Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 8-майы № 220
"Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык
системасын түзүүнүн институционалдык негиздери
жөнүндө Рамкалык Макулдашууну ратификациялоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору
тууралуу
Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашуунун 15-статьясында каралган, анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Тышкы соода жана өнөр жай министри А.Ж.Сулайманкулов бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-статья
Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашуу ратификациялансын.
2-статья
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украина Республикасынын депозитарий болуп эсептелген Тышкы иштер министрлигине ратификация жөнүндө грамота жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти