Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 251 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун
уставы
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 673, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору (мындан ары – Борбор) жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен кардиология, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатында адистештирилген медико-санитардык жардам көрсөтүүчү жана медицина жаатында дарылоо-алдын алуу ишин, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүчү үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 673 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, саламаттык сактоонун илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга жатат.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансылык-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана фирмалык бланктары бар.
7. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 673 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Борбор дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө ишин жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
10. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору»;
- расмий тилде - «Национальный центр кардиологии и терапии имени академика Мирсаида Миррахимова при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики»;
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде – «ССМ УКжТБ»;
- расмий тилде - «НЦКиТ при МЗ КР».
11. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3.
2. Борбордун максаттары жана милдеттери
12. Борбордун ишинин максаттары болуп калкка сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставка ылайык Борбордун профили боюнча илим-изилдөө жана өндүрүш ишин жүргүзүү саналат.
13. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкка кардиология, ички оорулар жана тоо медицинасы жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу жардамдарды көрсөтүү;
- кардиология, коронардык хирургия, тоо медицинасы жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү аныктоо жана жүргүзүү;
- жүрөк-кан тамыр ооруларын алгачкы жана экинчи жолу алдын алуунун натыйжалуу тутумун түзүүдө жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө илимий-практикалык жардам көрсөтүү;
- кардиологиялык, терапиялык, кардиохирургиялык профилдердеги оорулууларды, ошондой эле тоо шарттарынын таасиринен келип чыккан оорууларды алдын алуунун, аныктоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык, анын ичинде дары-дармексиз методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- республикада кардиология, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдү координациялоо;
- инновациялык технологияларды жаратуу жана илим сыйымдуу өндүрүштү колдоо.
3. Борбордун функциялары
14. Борбор жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын калкынын жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуусун, каза болуусун жана майып болушун азайтууга багытталган саламаттык сактоонун өнүктүрүү жана реформалоо программаларын тоо шарттарын эске алуу менен ишке ашыруу боюнча жооптуу уюм болуп саналат;
- жүрөк-кан тамыр тутумунун орууларын аныктоонун инвазивдүү эмес жана инвазивдүү методдорун жүргүзөт, калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу кардиологиялык жардам, ошондой эле кечиктирилгис кардиологиялык жардам көрсөтөт;
- кардиология, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт;
- басма ишин жүзөгө ашырат;
- калктын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
- кардиология, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий изилдөөлөрдүн аткарылышын жана координацияланышын камсыз кылат;
- бюджеттик жана акы төлөнүүчү негизде, адистиги боюнча иштөө укугуна тастыктамаларды берүү менен кардиология, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адистерди окутууну, анын ичинде дипломдон кийинки окутууну жүргүзөт;
- Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун материалдык базасын өркүндөтүү жана анын кадрларынын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды маанилүү илимий-изилдөө иштерди аткарууга тартат;
- оорулууларды окутуунун жаңы түрлөрүн (астма-клуб, коронардык оорулуулардын клубу, кан басымы жогорулардын клубу, ж.б.) иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- Борбордун максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
4. Борбордун укуктары жана милдеттери
15. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам алууга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш жүргүзгөн башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оорунун баянынан көчүрмө бөлүк, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- башка саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү келишимдерди түзүүгө;
- Борбордун тематикасы менен байланышкан айрым маселелерди чечүү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен) уюштурууга;
- бириктирилген бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга;
- Борбордун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
- дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө жана инновациялык иштердин багытын аныктоого;
- эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууларды, өлкөлөрдүн жана региондордун ортосунда адистерди жиберишүүнү өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана түшкөн кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
- мамлекеттик, менчик жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун филиалдарын, илим-изилдөө, консультативдик, дарылоо-дарт аныктоо бөлүнүштөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- жүрөк ооруларын, тоо шарттарына байланыштуу ооруларды жана ички органдардын ооруларын аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун жаңы технологиялары боюнча кызыкдар окумуштууларды жана дарыгерлерди, анын ичинен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окумуштууларын жана дарыгерлерин (чарбалык эсептин негизинде) окутууга, ошондой эле адистерди клиникалык ординатура, аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоого;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Борбордун милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишти жүргүзүүгө, анын ичинде:
а) чет өлкөлүк уюмдарды кошкондо, мамлекеттик, муниципалдык жана менчик уюмдарга консультациялык жардамдарды көрсөтүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбор тарабынан иштелип чыккан технологияларды, программалык продуктуларды республикада жана чет өлкөлөрдө сатууга;
в) Борбордун ишин камсыз кылуу жана саламаттык сактоо практикасына киргизүү үчүн алдыңкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн чет өлкөлөрдөн сатып алууга;
г) аларды саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүү максатында дары-дармек каражаттарына жана приборлорго клиникалык сыноолорду келишимдик негизде жүргүзүүгө;
д) фармацевтикалык, медициналык жана башка продукцияларды чыгаруучу уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын көргөзмөлөрүн уюштурууга.
16. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- калкка Борбордун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медицина-санитариялык жардамды көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- калкты сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөөгө жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
- келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
- бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медико-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаргандыгы үчүн эсептешүүлөр боюнча бирдиктүү төлөөчүнүн агенти болгон банкта учурдагы бирдиктүү эсепти пайдаланууга;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды ишке ашырууга.
17. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Борбордун түзүмү
18. Борбордун түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Борбордун директору тарабынан бекитилет.
6. Борбордун ишин башкаруу
19. Борбор Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат.
20. Борбордун медициналык иши Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү иши Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жөнгө салынат, координацияланат, ошондой эле контролго алынат.
21. Борбордун ишин директор жетектейт.
22. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын аны кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен эмгек келишимин түзөт. Эмгек келишимин түзүүдөн Борбордун директорунун баш тартуусу кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
Борбордун директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
23. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Борбордун директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышы, финансылык тартиптин сакталышы, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жүргүзүлүшү, Борбордун ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Борбордун кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Борбордун милдеттеринин, функцияларынын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
26. Борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
7. Борбордун окумуштуулар кеңеши
27. Борбордун окумуштуулар кеңеши сунуштама берүүчү коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет. Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, Борбордун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Борбордо иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
28. Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин чечими, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
29. Борбордун директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
8. Борбордун каржылоо булактары
30. Борборду каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- кошо төлөөдөн түшкөн каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
31. Борбордун илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- Борбор тарабынан жүргүзүлгөн фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар тутуму боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
32. Илим-изилдөө иштери, гранттар аркылуу алынган финансылык каражаттарды Борбордун директору тескейт.
33. Мамлекеттер аралык жана тармактар ортосундагы илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде кызыкдар тараптар жүргүзүшү мүмкүн.
34. Борбордун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
9. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
35. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
Борборду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 673 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Борбордун документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.