Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 18-августу № 460
Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун
(областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык соттордун,
областтардын жана Бишкек, Ош шааларынын экономикалык иштер
боюнча сотторунун) судьясынын кызмат ордуна кандидаттардын
адистик боюнча Стажысына эсептелчү кызмат
орундарынын Тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 10-апрелиндеги № 252,
2006-жылдын 17-июлундагы № 516,
2008-жылдын 10-ноябрындагы № 616,
2011-жылдын 13-июнундагы № 305
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 4-статьясынын биринчи бөлүгүн ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун (областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык соттордун, областтардын жана Бишкек, Ош шаарлаынын экономикалык иштер боюнча сотторунун) судьясынын кызмат ордуна кандидаттардын адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат орундарынын тиркелген Тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-августундагы № 460 токтому менен бекитилген |
Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун
(областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык соттордун,
областтардын жана Бишкек, Ош шаарларынын экономикалык иштер
боюнча сотторунун) судьясынын кызмат ордуна кандидаттардын
адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат орундарынын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 10-апрелиндеги № 252,
2006-жылдын 17-июлундагы № 516,
2008-жылдын 10-ноябрындагы № 616,
2011-жылдын 13-июнундагы № 305
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын
мамлекеттик кызмат орундары (мамлекеттик кызмат
ордунун реестрине киргендер)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридика бөлүмүнүн, коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги атайын укуктуу өкүлдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн, коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги атайын укуктуу өкүлдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин юрист депутаттары;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын юридикалык подразделениесинин кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын консультанттары (юридикалык жогорку билим алган мезгилден тартып.);
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун (областтардын, шаарлардын, райондордун сотторунун, Кыргыз Республикасынын областтарынын жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча сотторунун) аппарат кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин кызматкерлери;
- юстиция системасынын кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы инспекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана алардын ведомствого таандык мекемелеринин юридикалык кызматтарынын кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссияларынын, фонддорунун юридикалык кызматтарынын кызматкерлери;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) Аппаратынын
жогорку юридикалык билими бар кызматкерлери.
II. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык
жактардын кызмат адамдары
жана жеке адамдар
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери;
- Кыргыз Республикасынын адвокаттары;
- Кыргыз Республикасынын нотариустары;
- жогорку окуу жайлардын укук маселеси менен иштеген профессордук-окутуучулук курамы, окумуштуу секретары.
Эскертүү: Жергиликтүү соттун судьясы жашы 65тен улуу эмес, жогорку юридикалык билими бар жана адистик боюнча стажы 5 жылдан кем эмес Кыргыз Республикасынын гражданы боло алат. Мында ээлөө үчүн жогорку юридикалык билим талап кылынган кызмат орундарында иштеген убакыт адистик боюнча иш стажысына эсептелет.