдап, кол коюу. Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүү | Жылдын ичинде | ТИМ | Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти жакшыртуу |
67 | «Электрондук консул» тутумун ишке киргизүү | Өзүнчө планга ылайык | ТИМ | Сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жарандардын кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ТИМдин ишинин ачык-айкындуулугун кеңейтүү, ТИМдин кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин жогорулатуу |
7. Мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун чыңдоо | ||||
68 | Мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чараларды уюштуруу | 2014-ж. август - сентябрь | Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу |
69 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды уюштуруу | Дайыма | Министрликтер жана ведомстволор, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз тилин билүүсү |
70 | Кыргыз тили боюнча региондук жана республикалык олимпиадаларды өткөрүү | Жылдын ичинде | БИМ, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу |
71 | Мамлекеттик тил саясатын эң мыкты чагылдыруу боюнча кабарчылардын арасында конкурс өткөрүү | Жылдын ичинде | ММТМ, Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу |
8. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө идеяларын үгүттөө, жарандык патриоттуулукка тарбиялоо, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу | ||||
72 | Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган көрсөтмө маалыматтык-үгүттөө материалдарын жайгаштыруу үчүн орундарды берүү жана тариздөө (билборд, баннер, керме, такта, лозунг) | 2014-ж. июль | Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖМА, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөтү | Калктын патриоттук сезимин чыңдоо
|
73 | Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган илимий практикалык конференция өткөрүү
| 2014-ж. август | УИА (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттүүлүк-түн калыптануу тарыхын, эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилден тартып өлкөнүн жетишкендиктерин үгүттөө |
74 | Чет өлкөдө кыргыз диаспорасынын арасында ишти активдештирүү жана иш-чараларды өткөрүү | Жылдын ичинде | ТИМ | “Бир өлкө – бир эл” идеясын таратуу, патриоттуулукту чыңдоо, улуттук өзгөчөлүктү, мамлекеттүүлүктү сактоо |
75 | КЭР жана РФтин архивдик жана тарыхый мекемелеринде тарыхый маалыматтарды чогултуу жана тутумдаштыруу | Жылдын ичинде | ТИМ | Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын изилдөө боюнча илимий планды түзүүгө көмөк көрсөтүү |
76 | Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы боюнча улуттук угууларды уюштуруу жана өткөрүү | 2014-ж. март-июнь | Соцмин | Кыргыз Республикасын-дагы балдардын абалы боюнча БУУга жылдык доклад даярдоо. Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй- бүлөлөрдүн жана балдардын маселелери боюнча жол картасын иштеп чыгуу. |
77 | “Күчтүү үй-бүлө – күчтүү мамлекет” конференциясын уюштуруу жана өткөрүү | 2014-ж. ноябрь | Соцмин | Үй-бүлөнү чыңдоо боюнча концепцияны иштеп чыгуу жана кабыл алуу. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө идеяларын үгүттөө, жарандык патриоттуулукка тарбиялоо, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу |
78 | Мамлекеттик символдорду үгүттөө боюнча жаштардын саясый акцияларын өткөрүү | Жылдын ичинде | ЭМЖМ | Жаштарды патриоттук жана руханий тарбиялоо |
79 | Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү актуалдуу проблемалар боюнча илимий-практикалык конференция өткөрүү | Жылдын ичинде | ЭМЖМ | Жарандык жана патриоттук тарбиянын деңгээлин жогорулатуу |
80 | Орто, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын окуучуларын патриоттукка тарбиялоо боюнча спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү (Зарница», элди дене-бой жактан тарбиялоонун нормативдик негиздери) | Жылдын ичинде | БИМ, ЭМЖМ, МО, Спорт агенттиги, МЧК, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Жаштарды патриоттукка тарбиялоо |
81 | Жогорку класстардын окуучуларынын арасында “2014-жыл – Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жылы” деген темадагы эссеге республикалык конкурс өткөрүү | Жылдын ичинде | БИМ | Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын мамлекетти чыңдоонун маанисин түшүнүүсүн тереңдетүү |
82 | Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган төмөнкүдөй темаларда конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү: - мыкты көркөм адабий чыгарма; - мыкты көркөм жана документтүү фильм; - мыкты театрдык оюн. | Жылдын ичинде | ММТМ
| Патриоттуктун деңгээлин жогорулатуу |
83 | Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, тармакты же өзүнчө аймактарды өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон адамдарга сый көрсөтүү | Жылдын ичинде | Министрликтер жана ведомстволор, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Тармакты же өзүнчө аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымды баалоо |
84 | Коллективдерде “Мыкты кызматкер” (аппараттын, департаменттин, мекеменин, уюмдун, ишкананын)” деген конкурстарды өткөрүү | Жылдын ичинде | Министрликтер жана ведомстволор, башка органдар (макулдашуу боюнча), облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Иштеген жылдарында мыкты натыйжаларга жетишкен кызматкерлерди моралдык жана материалдык колдоо |
85 | “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары” деген туристтик фестивалды уюштуруу жана өткөрүү
| 2014-ж. сентябрь
| ММТМ
| Кыргызстанды чет өлкөлөргө үгүттөө жана таанытуу
|
86 | Мамлекеттик символдор пайдаланылган өнөр жайлык жана азык-түлүк товарлардын жана эстелик буюмдардын көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү | Жылдын ичинде | Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, шаарлардын мэриялары | Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүрүмдөрүнүн өтүшүн арбытуу |
87 | Элдин социалдык аялуу катмарларына даректүү колдоо көрсөтүүчү кайрымдуулук акцияларды өткөрүү | 2014-ж. октябрь-ноябрь | Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА, ЖӨБО | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
88 | Жаш таланттардын илимдеги жана техникадагы жетишкендиктеринин “Жаштардын жетишкендиктери – Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымдары” деп аталган жармаңке-көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү
| Жылдын ичинде | БИМ, ЭМЖМ |
|
89 | Көркөм-патриоттук адабий жана музыкалык чыгармалардын, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча билим берүүчү программалардын электрондук сактагычтарга жазылган жазууларынын фондун түзүү
| 2014-ж. Ноябрь | ММТМ, БИМ | Маданий мурасты сактоо жана көбөйтүү
|
90 | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө арналган фильмдерди көрсөтүү | сентябрь - октябрь | ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР, региондук телестанциялар (макулдашуу боюнча) | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
91 | Почтада төлөөнүн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган мамлекеттик белгилерин басып чыгаруу
| Жылдын ичинде | «Кыргызмарка- сы» МИ | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
92 | «Биз-кыргызстандыкпыз» деп аталган патриоттук ырлардын конкурсун өткөрүү | октябрь
| ММТМ | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
93 | ЖОЖдордо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна, ар кайсы өлкөлөрдүн илимпоздорунун арасында байланыштарды чыңдоого, Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын изилдөөчү жаш адистерди даярдоого арналган илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү | Жылдын ичинде | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
94 | Шаарларда, облустук жана райондук борборлордо Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган парктарды жана бактарды түзүү | Жылдын ичинде | Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ЖМА | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
95 | РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү (илимий-практикалык конференция жана семинарлар, «Кыргызстан» мамлекеттик лотереясы) | Жылдын ичинде
| ММТМ | Эл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгү-нүн өнүгүүсү жөнүндө маалымдуулукту арттыруу |
96 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин (1994) бекитүүнүн 20 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү | Жылдын ичинде
| ММТМ | Эл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгү-нүн өнүгүүсү жөнүндө маалымдуулукту арттыруу |
97 | Кыргыздын классикалык чыгармаларынын клавирлерин жана партитураларын калыбына келтирүү | 2014-ж. декабрь
| ММТМ
| Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
98 | Райондук музейлердин фонддорун инвентаризациялоо
| Жылдын ичинде
| ММТМ | Кыргыз мамлекеттүүлүгүн үгүттөө жана жайылтуу |
99 | Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү | Жылдын ичинде | ММТМ, ТИМ | Кыргыз маданиятын үгүттөө жана жайылтуу
|
100 | Коомдук тартипти камсыздоого жана мыйзам бузуулардын алдын алууга кошкон салымдарынын жыйынтыгы боюнча жарандарды жана коомдук уюмдарды “Эң мыкты коомдук-профилактикалык борбор”, “Мыкты аксакалдар соту”, “Эң мыкты элдик ыктыярдуу кошуун”, “Милициянын эң мыкты жаш досу” деген номинациялар боюнча сыйлоо үчүн райондук, облустук жана республикалык комиссияларды уюштуруу | Жыл сайын | ИИМ | Жарандарды жана коомдук уюмдарды шыктандыруу |
Глоссарий:
КРПМБА – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы
КРӨА – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
Этностор агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
Башкы прокуратура – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
МУКК – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети
Кадр кызматы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы
МСК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
МЧК – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
ЭККМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат
БКМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат
ИИМ – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ЖМА – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары
ТИМ – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
УИА – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
Тил комиссиясы – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
ЖӨБО – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү