Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 228 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо
илим-изилдөө институтунун
уставы
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту (мындан ары - ЖХОТИИ) жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди колдонуу, жогорку квалификациялуу медицина кадрларын тартуу менен жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында адистештирилген медицина-санитариялык жардам көрсөтүүчү жана дарылоо-алдын алуу жана илимий иш жүргүзүүчү үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. ЖХОТИИ мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат.
3. ЖХОТИИнин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ЖХОТИИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, саламаттык сактоонун илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жетекчиликке алат.
5. ЖХОТИИнин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга жатат.
6. ЖХОТИИ финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансылык-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана фирмалык бланктары бар.
7. ЖХОТИИ өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. ЖХОТИИ мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. ЖХОТИИ дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө ишин жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
10. ЖХОТИИнин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту”;
- расмий тилде – “Научно-исследовательский институт хирургии сердца и трансплантации органов при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики”;
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде – “ЖХОТИИ”;
- расмий тилде– “НИИХСТО”.
11. ЖХОТИИнин юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3/1.
2. ЖХОТИИнин максаттары жана милдеттери
12. ЖХОТИИнин ишинин максаттары болуп калкка сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставга ылайык ЖХОТИИнин профили боюнча илим-изилдөө ишин жүргүзүү саналат.
13. ЖХОТИИ милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкка жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу жардамдарды көрсөтүү;
- жүрөк-кан тамыр ооруларын алгачкы жана экинчи жолу алдын алуунун натыйжалуу тутумун түзүүдө жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө илимий-практикалык жардам көрсөтүү;
- ЖХОТИИнин профили боюнча алдын-алуунун, дарт аныктоонун, оорулууларды дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы, жогорку натыйжалуу, жогорку технологиялуу, анын ичинде дары-дармексиз методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- республикада жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдү координациялоо.
3. ЖХОТИИнин функциялары
14. ЖХОТИИ жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын калкынын терминалдык баскычтагы жүрөк-кан тамыр жана жашоо үчүн маанилүү органдардын ооруларына чалдыгуусун, каза болуусун жана майып болушун азайтууга багытталган саламаттык сактоо боюнча программаларды жүзөгө ашырат;
- жүрөк-кан тамыр тутумунун ооруларын аныктоонун инвазиялык эмес жана инвазиялык методдорун жүргүзөт, калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу хирургиялык жардам, ошондой эле кечиктирилгис кардиологиялык жардам көрсөтөт;
- жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- ЖХОТИИнин профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат;
- басма ишин жүзөгө ашырат;
- ЖХОТИИнин профили боюнча бюджеттик жана акы төлөнүүчү негизде адистерди окутууну, анын ичинде диплом алгандан кийинки окутууну жүргүзөт;
- кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды эң маанилүү илим-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
- оорулууларды окутуунун жаңы формаларын (жүрөктөрүндө жасалма клапандары бар оорулуулардын клубдары, коронардык оорулуулардын клубу, органдары трансплантацияланган оорулуулардын клубу ж. б.) иштеп чыгат жана ишке ашырат.
- республикада кардиохирургиялык жана трансплантологиялык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин илимий жана практикалык ишин координациялайт;
- бекитилген пландарга ылайык илимий изилдөөлөрдү аткаруунун жүрүшүнө контролдоону, ошондой эле кошо аткаруучу уюмдар тарабынан берилүүчү отчётторго баа берүүнү жана жалпылоону ишке ашырат;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурат жана өткөрөт.
4. ЖХОТИИнин укуктары жана милдеттери
15. ЖХОАИИ төмөнкүлөргө укуктуу:
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
- бириктирилген бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
- дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө жана инновациялык иштер боюнча багытты аныктоого;
- медициналык-санитардык жардам алууга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш жүргүзгөн башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оорунун баянынан көчүрмө бөлүк, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- башка саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү келишимдерди түзүүгө;
- ЖХОТИИнин тематикасы менен байланышкан айрым маселелерди чечүү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен) уюштурууга;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине ЖХОТИИнин филиалдарын түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууларды, өлкөлөрдүн жана региондордун ортосунда адистерди жиберишүүнү өнүктүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга;
- ЖХОТИИнин профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
- ЖХОТИИнин профили боюнча илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана түшкөн кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илим-изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, ЖХОТИИнин кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
- мамлекеттик, менчик жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- окумуштууларды жана дарыгерлерди, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү окумуштууларды жана дарыгерлерди ЖХОТИИнин профили боюнча дарт аныктоонун, патологияларды дарылоонун жана алдын алуунун жаңы технологияларына акы төлөнүүчү негизде окутууну, ошондой эле адистерди клиникалык ординатура, аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоону ишке ашырууга;
- ЖХОТИИнин профилине туура келген адистиктер боюнча медицина кызматкерлерин аттестациялоого катышууга;
- ЖХОТИИнин милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде:
а) чет өлкөлүк уюмдарды кошкондо, мамлекеттик, муниципалдык, менчик жана уюмдарга консультациялык жардамдарды көрсөтүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЖХОТИИ тарабынан иштелип чыккан технологияларды, программалык продуктуларды республикада жана чет өлкөлөрдө сатууга;
в) ЖХОТИИнин ишин камсыз кылуу жана саламаттык сактоо практикасына киргизүү үчүн чет өлкөлөрдөн алдыңкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга;
г) мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүү максатында дары-дармек каражаттарына жана приборлорго клиникалык сыноолорду келишимдик негизде жүргүзүүгө;
д) фармацевтикалык, медициналык жана башка продукцияларды чыгаруучу уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын көргөзмөлөрүн уюштурууга.
16. ЖХОТИИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ЖХОТИИнин профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медицина-санитариялык жардамды камсыз кылууга;
- экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- калкты сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөөгө жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
- келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
- бюджеттик каражаттардын жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
17. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ЖХОТИИ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. ЖХОТИИнин түзүмү
18. ЖХОТИИнин түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча ЖХОТИИнин окумуштуулар кеңешинин чечими менен ЖХОТИИнин директору тарабынан бекитилет.
6. ЖХОТИИнин ишин башкаруу
19. ЖХОТИИ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүнө турат.
20. ЖХОТИИнин медициналык иши Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү иши Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жөнгө салынат, координацияланат, ошондой эле контролго алынат.
21. ЖХОТИИнин ишин директор жетектейт.
22. ЖХОТИИнин директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
23. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси ЖХОТИИнин директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну ЖХОТИИнин директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
25. ЖХОТИИнин директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде ЖХОТИИни башкарат жана ЖХОТИИИнин максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышы, финансылык тартиптин сакталышы, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жүргүзүлүшү, ЖХОТИИнин ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышы, ЖХОТИИнин кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- ЖХОТИИнин айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- ЖХОТИИнин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
26. ЖХОТИИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
7. ЖХОТИИнин окумуштуулар кеңеши
27. ЖХОТИИнин окумуштуулар кеңеши сунуштама берүүчү, коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет.
28. ЖХОТИИнин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, ЖХОТИИнин директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу болот.
ЖХОТИИнин окумуштуулар кеңешинин курамына ЖХОТИИда иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
29. ЖХОТИИнин окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот. Окумуштуулар кеңешинин чечимин жактап, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, окумуштуулар кеңешинин чечимдери кабыл алынды деп эсептелет.
30. ЖХОТИИнин директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
8. ЖХОТИИнин каржылоо булактары
31. ЖХОТИИни каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- кошо төлөөдөн түшкөн каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
32. ЖХОТИИнин ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
9. ЖХОТИИнин ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
33. ЖХОТИИнин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
ЖХОТИИни кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
34. ЖХОТИИнин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.