Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-июлу № 456
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык техникасын техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Медицина-техникалык борбор түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор (мындан ары - Борбор) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борборду юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |