Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасы массалык дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, ошондой эле калк арасында дене тарбия-спорт ишине түрткү берүүнү калыптандыруунун негизинде дене тарбия-спорт тармагын рыноктук мамилелерге өткөрүүгө багытталган.
2. Дене тарбия-спорттук иш адамдын жалпы ишмердигинин бир бөлүгү болуп саналат жана анын коомдо натыйжалуу иштеши аны практика менен айкалыштырганда гана мүмкүн болот. Дене тарбия жана спорттун массалуулугу ар бир адамдын дене тарбия-спорт ишине жасаган мамилесине жараша болот, анын баалуулугу ал үчүн жеке инсандык жана турмушта социалдык багыттагы мааниге ээ болууга тийиш. Ушуга байланыштуу мамлекет дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыккан калкка экономикалык, моралдык, педагогикалык мүнөздө кубаттоону камсыз кылууга тийиш.
3. Азыркы учурда коом рынок экономикасынын мыйзамы менен жашап жатат, демек, дене тарбия-спорт иши да коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары рыноктук мамилелердин шартында иштөөгө тийиш. Дене тарбия-спорттук ишине болгон жогорку талап коомдо дене тарбия-спорттук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун зарыл деңгээлин жогорулатууга алып келет.
4. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча адамдын ден соолугунун 8-10%ы гана медицинанын өнүгүү деңгээлине жана 50-55%ы анын жашоо ыңгайына, негизинен анын дене боюнун активдүүлүгүнө байланыштуу болот.
5. Статистикалык маалыматтар боюнча өлкөбүздүн калкынын жалпы саны жыл сайын орточо 1-2%га өсөт, мында врачтын жардамына биринчи жолу кайрылган адамдардын саны 5-6 пайызга, ал эми майыптык боюнча кайрылгандардыкы - 4-5 пайызга өсүп жатат. Балдардын 30 пайызы ден соолугунун ар кандай бузуулары менен төрөлөт, ал эми 15-20 жыл мурда бул көрсөткүч 12 пайызды түзгөн. Мектеп жашындагы балдардын 67 пайызында омурткалары кыйшайган (сколиоз), 22 пайызы ашыкча салмакта. Жаштарда жүрөк-кан тамыр жана сөөк-морфологиялык оорулар менен ооругандардын саны көбөйдү. Калктын дене тарбиясынын абалы да терс статистикага ээ. Алсак, Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугу болгону 1,4 пайызга жетет, бул улуттун генефондунун коопсуздугунун чектик деңгээлинен төмөн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча бул көрсөткүч калктын репродукциялуу бөлүгүнүн 15 пайызынан кем болбоого тийиш. Аскерге чакыруу курагындагы жаштардын 92 пайызы дене тарбия боюнча ченемдик талаптарды аткара албайт. Калктын спорттук объекттер менен камсыз болушу орточо 15 пайызды түзөт, мында спорттук объекттер көп учурда пайдаланылбайт, бул дене тарбия-спорттук кызмат көрсөтүүлөргө калктын суроо-талабынын аздыгын далилдеп турат.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу боюнча шашылыш чараларды көрүү зарыл экендигин ырастап турат. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен дене тарбия жана спортту башкаруу принциптерин жана мамилелерин өзгөртүү жана аны рынок экономикасына багыттоо керек. Дене тарбия-спорттук ишти бюджетке көз каранды абалдан иштин бюджет түзүүчү чөйрөсүнө которуу зарыл.
7. Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүдө калктын дене тарбия-спорттук кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талабынын төмөндүгү негизги көйгөй бойдон калууда. Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасы спорттук объекттерди куруп коюу дене тарбия жана спорт менен машыгуу маселесин чечпестигин көрсөтүп турат. Ушуга байланыштуу коомдук турмушта ар кандай жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү аркылуу адамга сергек жашоого өбөлгө түзүү зарыл. Дене тарбия-спорттук кызмат көрсөтүүлөргө талаптын жогорулашы дене тарбия жана спорт тармагына бизнести, демек бюджеттен тышкаркы каражаттарды да тартат.
8. Дене тарбия жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органынын түзүмү анын карамагында турган аймактык бөлүмдөрү жана уюмдары менен бирге модернизациялоону талап кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дене тарбия жана спорт мекемелери жана уюмдары менен алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан өз ара байланышта иштешүүсүн күчөтүү маанилүү.
9. Дене тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлеринин квалификациясынын төмөндүгү да курч маселе бойдон калууда.
10. Программанын максаты - калктын дене тарбия-спорттук жигердүүлүгүн өнүктүрүүнү, дене тарбия жана спорттун массалуулугун Кыргыз Республикасынын калкынын 15 пайызына чейин жеткирүүнү көздөйт.
11. Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү зарыл:
- дене тарбия жана спортту башкаруу тутумун модернизациялоо;
- дене тарбия-спорттук ишти рынок экономикасына которууну камсыз кылуу;
- элге, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга өбөлгө түзүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- дене тарбия жана спорт тармагын кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу.
12. Программаны жүзөгө ашыруу 4 жылга эсептелген жана 3 этап менен жүргүзүлөт.
13. Иш-чаралардын 1-этабы (2014-2015-жылдар):
- колдонуудагы мыйзамдарды элге дене тарбия жана спорт менен такай машыгууга дем берүүгө багытталган пункттар менен толуктоо мүмкүнчүлүгү жагында инвентаризациялоо;
- мектеп окуучуларынын жана студент жаштардын дене тарбиясынын ченемдик негиздерин киргизүү;
- дене тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
- дене тарбия жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органын модернизациялоо.
14. Иш-чаранын 2-этабы (2015-2016-жылдар);
- элге дене тарбия жана спорт менен машыгууга дем берүү максатында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
- элдин баардык топторунун дене тарбиясынын ченемдик негиздерин иштеп чыгуу.
15. Иш-чаранын 3-этабы (2016-2017-жылдар):
- элдин дене боюнун даярдыгына мониторинг жүргүзүү жана бул программаны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү.
16. Программаны ресурстук жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарынын эсебинен жүргүзүлөт. Мында программаны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт жана бекитилген бюджеттин чегинде ишке ашырылат.
17. Программанын иш-чаралары дене тарбия жана спорт менен такай машыккан адамдардын санын көбөйтүүгө багытталган, бул калктын дене тарбия жана спортко сарптоолорунун көбөйүшүнө алып келет.
18. Дене тарбия жана спортко сарптоолордун көбөйүшү (элде бир адамга карата эсептегенде) жарандардын өз ден соолугуна, дене тарбия жана спортко болгон мамилесинин өзгөрүшүн далилдейт.
19. Программаны жүзөгө ашырууда негизги экономикалык натыйжа дене тарбиялык-спорттук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдөн жана сунуш кылуудан мамлекеттик бюджеттин кирешелери көбөйгөнүнөн, ар кандай себептерден улам убактылуу эмгекке жараксыздык күндөрүнүн орточо саны азайгандыктан мамлекеттин медициналык жардам көрсөтүү жана убактылуу эмгекке жараксыздык боюнча жөлөкпул төлөп берүүгө чыгымдарынын азайышынан, ошондой эле элде ооруп калуудан, майыптыктан жана өлүмгө учуроодон улам ички дүң өндүрүмдүн кем чыгарылышына байланыштуу экономикалык зыянды болтурбоодон көрүнөт.
20. Программаны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү ар бир жарым жылда дене тарбия жана спортту башкаруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын жыйналыштарында, жооптуу адамдардын белгиленген пландарды аткаруу боюнча отчетторун угуу жана орто аралык натыйжаларга баа берүү менен жүргүзүлөт.
Мониторингдин жыйынтыгынын негизинде тийиштүү чечимдер, анын ичинде Программаны коррекциялоо боюнча чечимдер кабыл алынат.