Редакцияот 28.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-июну № 411

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Ачык-айкындыкты камсыз кылуу, ченемдик укуктук актыларда мүмкүн болгон эркин чечмелөөнү жоюу жана ишкердикке мамлекеттик жөнгө салуунун таасирин төмөндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 59 "Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобону жана Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жободо:

- 4-пунктта:

алтынчы абзацындагы "лабораторияларды аккредитациядан өткөрүүнү" деген сөздөр "аккредитацияланган лабораторияларда лабораториялык изилдөөлөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"булгоочу заттардын атмосферага чыгышын төмөндөтүүнү камсыздаган жардырууну башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүнү".

- 16-пункттагы "стандарттардын" деген сөз "Евразия экономикалык бирлигинин бекитилген техникалык регламенттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 24-пунктта:

бешинчи абзацындагы "инструменталдык же" деген сөздөр алып салынсын;

алтынчы абзацындагы "Инструменталдык" деген сөздөр "Инструменталдык-лабораториялык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун 4-пунктчасы "контролдоо жана көзөмөл органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "алардын компетенциясынын чегинде," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков