Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Бул Жобо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын мамлекеттик экологиялык экспертизасынын эксперттик комиссиясынын эксперттеринин колдонуусуна арналган.
3. Бул Нускамада төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
альтернативалар – сунушталган иш-аракеттин (долбоордун же программанын) негизги максатына жетүүнүн түрдүү варианттары;
мамлекеттик экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этиши мүмкүн болгон чечимдердин экологиялык опурталынын жана коркунучунун деңгээлин аныктоо максатында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу экологиялык экспертизанын түрү;
айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (мындан ары - АЧТТББ) боюнча документация – белгиленип жаткан иш-аракетке жүргүзүлгөн АЧТТББнын жыйынтыгынын негизинде даярдалган документтердин комплектиси;
коомчулук менен консультациялар – максимум туура маалымат алуу жана коомчулуктун пикирин эсепке алуу максатында белгиленип жаткан иш-аракет жөнүндө коомчулукту маалымдоо, анын артыкчылыктарын, айлана-чөйрөгө тийүүчү мүмкүн болгон таасиринин баардык жагдайларын аныктоо максатында АЧТТББнын алкагында жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
эң мыкты жеткиликтүү технология – илимдин жана техниканын акыркы жетишкендиктерине негизделген, айлана-чөйрөгө тийгизүүчү терс таасирлерди азайтууга багытталган жана экономикалык-социалдык факторлорду эсепке алуу менен практикада колдонуунун мөөнөтү белгиленген технология;
трансчегаралык таасир – тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондо турган, белгиленип жаткан иш-аракеттин натыйжасында келип чыгуучу, таасирдин физикалык булагы «Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын трансчегаралык контексте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө конвенциясына кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясынын алдындагы райондун чегинде жайгашкан, жалаң эле глобалдык мүнөздөгү эмес ар кандай таасирлер;
экологиялык коопсуздуктун талаптары - чарбалык же башка иштин процессинде болуучу тобокелчиликтен сактануу максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү талаптар, ошондой эле айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна зыянды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткарылышы милдеттүү талаптар жана жол-жоболор.
4. Экологиялык экспертизанын объекттери:
1) чарбалык жана башка иш-аракеттерди жөнгө салуучу ченемдик укук актылардын, ченемдик-техникалык, нускама-усулдук документтердин долбоорлору;
2) өндүрүүчү күчтөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун долбоорлорун иштеп чыгуунун алдындагы материалдар, анын ичинде:
- жаратылышты пайдалануу менен байланышкан инвестициялык, комплекстүү жана максаттуу социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана башка мамлекеттик программалардын долбоорлору;
- аймакты, анын ичинде эркин экономикалык зоналарды жана жаратылышты пайдалануунун өзгөчө режими бар аймактарды өнүктүрүүнүн башкы пландарынын долбоорлору;
- тармактарды өнүктүрүүнүн схемаларынын долбоорлору;
- жаратылышты коргоонун жана суу, токой, жер жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануунун мамлекеттик комплекстүү схемаларынын долбоорлору, анын ичинде аймактарды экологиялык реабилитациялоонун жана жерлерди рекультивациялоонун экологиялык долбоорлору;
3) объекттерди куруунун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн, техникалык жактан кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору, сметалык наркына, ведомствого тиешелүүлүгүнө, менчигинин түрүнө карабастан, аларды ишке ашыруу айлана-чөйрөгө таасир тийгизиши мүмкүн болгон башка долбоорлор;
4) жүзөгө ашыруу үчүн чектеш мамлекеттер менен жалпыга бирдей жаратылыш объекттерин (ресурстарын) пайдалануу зарыл болгон чарбалык иштин техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору;
5) жаратылышты пайдалануу менен байланышкан эл аралык келишимдердин, контракттардын жана макулдашуулардын долбоорлору;
6) жаңы техникага, технологияга, материалдарга, заттарга, сертификатталуучу товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде чет өлкөлөрдөн сатып алынуучуларга техникалык документация;
7) аймактардын участокторун, экологиялык кырсык зоналарын же өзгөчө экологиялык кырдаалдын зоналарын комплекстүү экологиялык изилдөөнүн ал аймактарга өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактын статусун берүүнү негиздөөчү материалдары, ошондой эле ал аймактарды реабилитациялоо программалары;
8) продукцияны жана жаратылыш ресурстарын ташып келүүнү, ташып кетүүнү кошо алганда, айлана-чөйрөгө таасир этүүгө жөндөмдүү болгон ишти жүргүзүүгө лицензияларды, уруксаттарды жана сертификаттарды берүүнү негиздөөчү материалдар;
9) айрым региондордун, жерлердин жана объекттердин экологиялык абалын мүнөздөөчү материалдар;
10) айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген ишканалардын менчигинин түрүн өзгөртүүгө тиешелүү келишимдер, контракттар, макулдашуулар;
11) чарбалык жана башка иштерге негиз болуучу документтердин башка түрлөрү.
5. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын объектилери мамлекеттик экологиялык экспертизадан төмөнкү учурларда кайрадан өтүшөт:
1) мамлекеттик экологиялык экспертизанын объектилери мурда өткөрүлгөн мамлекеттик экологиялык экспертизанын дооматтары боюнча толуктап иштелип чыкканда;
2) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алгандан кийин долбоорлук жана башка документтерге өзгөртүүлөр киргизилгенде;
3) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун мөөнөтү өткөндө;
4) соттун чечими бар болсо.
6. Мамлекеттик экологиялык экспертизага долбоордун демилгечиси жана/же иштеп чыгуучусу тапшырган материалдар долбоордун толук курамын чагылдырууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш, алар:
1) түшүндүрмө кат;
2) айлана-чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр таасир тийгизүүчү экспертизанын объектисинин жана пландалып жаткан өндүрүштүн технологиялык процесстеринин сыпаттамаларын чагылдырган долбоордун бөлүмдөрү. Архитектуралык-шаар куруу, пландаштыруу, болжолдоо мүнөзүндөгү долбоорлук материалдардын, экологиялык жана башка программалардын мазмунунда белгиленип жаткан иш жөнүндө аны өнүктүрүүнүн зарылдыгын жана максатка ылайыктуулугун, айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасирин негиздеген толук жана кеңири маалымат болууга тийиш;
3) АЧТТББны жүргүзүүнүн тийиштүү стадиясына туура келген өз алдынча документ түрүндө таризделген документтер;
4) тизмеси ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилген тиешелүү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөл органдарынын, алардын компетенциясынын чегинде, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларынын жана/же макулдашуу документтеринин көчүрмөлөрү;
5) эгерде жүргүзүлгөн болсо, коомдук экологиялык экспертизанын корутундуларынын көчүрмөлөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик экологиялык экспертизага берилген материалдарда белгиленген иштин мүнөзүнө жараша төмөнкү долбоордук чечимдер чагылдырылышы керек:
1) эң мыкты жеткиликтүү технологияларды жайылтуу;
2) жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана калыбына келтирип өндүрүү, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын комплекстүү кайра иштетүү жана утилдештирүү;
3) саркынды сууларды натыйжалуу тазалоону камсыздоо, аларды техникалык муктаждыктарга пайдалануу;
4) жер кыртышын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана калыбына келтирүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын объектилеринин статусун сактоо;
5) бузулган жерлерди рекультивациялоо;
6) элди жана айлана-чөйрөнү антропогендик физикалык зыяндуу таасирден, химиялык жана биологиялык факторлордон коргоону камсыздоо.
8. Жаңы техниканы, технологияларды, материалдарды жана заттарды түзүү жана колдонууга киргизүү боюнча документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) иштеп чыгууга карата техникалык тапшырманы;
2) иштелип чыгуучу продукцияга карата техникалык шарттардын долбоорун же стандарттын (стандарттын өзгөрүүсүнүн) долбоорун;
3) пайдалануу боюнча нускаманын долбоорун;
4) АЧТТББны камтуу менен алдын ала өткөрүлгөн сыноолор (изилдөөлөр) жөнүндө материалдарды (протоколдор, маалымдамалар, отчёттор);
5) саламаттык сактоо органдарынын уулуулук боюнча корутундусун;
6) жаңы техниканын, технологиянын, материалдардын жана заттардын колдонулуп жаткан ошол сыяктууларга карата салыштырмалуу мүнөздөмөсүн, технологиялык процесстин баяндамасын.
9. Объектти жайгаштыруу үчүн жер участогун тандоону негиздөөчү материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) объектти жайгаштыруу үчүн жер участогун тандоонун негиздемесин;
2) суралган жер участогунун карта-схемасын;
3) тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларынын жана/же макулдашуу документтеринин көчүрмөлөрүн;
4) объектти жайгаштыруу үчүн жер участогун тандоонун актысын;
5) объектти куруунун тандап алынган аянтчага байлаштырылган, АЧТТББ бөлүмүн камтыган техникалык-экономикалык негиздемесин.
10. Ченемдик техникалык документтердин долбоорлору боюнча документация төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) иштеп чыгууга карата тапшырмасын;
2) техникалык шарттардын долбоорун;
3) иштеп чыгуу (түзөтүү киргизүү) учурундагы колдонуудагы документти.
11. Калдыктарды абага чыгаруунун эң чоң ченемдеринин (КАЧЭЧ) жана калдыктарды агызып чыгаруулардын (КАЧ) эң чоң ченемдеринин, калдыктарды жайгаштыруунун ченемдеринин долбоорлору, экологиялык паспорттор аларды иштеп чыгуу боюнча нускоочу-методикалык документтерде аныкталган көлөмдө жана курамда берилет.
12. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары мамлекеттик экологиялык экспертизанын ар бир конкреттүү объектиси боюнча мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттик комиссияларын (мындан ары - эксперттик комиссия) түзүшөт.
13. Эксперттик комиссиянын курамына айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык органдын) экологиялык экспертиза боюнча түзүмдүк бөлүнүшүндөгү кызматкерлеринин ичинен эксперттер жана штаттан тышкаркы эксперттер, коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилет.
14. Эксперттик комиссиянын курамы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык органдын) буйругу менен бекитилет.
15. Опурталдуулуктун I категориясына кирген иштердин түрлөрүнүн долбоорлук документтерине, ЭЧЖБЧ жана ЭЧЖБАЧ нормативдеринин долбоорлоруна, калдыктарды жайгаштыруунун нормативдеринин долбоорлоруна, экологиялык паспортторго, жана ошондой эле кыйла зыяндуу трансчегаралык таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон объекттердин, пландардын, программалардын, концепциялардын, ченемдик укуктук актылардын, ченемдик-техникалык жана нускоочу-методикалык документтердин долбоорлоруна мамлекеттик экологиялык экспертиза айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
16. Опурталдуулуктун II жана III категориясына кирген иштердин түрлөрүнүн долбоорлук документтерине, ЭЧЖБЧ жана ЭЧЖБАЧ нормативдеринин, калдыктарды жайгаштыруунун нормативдеринин долбоорлоруна, экологиялык паспортторго мамлекеттик экологиялык экспертиза айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
17. Долбоорлук документти мамлекеттик экологиялык экспертизага жиберүү жөнүндө арыз (коштомо кат) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (аймактык органдарда) катталып, экологиялык экспертиза боюнча түзүмдүк бөлүнүшкө аткарууга берилет. Арыздын (коштомо каттын) формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде берилген.
18. Мамлекеттик экологиялык экспертиза процедурасы ырааттуу стадиялардан турат жана төмөнкүлөрдү камтыйт, алар:
1) долбоорлук документтерди мамлекеттик экологиялык экспертизага жиберүү жөнүндө арызды (коштомо катты) эксперттик бөлүнүштүн атайын каттоо журналында каттоо;
2) экспертизанын баштапкы стадиясы, анда берилген материалдардын комплекттүүлүгү текшерилет;
3) экспертизанын негизги стадиясын, анда экспертиза жүргүзүүнүн керектүү деңгээли аныкталат, материалдар аналитикалык талданат, белгиленип жаткан иштин экологиялык опурталынын даражасы, экспертизанын объектин ишке ашыруунун негиздемелеринин жетиштүүлүгү жана тууралыгы такталат;
4) экспертизанын жыйынтыктоочу стадиясын, анда айрым эксперттик баалоолор жана экологиялык экспертизанын натыйжалары жалпыланат, материалдарды макулдашуу же аларды четке кагуу жөнүндө жыйынтыктары менен эксперттик корутунду даярдалат.
19. Экспертизанын баштапкы стадиясында мамлекеттик экологиялык экспертизага берилген материалдардын комплекттүүлүгүн текшерүү ушул Жобонун 4-главасына ылайык жүргүзүлөт.
20. Экспертизанын баштапкы стадиясынын талаптарына ылайык келбеген документтер себеби негизделүү менен арыз ээсине кайта жиберилет.
21. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык формада таризделчү корутунду түзүлөт.
22. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу оң же терс болушу мүмкүн.
23. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу экспертизанын объектин ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү жана белгиленип жаткан иштин айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасирине жол берүүгө болоору жөнүндө негизделген тыянактарды камтыйт.
24. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын терс корутундусу тыянактын эки түрүн камтышы мүмкүн:
1) берилген документтерди корутундуда айтылган сунуштар жана дооматтар боюнча кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө;
2) белгиленип жаткан иште экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо камсыздалбагандыктын натыйжасында экспертизанын объектин ишке ашырууга болбостугу жөнүндө.
25. Корутундуга эксперттик комиссиянын төрагасы жана баардык мүчөлөрү кол коюшат жана аны айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык органдын) жетекчиси же анын орун басары бекитет.
26. Эксперттик комиссиянын мүчөсү корутундунун тыянактарына макул болбогон учурда, ушул Жобонун 4-тиркемесиндеги формага ылайык өзүнүн пикирин жазат, ал корутундуга тиркелет. Мында эксперт эксперттик комиссиянын корутундусуна «өзгөчө пикир» деген белги менен кол коёт.
27. Кайрадан кароого берилген документация боюнча корутундуну кыскартылган түрдө тариздөөгө жол берилет. Корутундуда долбоордун аталышы жана максаты көрсөтүлөт, андан кийин сын-пикирлер менен дооматтарга жооптор айтылат.
28. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору боюнча мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманын 1-тиркемесине ылайык түзүлөт.
29. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу берилген күндөн тартып 3 жыл бою юридикалык күчкө ээ болот.
30. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу арыз ээсине почта байланышы аркылуу жиберилет же өз колуна тапшырылат.
31. Мамлекеттик экологиялык экспертизага берилген материалдардын бир нускасы ал аяктагандан кийин экологиялык экспертиза боюнча түзүмдүк бөлүнүштө калат.
32. Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү экспертизанын объектисинин татаалдыгына жараша аныкталат, бирок ал үч айдан ашпоого тийиш. Кыйла зыяндуу трансчегаралык таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон объекттердин АЧТТББ боюнча документациясын кароодо, зарыл учурларда кызыкдар тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөттү негиздеп узартууга жол берилет.
33. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөтү баштапкы экспертизанын стадиясынан өткөн баардык зарыл документацияны тапшырган учурдан башталат, анын мөөнөтү эки аптадан ашпоого тийиш.
| Кыргыз Республикасында Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын компетенциясынын чегинде).
2. Саламаттык сактоо органдары (биологиялык, химиялык, радиациялык жана башка физикалык факторлордун калктын жана иштегендердин саламаттыгына мүмкүн болгон таасирин аныктоо, болжолдоо; ден соолук үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча айлана-чөйрөнүн абалын талдоо; айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк чөйрөнүн объектилеринин санитардык-эпидемиялык экспертизасы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлук жана техникалык документтердин экспертизасы).
3. Суу ресурстарын башкаруу боюнча органдар (суу объекттеринин жана сууну коргоо зоналарынын чегинде ар кандай иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда)*.
4. Жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча органдары*.
5. Жер казынасын пайдалануу боюнча органдар (минералдык-сырьёлук ресурстарды пайдалануучу же пайдалуу кендер болушу мүмкүн болгон жерлерде жайгашкан ишканалар үчүн, ошондой эле жер астындагы сууну пайдаланууда жана аларды булгашы мүмкүн болгон булактар болгон учурда).
6. Өнөр жайдагы иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн контролдоо жана кен иштериндеги көзөмөл боюнча органдар (опурталдуу өндүрүш объекттери үчүн).
7. Токой чарбасын башкаруу органдары (токой фондунун жерлеринде жайгашкан объекттер үчүн).
| Кыргыз Республикасында Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
20 __ жылдын “___” __________ № ____
| Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (аймактык органына) |
___________________________________________________________________________________________________
(долбоордун демилгечисинин/иштеп чыгуучусунун реквизиттери)
Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн
____________________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик экологиялык экспертизанын объектисинин аталышы)
жиберебиз.
Тиркеме:
1. Мамлекеттик экологиялык экспертизага берилип жаткан материалдардын толук тизмеси
Уюмдун жетекчиси: _______________ _______________________
(колу) (аты-жөнү)
| Кыргыз Республикасында Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
| Бекитемин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык органынын) жетекчиси (жетекчинин орун басары) ____________ _________________ (колу) (аты-жөнү) 20 __ жылдын «___» __________ |
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу*
1. Жалпы маалымат.
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (аймактык органынын) мамлекеттик экологиялык экспертизасынын кароосуна ________________________________________________________________
(долбоорлоо документтеринин аталышы)
төмөнкүдөй курамда берилди:
1) жалпы түшүндүрмө кат, том/китеп __________________________________________________________________;
2) негизги техникалык (технологиялык) чечимдер, том/китеп ______________________________________________;
3) АЧТТББ боюнча документация _____________________________________________________________________;
4) _______________________________________________________________________________________________
Долбоорлоо документтери 20____жылы иштелип чыккан, долбоордун демилгечиси __________________________________________
(толук аталышы)
________________
* Корутунду айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын (аймактык органдын) бланкында берилет.
Документтерге төмөнкүлөр тиркелди:
- объекттин өзгөчөлүгүнө ылайык макулдашылуучу мамлекеттик органдардын корутундуларынын көчүрмөлөрү;
- коомчулук менен өткөрүлгөн консультациялардын материалдарынын көчүрмөлөрү (пландалып жаткан иштин экологиялык жагдайларын коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча тыянактар жазылып таризделген протоколдор);
- ведомстволук (тармактык) экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү (болсо);
- долбоор кайрадан экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн учурда мурдагы кароолордун корутундуларынын көчүрмөлөрү;
- коомдук экологиялык экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү (эгерде ал жүргүзүлсө).
Мамлекеттик экологиялык экспертиза айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык органынын) буйругу менен түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлдү.
2. Жалпы бөлүгү.
Экспертизанын объектиси жайгаштырылчу райондун физикалык-географиялык шарттарынын кыскача баяндамасы, анын (объекттин) сыпаттамасы, ресурстарды керектөөсү, мүмкүн болгон альтернативалар, айлана-чөйрөгө тийиши мүмкүн болгон, анын ичинде кыйла зыяндуу трансчегаралык таасири, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча пландалып жаткан иш-чаралар жана алардын натыйжалуулугу, экологиялык мониторинг программасы боюнча сунуштар келтирилет.
3. Cын-пикирлер жана сунуштар.
Берилген материалдардын талдоосуна жана эксперттик баасына негизделет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- материалдардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келишине баа берүүнү;
- кабыл алынган чечимдерди негиздөө боюнча маалыматтын толуктугуна жана тууралыгына баа берүүнү;
- материалдарда жаратылышты пайдалануу боюнча чектөөлөрдүн эсепке алынышына (өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар, рекреациалык, сууну коргоочу, санитардык-коргоочу зоналар, тарыхтын жана маданияттын эстеликтери ж.б.) баа берүүнү;
- сунушталган технологиялык жана долбоорлук чечимдердин негиздүүлүгүн;
- айлана-чөйрөгө тийиши мүмкүн болгон таасирине жана сунушталып жаткан иш-чаралардын жетиштүүлүгүнө берилген баалардын негиздүүлүгүн камтыйт.
Бар болсо, өзгөчө пикир көрсөтүлөт.
4. Тыянактар.
Берилген документтер жөнүндө жалпы тыянактар төмөнкү аныктамалардын бирин камтууга тийиш:
1) «оң корутунду»;
2) «терс корутунду».
Мында документтерди тезирээк кайра иштеп чыгуу максатында долбоордун демилгечисине (иштеп чыгуучусуна) аны толуктап иштеп чыгуу боюнча конкреттүү сунуштар берилиши мүмкүн.
Эксперттик комиссиянын төрагасы: ____________ __________________
(колу) (аты-жөнү)
Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү: ___________ __________________
(колу) (аты-жөнү)
| Кыргыз Республикасында Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
___________________________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттик комиссиясынын мүчөсүнүн аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик экологиялык экспертизанын объектисинин аталышы)
_____________________________________________________________________________________________________ боюнча
(бөлүмдүн, маселенин, көйгөйдүн аталышы)
Пикир кыска жана так баяндалып, анда эксперт Эксперттик комиссиянын корутундусунун тыянактарына кандай себептер жана позициялар боюнча макул эместигин негиздейт.
Эксперттин өзгөчө пикиринде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
экспертиза жасалуучу бөлүм, маселе, көйгөй ж.б. боюнча материалдардын жана сунушталган техникалык чечимдердин жетиштүү иштелип чыгуусу (жетиштүү эместиги);
белгиленип жаткан иштин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экологиялык талаптарга туура келүүсү (келбөөсү);
мамлекеттик экологиялык экспертизанын объектин ишке ашыруу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги);
берилген материалдарды эксперттин жекече корутундусунда айтылган сын пикирлер жана сунуштар боюнча толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы.
__________________ _______________________
(колу, күнү) (эксперттин аты-жөнү)