Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 456 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин алдындагы
Медицина-техникалык борбор жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын өркүндөтүүдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги) көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор Саламаттык сактоо министрлигине түздөн-түз баш ийет.
Борбордун уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.
3. Борбор оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп эсептелет, белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда ачуу укугуна ээ болот.
4. Борбордун кыргыз жана орус тилдеринде аты жазылган мөөрү, штампы, бланктары ж.б. реквизиттери болот.
5. Борбордун толук расмий аталышы:
кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор";
орус тилинде: "Медико-технический центр при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
6. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 148.
II. Борбордун милдеттери жана функциялары
7. Борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын андан ары өнүктүрүүнү аныктоодо Саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүү;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча сапаттуу жана өз убагында кызматтарды көрсөтүүдө, медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алууда саламаттык сактоо уюмдарына колдоо көрсөтүү;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын кызматтарды сатып алуу системасын өркүндөтүү;
- саламаттык сактоо уюмдарында медициналык техниканын коопсуз жана туруктуу иштөөсү үчүн финансы каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
8. Борбордун негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча кызматтарды сатып алууну жүргүзүүдө уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүү;
- мониторинг жүргүзүү:
- саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык техниканын абалы жана алардын техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу кызматтарына муктаждыгы;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча кызматтарды сатып алуунун баасынын деңгээли;
- келишимдик милдеттенмеге ылайык мындай ишти жүргүзгөн юридикалык жактардын жумуштарды жана кызматтарды аткаруусунун өз убагындалыгына, толуктугуна жана сапаттуулугуна талдоо жүргүзүү;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча кызматтар чөйрөсүндөгү өз ара мамилелер маселелерин жөнгө салуучу стандарттарды жана башка ченемдик-техникалык документтерди ишке ашыруу;
- саламаттык сактоо уюмдарыңдагы медициналык техниканын эсебин алуу боюнча маалыматтык-аналитикалык маалымат базасын өркүндөтүү.
III. Укуктары жана милдеттери
9. Борбор бул Жобо менен аныкталган, жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо жагындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча ишти координациялоону Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге ишке ашырууга;
- өзүнө жүктөлгөн функцияларды түздөн-түз, ошондой эле келишимдик негизде тийиштүү адистерди тартуу аркылуу ишке ашырууга;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча кызматтарды сатып алууга тендер өткөрүүгө катышууга;
- саламаттык сактоо уюмдарынын ремонттук жумуштарын жана запастык бөлүктөрдү сатып алуусунун Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган минималдуу чектүү суммалары боюнча максатка ылайыктуулугу жөнүндө экспертиза жүргүзүүгө жана аткарылышы милдеттүү корутундуларды берүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча саламаттык сактоо уюмдары үчүн квоталарды жана каржылоо көлөмдөрүн белгилөө жагында сунуштарды, ошондой эле Борбордоштурулган сатып алынуучу медициналык техниканын тизмесин киргизүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине стандарттарды, техникалык шарттарды, нускамаларды, ошондой эле медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча кызматтар көрсөтүү жагындагы өз ара мамилелер маселелерин жөнгө салуучу зарыл ченемдик-техникалык башка документтерди белгиленген тартипте киргизүүгө;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактар тарабынан келишимдик шарттардын аткарылышына контролдук жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча кызматтарды сатып алууга тийиштүү арыздарды жана даттанууларды кароого;
- консультациялык, илимий-өндүрүштүк, илимий билим берүү, басма ишин жана башка ишти ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка укуктарга ээ.
10. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө;
- Борбордун кызматкерлерине коопсуз эмгек шартын түзүүнү камсыз кылууга;
- саламаттык сактоо уюмдарынын арызын өз убагында кароого;
- медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, анын ичинде медициналык техниканын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча кызматтарды сатып алууну жүргүзүүдө тендердик документтерге экспертиза жүргүзүүгө;
- тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга укук бузуулар фактылары жөнүндө маалымдоого жана айкындалган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизүүгө;
- Борбордун иши жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигине жыл сайын отчет берүүгө;
- салык органдарына өз убагында отчетторду берүүгө жана салыктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө.
IV. Борборду башкаруу
11. Борбордун ишине жалпы жетекчиликти Борбордун директору ишке ашырат.
Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Борбордун директору "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
12. Борбордун директору мекеменин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, келишимдерди түзөт, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укуктарынан пайдаланат, белгиленген тартипте мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, белгиленген тартипте мекеменин кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот.
Борбордун директору соттордо мекеменин кызыкчылыктарын билдирүү, башка уюмдар, мекемелер менен мамиле жасоо укугуна ээ болот.
Директор Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине анын иши боюнча жылдык отчет берет.
13. Борбордун түзүмү жана штаттык саны Борбордун директорунун сунушу боюнча саламаттык сактоо министри тарабынан бекитилет. Борбордун директору Борбордун кызматкерлерине сыйлык берүү тартибин аныктайт.
14. Борбордун кызматкерлеринин иш режими жана эс алуусу, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
15. Медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо маселелери боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлөт. Кеңештин жобосу жана курамы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырышат.
V. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук
16. Борбор өзүнүн ишин өз алдынча иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт. Борбордун келечектүү, жылдык жана учурдагы пландары Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет.
17. Борбор өз ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетторду жүргүзөт.
18. Борбор компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана кайра иштетүүнүн мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалангандыгы үчүн Борбордун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
VI. Борбордун мүлкү
20. Борбордун мүлкү оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
21. Борбордун мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы мекеменин өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык байлыктар түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги пайдаланылбаган же максаты боюнча эмес пайдаланылган мүлктү алып коюуга акылуу.
Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнө бекитилип берилген мүлктү ээликтен ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө акылуу.
Борбор өзүнө бекитилип берилген мүлктү жана смета боюнча ага бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен сатылып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө акысыз.
22. Борборду каржылоо булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- атайын фонддордон;
- донордук уюмдардын каражаттарынан, кредиттерден, субсидиялардан, гранттардан, гуманитардык жардамдардан жана займдардан;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынан;
- мамлекеттик заказдарды аткаруу үчүн келип түшкөн каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
23. Түшкөн кирешелерди, ошондой эле өзүнүн каражаттарына сатып алынган мүлктү Борбор өз алдынча башкарат жана тескейт.
VII. Борборду кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу
24. Борборду жоюу жана кайра өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт.
25. Борбордун иши токтотулганда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдалан