Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 31-декабры № 831
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы
Ала-Бука районунун Ызар айыл Кеңешин Жалал-Абад
областындагы Ала-Бука районунун Балтагулов
айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык жана Жалал-Абад областтык, Ала-Бука райондук сессияларынын Ызар айыл кеңешин Балтагулов айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндөгү чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ызар айыл кеңешин Балтагулов айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө Жалал-Абад областтык, Ала-Бука райондук жана Ызар айыл кеңештеринин сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Ызар айыл кеңешин Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Балтагулов айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Ызар айыл кеңешин Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Балтагулов айыл кеңешине өзгөртүлсүн.
2-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|